Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Мугалимге даттанган окуучулар, уурудан жадаган конуш

0
Мугалимге даттанган окуучулар, уурудан жадаган конуш

"Эл үнү" радио түрмөгүндө Баткенде өрүк теримге тартылган окуучулар. Мектеп ремонтун өзү жасаган мугалим. Турак жай кооперативден үй да, акчасын да кайтарып ала албаган адамдар. Табиятка таштанды калтырбоону өтүнгөн фермер. Уурулук көбөйгөн Ак-Ордо конушу.

"Үч айдан кийин кайра келесиңер..."

Баткен шаарынан Азамат аттуу угарманыбыз мектеп мугалими окуучуларды өзүнүн үйүндөгү өрүктү терүүгө мажбурлап жатканын айтып, мугалимдин WhatsApp аркылуу жиберген аудиосун тиркеген.

Аудиодо аял кишинин: “Балдар, бүгүн Сүйүнбай менен Актилектен башка эч кимиң келбедиңер го. Баары бир каникулга чыкканда жок болосуңар деп силерге айткам. Жолугуша турган мезгил келет. Муну менен эле жашоо бүтүп калган жок да, үч айдан кийин кайра келесиңер. Андыктан дүйшөмбү күнү эртең таңкы саат 8де бул жерде болуп калгыла. Терип бүтүрүп коёлу, баарыңар уктуңар да”, - деп айтканын угууга болот.

Окуучу мугалим буга чейин алча тердирип, үйүн жыйнатып, балдардын абийирине тийген сөздөрдү көп айтарын жазган.

“Азаттык” окуучуларды ишке мажбурлап жатат деген мугалим менен байланышты. Баткен шаарындагы Владимир Ленин атындагы орто мектептин окутуучусу Сапия Рахматова балдарга жогорудагыдай чакыруу жолдогонун ырастап, бир жолу жардам сурап, өтүнгөнүн белгиледи:

- Мен үйдө жалгызмын, бир балам бар, ал жумушка кетет. Анан мен балдар жардам береби деп ойлогом. Менин өрүк көчөттөрүм турат терилбей эле. Эки окуучудан башка эч ким келген жок. Алардын да бою жетпей, кетип калышты. Тайпага жазганым чын, айттым. Эми мен өзүм окуткан балдарга бир жолу айтсам болбойбу? Биздин үйдө согуштун ардагери болгон. Буга чейин завучу менен окуучулар келип жардам берип эле жүргөн. Мен башкаларга окшоп гектарлап бак кармабайм. Алты сотых жеримде эки көчөт ак өрүгүм бар.

- WhatsApp аркылуу жиберген аудиодо "силер менен кайрадан жүз көрүшө турган мезгил келет" деп айтып жатасыз. Бул басым эмеспи?

- Каникулда буларды чакырсаң келбейт. Класстарды да мен өзүм ремонт кылдым. Жыйнаганга келгиле десем да келбейт.

"Эл үнү" радио уктуруусун толугу менен бул жерден тыңдай аласыз:

Рахматованын жообунан улам “окуучулар мектепти оңдоп-түзөө иштерине да тартылабы?” деген суроо жаралды. Бул боюнча аталаган мектептин директору Мавлюда Маккамбаевага суроо узатканыбызда, балдар чарба иштерине тартылбаганын, Сапия Рахматованын маркум атасы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу болгону үчүн буга чейин окуучулар үй тиричилигине кол кабыш кылып жүргөнүн билдирди. Директор мектептеги оңдоп-түзөө иштери тууралуу жооп берип, ишти мугалимдер өздөрү жасарын ачык айтты:

- Сапия Рахматова эжекебиздин атасы согуш ардагери эле. Биз балдарды мурда алардын үйүнө жөнөтүп жүргөнбүз.

- “Мугалим мектепти оңдоп-түзөө иштерин окуучуларыбыз менен бүткөрөбүз" деп айтты. Оңдоп-түзөө иштерин ким аткарат чындыгында?

- Окуучулар ремонт кылышпайт. Оңдоп-түзөө иштерин мугалимдер өзүбүз эле жасайбыз. Каражат бөлүнөт, бирок ал жетпейт да.

- Ошондо сырдап, актап, өзүңөр иштейсиңерби?

- Сырдоо жана актоо иштерин мугалимдер өзүбүз эле жүргүзөбүз.

Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлиги Баткен шаарындагы мектептеги окуя тууралуу комментарий берди. Анда окуучуларды жумушка тартуу боюнча жыйын өтүп, мугалим Сапия Рахматовага сөгүш жарыяланып, мектеп директоруна эскертүү берилгени айтылат.

Мектептеги оңдоп-түзөө иштерине жобо боюнча окуучулар да, мектеп мугалими да тартылбашы керек дейт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков:

“Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, аталган мугалимге сөгүш жарыяланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары окуучуларды жумушка тартпоо тууралуу эскертүү берилди. Ал эми оңдоп-түзөө ишине жергиликтүү бийлик каражат бөлүп бериши зарыл. Мугалимдер жана окуучулар ремонт иштерине катышпайт”.

Турак жай кооперативине нааразылык

“Азаттыкка” “Ихсан” турак жай кооперативинин Бишкек шаарындагы мүчөлөрү кайрылды. Алар компанияга салган акчасын кайтарып алууда кыйынчылыктар жаралганын, бийлик бул маселеде териштирүү ишин тездетип бериши керектигин айтууда.

Кооперативдин Бишкек шаарында жашаган мүчөсү Мээрим Калдыбаева бир жыл мурда акчасын салган. Азыр же үйдөн, же акчадан дайын жок дейт.

“Ихсан” турак жай кооперативи менен 2021-жылы 17-июлда келишим түзгөм. Келишимдин негизинде декабрда бизди каржылап, үй алып бериш керек болчу. Учурда келишимдин бардык пункттары бузулду. Мөөнөтү өтүп кетти, үйдөн же берген акчабыздан дайын жок. Жабырлануучулар Ички иштер министрлигине арызданганбыз. Эмнегедир алардын да кыймылдабай жатканы таң калтырат. Мисалы, бирөөнүн телефонун уурдап алсаң соттоп жиберет. Эмне үчүн жүздөгөн адамды сыздатып атса да эч кандай кадам жасалбай жатат?”.

Кооперативдин дагы бир мүчөсү Кенжегүл Тойчиева Ат-Башыдан келиптир. Акчасын 2021-жылдын сентябрь айында төлөгөн. 570 миң сом салган каражатынын бир бөлүгүн банктан насыя алып кошкон экен. Эми Орусиядагы кызы жөнөткөн каражат тиричилигине да жетпей жатканын айтты.

“Орусиядагы кызым жөнөткөн акчаны топтоп, ага банктан насыя алып кошуп салгам. Насыяны өзүм эмес, кыйбас адам алып берген. Үй алып бере албагандан кийин эмнеге түзүштү? Күйөөм оорукчан. Муну угуп улам жүрөгү кармап жатат. Беш балам менен аны таштап коюп өзүм келдим. Акчаны сентябрда салгам. Апрелде кезегиңиз келет дешкен. Азыр апрель эмес июнь бүтүп жатат”.

Кооперативдин Алмаз деген мүчөсү 1,5 миллион сом салганын айтууда. Анын айтымында, март айынан бери кооператив жетекчилиги акчаны кайтаруу датасын эки жолу артка жылдырган.

“Кезегибиз жеткенде "эки ай күтүп тургула" деп алдашты. Макул деп күттүк. Эки айдан кийин келсек, "дагы бир ай күтүп туруңуздар" деди. Андан кийин "23-июнда колуңарга акчаңарды беребиз" дешти. Азыр болсо август, сентябрь айларын айтып жатышат”.

Ушул жылдын апрель айынын башында “Ихсан” турак жай кооперативинин келишим боюнча өз убагында үй албай калган мүчөлөрү нараазылык билдире баштаган. Көп өтпөй компания мүчөлөрү менен жыйын куруп, үй ала албай калган адамдардын каражаттарын кайтарып берүү боюнча комиссия кураган. Өз кезегинде комиссия адамдардын тизмесин түзгөн. 2022-жылдын 16-июнунда тизмедеги адамдардын саны 883кө жеткен. Алардын 54чү болуп кезекте турганы акчасын кайтарып алган.

Биз “Ихсан” турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Акинай Бекмурзаевага кайрылганыбызда, элдин каражаты толугу менен кайтарылып берилет деп ишендирди. Ошондой эле тизме кандай түзүлгөнү, канча адамдын акчасы кайтарылганы тууралуу буларды билдирди.

“Каражаттарбызды кайтарып алабыз дегендердин тизмеси түзүлгөн. Анын үстүнөн көзөмөлдөй турган комиссия шайланган. Тизмедеги кезектер ар бир мүчө адамдын жазган арызын кабыл алуудагы каттоо реестрине ылайык түзүлүүдө. Азыркы учурда жалпы Кыргызстан боюнча 200дөн ашуун адамга акчасы кайтарылды. Бишкек боюнча 53 же 54 адамга берилди. Адамдардын бир сомуна чейин кайтарылат".

"Ихсан" турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Акинай Бекмурзаева ишкана жабылбай турганын белгилеп, азырынча жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жүрбөй жатканын маалымдады.

"Ихсан" турак жай кооперативи 2020-жылы түзүлгөн. Ишкананын маалыматына таянсак, ага 10 миң киши акча төгүп катталган. Эки жыл аралыгында 3 миңден ашууну үй жана автоунаа алган.

Ички иштер министрлиги "Ихсан групп ЛТД" турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен тергелип, сотко чейинки өндүрүштү министрликтин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы азыркы күнгө чейин арыз түшүп жаткандыктан тергөө аяктай электигин билдирди.

Кыргызстанда 2021-жылы 70тей турак жай кооперативи катталган.

"Генератор турган жерде электр зымы ачык турат"

Оштун тургуну Айзада Абдраимова калаанын Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан №36 батирлүү үйдүн биринчи кабатындагы дүкөндүн ээси жашоочуларга бир топ ыңгайсыздык жаратып жатканына даттанды.

"Биз өзүбүз жашаган үйдүн жертөлөсүнө кире албай калдык. Дүкөндүн жанына бастырма жасап алган. Анын ордуна балдар аянтчасын куралы дегенбиз. Андан сырткары биз тарапта кампасы бар, ага жүк ташыган машине келгенде жолубуз тосулуп калат. Дагы бир кооптуу жагдай, мурда генератор турган жерде азыр электр зымдар ачык жатат. Бала-бакыра басып алса эмне болот? Биз мэрияга арыз менен кайрылганбыз".

Бирок дүкөндүн ээси Хожакбар Рахматулла уулу генератор алынган жердеги зымдарда ток жок экенин айтып, бастырма турган жерди жана жертөлөнү мыйзамдуу сатып алганын кошумчалады.

"Мамлекеттик акты, кызыл китеби болгондон кийин талашкан туура эмес деп ойлойм. Бул жеке менчик да. Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери келип көрүп кетти. Жертөлө бизге карайт. Убагында суу түтүгү жарылганда жашоочулардын бирөө да жардамга келген эмес. Оңдоп-түзөп койгондон кийин талашып жатат. Балдар аянтын каражат топтоп, чогуу жасоону сунуштагам. Жарымын жашоочулар топтосо, калган жарымын бергенге даярмын".

"Уурулук күчөдү"

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-2 жаңы конушунан Гүлүмкан Токталиева уурулук көйгөйүн көтөрдү. Ал соңку бир жылда уурулук болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн, буга каршы милициянын аракети чеке жылытпай жатканын айтты.

“Бир жылдан бери күн сайын болбосо да, эки күндө бир жолу үйгө ууру киргени тууралуу угуп турабыз. Ээси отурганына карабай жөөлөгөн түндүктөн түшкөн уурулар пайда болду. Өткөндө кошунамдыкына ууру киргенде милицияга кайрылган. Келип жазып кеткен бойдон жок. Ууру алыстан келбейт, ушул жердеги эле адамдар уурдайт да. Ошон үчүн милиция атайын иш-чараларды өткөрсө болмок. Жергиликтүү балдарды катарына алып көзөмөлдү күчөтсө жакшы болот эле”.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Канатбек Мажиев милиция кызматкерлери уурулукка каршы иштерин тынымсыз эле жүргүзүп жатканын, Ак-Ордо конушунда жыл башынан бери катталган 60тан ашуун уурулуктун 40тан ашуунунун бети ачылганын белгиледи.

"Акыркы күндөрү Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунда уурулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп келет. Бул конушта уурулуктун көп катталышына короолордун, терезелердин жакшы тосулбагандыгы себеп. Милиция кызматкерлери конуштун жашоочуларына байма-бай жолугуп, мүлкүнө сак болууну эскерткен. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн көчөлөрдө көзөмөл камераларын орнотууну да сунуштап келет".

"Айлана-чөйрөнү таза кармайлы"

Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынан Кайырбек Кожогулов “Эл үнү” аркылуу кыргызстандыктарга айлана чөйрөнү таза кармоого чакырык таштады.

“Мен кыргызстандыктардан суранат элем. Айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча жаштарга, балдарыбызга түшүндүрүп, улуулар өзүбүз үлгү бололу. Мына, Ысык-Көлдө сезон башталды. Машиненин терезесинен таштандыны, жалаяктарды, суусундуктун желим бөтөлкөлөрүн, балмуздактын кагазын туш келди ыргытпай чогултуп, атайын чакаларга таштаганды үйрөнсөк жакшы болот эле. Туристтерге өзүбүз баш болуп жаман сапатыбызды көрсөтүп, тоолорубузду, айнектей көлүбүздү булгап жатабыз”.

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"


В российских регионах в 2024 году начнут работу магазины «Петербургского дизайна»

Несколько вопросов и ответов для подростков про Инфекции, Передающиеся Половым Путем

«Популярные» мифы об ИППП

Российская империя в фото 40


Tom Aspinall says UFC 304 start time is ‘awful’ and should be changed as Brit provides update on next opponent

Tyson Fury vs Oleksandr Usyk undercard: Who is fighting on huge Saudi bill?

13 Crops You'd Be INSANE Not To Plant in May

5 Things To Remember When A Friendship Ends


Готовность обхода Октябрьского – 75%

HRlink повысил надежность работы сервиса кадрового ЭДО

Заря на Колодозере....

Дайджест новостей «Грузовичкоф» за апрель 


Музыкальную игру Blue Wednesday с глубоким сюжетом выпустили на iOS

Star Wars: Hunters выпустят по всему миру в начале июня

Игра All of You от создателей Love You to Bits и Bring You Home больше не эксклюзив Apple Arcade

One step closer to a sci-fi reality—NASA announces funding for a quantum dot solar sail and a levitating train on the Moon


Депутат Миколаївської облради Кормишкін вперше опублікував своє весільне фото


Производственные площадки АО «Желдорреммаш» в апреле посетило более 4700 школьников и студентов

Изменение климата обойдется человечеству в 35 трлн долларов в год

Продвижение новых песен с высоким результатом

Магнитная буря 2 мая может спровоцировать северное сияние в Москве




IV выставка-форум «Уникальная Россия» начала работу в Гостином дворе

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

20 копеек за проезд: как выглядели тульские автобусы 100 лет назад

Магнитная буря 2 мая может спровоцировать северное сияние в Москве


Реконструкция Большой спортивной арены в Лужниках, 1996 год, Москва

Глава Раменского округа Николай Ханин сложил полномочия по собственному желанию

Бюджет Коломны в I квартале 2024 года получил около 2 млрд рублей доходов

Врачи больницы Долгопрудного предупредили пациентов об опасности ватных палочек


Увидит ли Париж Мирру из России? Андреева дает жару в Мадриде и включается в олимпийскую гонку

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 


«Ты вернул нам жизнь!» Плакаты из коллекции ГИМ увидят 8 млн россиян

Путин и Рахмон обсудили «искусственное нагнетание» ситуации вокруг трудовых мигрантов

Врачи больницы Долгопрудного предупредили пациентов об опасности ватных палочек

«Под эти песни замуж выходили»: группа «Комбинация» намекнула, как отметит своё 40-летие


Музыкальные новости

Певица Жасмин подарила сыну на свадьбу роскошную квартиру в Москве

Вадим Самойлов: В фильме «Дуэль» не будет отсылок к «Агате Кристи»

Сразу прыгнула голой в кровать: Волочкова уединилась с тайным спутником на Мальдивах

Надежда Стрелец резко высказалась о хейтерах, после того как мама Тимати раскритиковала ее интервью с Аленой Шишковой



Производственные площадки АО «Желдорреммаш» в апреле посетило более 4700 школьников и студентов

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

Магнитная буря 2 мая может спровоцировать северное сияние в Москве

СЛД «Смоленск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» в рамках акции «Неделя без турникетов» посетило 150 учащихся


Собянин рассказал о программе развития туризма столицы до 2030 года

Бизнес-центр самоперестроился // Московские власти против внезапно возникающих апартаментов

Консультации. Составление Договоров. Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.

Производственные площадки АО «Желдорреммаш» в апреле посетило более 4700 школьников и студентов


«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

О новых правилах регистрации авто и утилизационном сборе

Влияние экспортных ограничений Кореи на авторынок России

Столичные росгвардейцы оказали помощь подросткам, врезавшимся на самокате в уличный фонарь


Путин и Рахмон обсудили борьбу с терроризмом и ситуацию с мигрантами

Что действительно говорил В. Путин о Нагорном Карабахе?

Больше 4 тысяч ветеранов войны из Новосибирска получат письма от Путина к 9 мая

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии социально-экономического потенциала территорий России





СМИ: Музыканта Носкова госпитализировали в Москве с подозрением на пневмонию

В Москве сломали позвоночник мальчику, добровольно не освободившему качели

«Горят» ладони: о чем сигнализирует симптом и что делать?

Дело экс-педиатра Буяновой о фейках про ВС России отправили в московский суд



Полина Гагарина: «Нет, я не ухожу на пенсию»

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

Жулин заявил, что ему нужен миллион рублей для комфортной жизни в Москве

Полина Гагарина опровергла «уход на пенсию» и рассказала о новом рубеже


В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС



Сергей Собянин. Главное за день

Сергей Собянин рассказал о цифровизации системы здравоохранения

Собянин: На Пасху городской транспорт будет работать дольше

Собянин: В Москве выполнена модернизация уже 10 газопроводов-дюкеров


Чиновники в Эртиле, рекультивируя полигон ТКО за 484,72 млн рублей, создали новую свалку в 2 га

Зеленое царство – обзор новостроек рядом с «Лосиным островом»

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии «зеленой» экономики в РФ

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии «зеленой» экономики в РФ


В Подмосковье в преддверии 9 Мая прошло мероприятие «Наследники Победы в строю!»

Путин и Рахмон обсудили «искусственное нагнетание» ситуации вокруг трудовых мигрантов

«Под эти песни замуж выходили»: группа «Комбинация» намекнула, как отметит своё 40-летие

Бюджет Коломны в I квартале 2024 года получил около 2 млрд рублей доходов


Архангельские тяжелоатлеты успешно выступили на зональных соревнованиях

В Архангельске работать в летнюю навигацию будут девять теплоходов

Экскурсоводы из Архангельска знакомят посетителей выставки «Россия» с достижениями регионов страны

Следственный комитет предупреждает: не оставляйте детей без присмотра в комнате с открытым окном


Участников СВО обучат для работы в органах власти

Еженедельный вестник катастроф

Россия, Культура, Дети: Звезда госцирка Бурятии, артистка Аригма Цыремпилова

Бурятия, Россия, Дети, Концерт: Театр кукол Ульгэр в Улан-Удэ представит "Вальс Победы" к празднику


Реконструкция Большой спортивной арены в Лужниках, 1996 год, Москва

Дневник редактора моды: запуск нового бренда Беллы Хадид, Ирина Шейк в кампейне Marc Jacocbs и другие фэшн-новости недели

Бюджет Коломны в I квартале 2024 года получил около 2 млрд рублей доходов

«Под эти песни замуж выходили»: группа «Комбинация» намекнула, как отметит своё 40-летие












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Легечка обыграл Надаля и сыграет с Медведевым в 1/4 финала «Мастерса» в Мадриде






В Подольске запустят производство материалов для изготовления печатных плат

В Подмосковье в преддверии 9 Мая прошло мероприятие «Наследники Победы в строю!»

«Под эти песни замуж выходили»: группа «Комбинация» намекнула, как отметит своё 40-летие

Врачи больницы Долгопрудного предупредили пациентов об опасности ватных палочек