Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Депутат Султанбекова педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

0
Депутат Султанбекова педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 8-июнда парламентте акыйкатчынын отчету каралып жаткан учурда өспүрүмдөрдү эрте турмушка берүү маселесин көтөрдү. Ал жакында эле Алматы шаарында жыйынга катышканын, ал жакта Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын укугу боюнча өкүлү Кыргызстанда акыркы кездери эрте турмушка чыгуу жана өспүрүм кыздарды ала качуу көбөйгөнүн айтканын белгиледи.

“Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти деп ойлойм. Мындан ары башка рычактар жок калды. Андыктан ушундай ыкмаларды колдонуу керек. Бул сизге маалымат катары, сиз да мындан ары педофилдерге карата кандай чара көрүү керектигин ойлонуңуз”, - деп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.

Азыр иштеп жаткан мыйзамдар боюнча өспүрүмдү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Жазанын эң оор түрү - өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу каралган. Өлүм жазасын киргизүү маал-маалы менен көтөрүлүп келет. (RUs)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го






Тульский "Арсенал" в Москве сыграется с "Родиной" 4 мая

Прихожане собирались у храма Христа Спасителя в ожидании пасхальной службы

Православные отмечают Пасху. В Россию доставили частицу Благодатного огня

Источники: концессионера газификации Читы Неверова задержали, сняв с рейса в Дубай