Кыргызстанга Өзбекстандан ташылган дарбыздын сапаты текшерилип, көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков билдирди.
Анын айтымында, бул иштерди "Достук" өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат аткара баштады.
"Дыйкандар өздөрү өндүргөн дарбыздын баасы арзандап кеткенине нааразы. Алар быйыл солярка жана башка айыл чарбага керектүү жабдыктар кымбаттап, дыйканчылык өзүн актабай калганын айтып жатышат. Алар Өзбекстандан чыккан дарбыздын сапатын текшерүүнү суранышкан. Биз тийиштүү адистер менен сүйлөштүк, кечээтен баштап "Достук" өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көзөмөлдөп жатат. Бүгүн "Маданият" өткөрмө бекеттерине мобилдик кызмат барды. Дыйкандар сугат суу маселесин да көтөрүп, аны чечип бердик", - деди Ызабеков.
23-июнда 300дөй жаран Аксыда митингге чыгып коңшу Өзбекстандан келген дарбыздын сапатын көзөмөлдөп, импортту азайтууну талап кылышкан. Учурда Үч-Коргон аймагында дарбыз бышып, базарда сатылууда. Дыйкандар жергиликтүү дарбыздын баасы түшүп, чыгашаны актабай калат деп кооптонуп турат.
Чогулгандар менен бөлүм башчы Ырысбек Ызабеков жолугуп, "Достук" жана "Маданият" өткөрмө бекеттерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин айткан.
Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 2,5 гектар ашуун жерге дарбыз эгилген. Учурда дарбыздын килограммы 20 сомдон төмөн түшүп кеткендиктен дыйкандар нааразы болуп жатат. (ТВ/КЕ)
Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете
Любимый россиянами курорт с белоснежными пляжами готовится запустить прямые рейсы в Россию, чтобы снизить цены на туры
Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”
Я думала, мы умрем: американка переехала в Великобританию и столкнулась с левосторонним движением, праворульными машинами и механической коробкой передач
Ученые Президентской академии в Санкт-Петербурге разработали способ повышения экологичности целлюлозно-бумажной промышленности
Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении экологического статуса целлюлозно-бумажных технологий в России
Прокуратура Архангельской области и Ненецкого автономного округа 31 мая 2024 года в г. Нарьян-Мар проведет прием граждан и «Горячую линию» по вопросам защиты прав и законных интересов несовершеннолетних