Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды.
Маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен.
Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
Акаев Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде 19-июнда "Байыркы мезгилден берки демографиялык көрсөткүчтөр жана адамзаттын келечеги"деген аталыштагы дарс окуган. Андан кийин "Азаттыктын" кабарчысынын Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берип жатып ондогон адамдын өмүрүн алган тоз-тополоңду "калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети" катары сыпаттаган.
"Жетекчилер артта калса, эл нааразылыкка чыгат. Менин оюмча, бул референдумга жеткирген тарыхый окуяны жаратты", - деп айткан Акаев.
77 жаштагы Акаев былтыр 16 жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында эки жолу сурак берип кеткен.
Аскар Акаев 2005-жылы Кыргызстандагы Март окуяларынан кийин бийликтен кеткен, учурда Орусияда жашап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде иштейт.
Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин
Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Коллекция CD этномузыки экзотических стран представлена на открытии выставки в Симферополе
В Бурятии прошла Байкальская театральная школа прошла - Россия, Культура и Дети
Рейсы поезда из Нижнего Новгорода в Симферополь продлят на июль-сентябрь