Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Түркия: Кызганычтан кыйылган өмүр

0
Түркия: Кызганычтан кыйылган өмүр

Түркияда жергиликтүү маалымат каржаттары кыргыз келиндин күйөөсү  аялын кызганып атып өлтүргөнүн мойнуна алганын кабарлады. Ал эми 2016-жылы Анталияда сабалган Малика Ноотиеванын ишин караган сот өткөн апта аяктап, айыпталуучу 13 жылга кесилди.

Түркиянын Гиресун аймагында токойдо табылган сөөк кыргызстандык К.Н. экенин, шейшембиде аялдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу эки киши кармалганын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлады.

Жол жээгинде жаткан аялдын сөөгүн көргөндөр жандармерияны чакырып, кылмыш иши козголгону айтылат. Коопсуздук камерлары текшерилип, анда 40 жаштагы келин акыркы жолу М.А. аттуу жарандын унаасына отурганы аныкталган.

"Демирөрен" кабар агенттигинин маалыматына караганда, кыргыз аялдын өлүмүнө шектүү деп кармалган М.А. аны менен диний никеде турганын, кызганычтан улам аялды мылтык менен өлтүргөнүн суракта мойнуна алган.

"Биз диний нике менен жашачубуз. Бул никеден бир балабыз бар. Аялым мени алдап кеткенин укканда жиним келди. Өлтүргөндөн кийин сөөктү Тиреболудан алып келдим. Жети чакырым жердеги Гөрелеге алып барып, жол жээгине ыргыттым", - деп шектүү суракта айткан .

Келинди өлтүрүүгө шек саналып дагы бир түрк жараны кармалганы жана ага "атайлап киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгону айтылат.

Маалыматты Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" ырастап, маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Маликанын иши: Айыпталуучу 13 жылга кесилди

2017-жылы кыргызстандык Малика Ноотиеванын окуясы Түркияда чоң резонанс жараткан. Анталия шаарында бала баккан Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган. Түрк жараны М.Й. кызга зомбулук көрсөтүп, темир менен бир канча жолу башка чаап, жолдун жээгине таштап кеткен.

17-июнда сот 54 жаштагы М.Й. аттуу жаранды "атайылап киши өлтүрүү" беренеси менен 13 жылга эркинен ажыратты.

Маликанын кызыкчылыгын коргогон адвокат Энис Зияли соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

"Айыпталуучу "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен 13 жыл эркинен ажыратылды. Бирок зордук-зомбулук, талап тоноочулук боюнча жаза берилген жок. Прокурор айыпталуучу "далилдерди жок кылуу үчүн гана Маликанын буюмдарын алганын" айтты. Биз бул жаза өтө жеңил экенин, кыргыз кыз сабалып, жолго ыргытылганы, буюмдары уурдалганын Түркиянын Жогорку сотуна арызданабыз. Анын укугун аягына чейин коргойбуз".

Маликаны Түркияда колдогондордун дагы бири – ыктыярчы, "Анталия камкордук платформасынын" мүчөсү Халит Мерт. Ал кыргызстандык кыз тууралуу жергиликтүү телеканалдар аркылуу маалымат таратып, укугун коргоп, Маликага зарыл нерселерди алгачкылардан болуп жеткирген. Мерт соттун чечимин адилетсиз деп эсептейт.

"Малика учурда мекенине кайтып кеткен, бирок дагы эле 100% айыгып кете элек. Өмүрүнүн гүлдөп турган маалында мындай окуяга туш болгону өтө өкүнүчтүү. Биз ыктыярчылар Маликаны ар тараптуу колдойбуз".

 

"Кылмыштын себеби кризис"

21-июнда Түркияда аялдарды зөөкүрлүк менен өлтүрүү дагы бир жолу коомчулукта чоң талкуу жаратты. Буга 2020-жылы Мугла университетинин студенти Пынар Гүлтекиндин кандуу окуясы себеп болгон. Анда Жемал Метин Авжы аттуу киши 27 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, бетон менен жаап салган. Алгач айыпталуучуга "өмүр бою эркинен ажыратуу" жазасы чегерилген, бирок дүйшөмбүдө сот бул жазаны 23 жылга кыскарткан.

Бул чечимге каршы Түркиянын булуң-бурчтарында нааразылык акциялары уюштурулду. Митингге чыккандар Пынар Гүлтекинди өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылышын, Стамбул конвенциясын (аялдарга зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык документ) кайрадан күчүнө киргизүүнү талап кылышты.

 

Түркия былтыр президент Режеп Тайып Эрдогандын чечими менен Стамбул конвенциясынан расмий түрдө чыккан. Расмий Анкаранын мындай кадамы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

2011-жылы Европа Кеңеши кабыл алган конвенция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген 47 мамлекет тең жактырган.

Бул жааттагы алгачкы европалык документте аялдарга каршы кылмыштын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, кыз-келиндерди коргоонун, зордукчул аракеттерге баргандарды кылмыш жообуна тартуунун стандарттары камтылган.

Келишимди 34 өлкө, анын ичинде Түркия 2012-жылдын жазында биринчи болуп ратификациялаган болчу.

Кыргызстандык кыздын Түркиядагы жактоочусу Энис Зияли Түркияда мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактылары соңку жылдары көбөйгөнүн, мунун себеби экономикалык кризис, кишилердин сабырсыздыгы экенин айтат.

"Киши өлтүрүү фактыларынын көбөйүшүнүн бирден бир себеби адамдарда сабырдуулук жоголду. Бул албетте, экономикалык кризиске байланыштуу. Жашоо кымбаттады. Өлкөдө инфляция асман чапчыды. Адамдар үй-бүлөлөрүн багалбай калды. Уурулук, адам өлтүрүү, зордук зомбулук сыяктуу үрөй учурган окуялар көп катталууда",-дейт түркиялык адвокат.

Башкы консулдуктун маалыматында үстүбүздөгү жылдын февраль айында сегиз, мартта Кыргызстанга үч "Жүк-200" жөнөтүлгөнүн билдирген. Бул сан ай сайын көбөйүп жатканы айтылып келет.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. Былтыр октябрда Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн. Келиндин эки жашы жете элек балдасы Социалдык коргоо министрлигинин карамагына алынган.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 аял киши колдуу болуп, 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.

Ал эми расмий маалымат боюнча Түркияда жашаган 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го






Идову рассказал, сколько денег в месяц ему нужно для жизни в Москве

В РФ будут отмечать День математика

В Новороссийске водитель ездил за рулем с четырехлетним ребенком на коленях

Адвокат Третьяков заявил, что у Чекалиных нет задолженностей перед ФНС