Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Айыл банк" Асанбаевдин өлүмү бейтарап иликтенишин өтүнүп президентке кайрылды

0

"Айыл банктын" жамааты аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Асанбаев иш жолун ушул банкта баштап, төраганын орун басары кызматына чейин өз мээнети менен жеткени, кесиптештеринин эсинде мыкты адис, жетекчи катары калганы айтылган.

"Банктын иши үчүн күйүп-бышкан, ачуу чындыкты беттеген Бакыт Асанбаев менен 20 жылдан ашуун убакыт эриш-аркак иштеп келген биз үчүн анын өзүнө кол салып, жанын кыйышы табышмак бойдон калууда. Анткени, буга түрткү берген эч кандай жагдай, себеп да жок эле. Өзүнүн актыгына, ишинин тактыгына ишенип, маселенин оң жагына чечилишин күткөн, балдарын жанындай көрүп, жашоону сүйгөн Бакыт Рысбекович мындай ишке эч качан бармак эмес. Өлкө коопсуздугуна, коомго коркунуч келтирген кылмышкер катары кармап, эки ай бою ага коопсуздук шарттарынын камсыз кылынбашы жана акырында келип таасирдүү мекеменин ичинде мындай сырдуу өлүмгө дуушар болушу суроо жаратат. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүлөрүндө Бакыт Рысбекович коррупциялык схемаларга катышы бар катары белгиленген. Тергөө иши акырына чыгарылбай, анын буга катышы барбы же жокпу толук териштирилип, сот өкүмү чыга электе мындай маалыматтын тарашы ар кандай пикир жаратып, мамлекеттик банктын аброюна да кесепетин тийгизүүдө. Албетте, бул бүтүндөй банк системасына жана "Айыл Банктын" бирден бир акционери болгон мамлекеттин өзүнө да калайык-калктын ишениминин солгундашына түрткү болушу ыктымал",-деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле кайрылууда банк кызматкерлерине басым-кысым кылууну, укук коргоо органдарынын банк ишине кийлигишүүсүн токтотуп, камакка алуу өңдүү чаралар ыксыз колдонбоо жана такталган гана маалыматтардын таратуу өтүнүчү жазылган.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова Асанбаев өмүрүнүн акыркы күнүндө Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү менен адвокаты жок сүйлөшкөнү аныкталганын билдирди. Мындан улам ал тергөөчү да суракка алынышы керектигин, Асанбаев эмнеге башка камерага которулган жагдай иликтениши зарылдыгын билдирди.

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия 23-июнда УКМКнын тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыккан. Бул комиссиянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы эки аптадай иш жүрөрүн, маркумдардын комиссияга кирген жакындары да байкоочу камеранын тасмаларын көргөнүн “Азаттыкка” билдирген.

“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек. Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биз көргөн тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”, - деген Байсалов.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап иликтеп-териштирүү үчүн комиссия түзгөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Больше 14 пирамид Хеопса. В Якутии расширяются «Ворота в преисподнюю»

Названы участки дорог с затрудненным движением в Москве 8 мая

ТАСС: президент Лаоса Сисулит приземлился в одном из аэропортов Москвы

Депутаты Госдумы прокомментировали инаугурацию Владимира Путина