Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Алматыда шайлоочулардын 32 пайызы гана референдумга катышты

0
Алматыда шайлоочулардын 32 пайызы гана референдумга катышты

Казакстандын көпчүлүк аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктады. Кечки саат 20:00гө карата алдын ала маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 67,65 пайызы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуш берүү уланып жаткан Казакстандын батыш тарабындагы дагы беш региондон маалымат күтүп жатышканын айтты.

Добуш берүү аяктаган аймактардын ичинен референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 32,25 пайызы гана добуш берди. Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан облусунда (80,66%) жана Чыгыш Казакстан облусунда (77,49%) байкалды.

Бийлик бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

ATP представила новые правила парного тенниса






Источники: концессионера газификации Читы Неверова задержали, сняв с рейса в Дубай

Православные отмечают Пасху. В Россию доставили частицу Благодатного огня

Сойдет ли на Латвию Благодатный огонь?

Прихожане собирались у храма Христа Спасителя в ожидании пасхальной службы