Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Жаңы Ак үйдү курмай болгон дирекция жоюлат

0
Жаңы Ак үйдү курмай болгон дирекция жоюлат

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча түзүлгөн дирекцияны жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 14-июнда кол койгону бегилүү болду.

Бул чечим президенттин иш башкармалыгынын жумуштарын оптималдаштыруу үчүн кабыл алынганы жарлыкта жазылган. Аталган мамлекеттик мекемени жоюу боюнча комиссия түзүү иши президенттин иш башкармалыгына тапшырылды.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекция өткөн жылдын соңунда түзүлгөн. Аталган ишкана "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салына турган жаңы Ак үйдүн курулушун жүргүзмөй болгон. Ишканага жетекчи болуп Марат Турсунбеков дайындалып, курулуштун бюджети этап-этабы менен иштелип чыгып, долбоордун баасы жарым жылда белгилүү болоорун билдирген. Ал үч айдан ашуун убакыт инвесторлор менен президенттин администрациясын акча коротпой куруу боюнча сүйлөшүүгө жетишкенин айткан. Ошондой учурда иш параллелдүү долбоорлоо мыйзамына ылайык жүрүп жатканын, эгер Бишкектин түштүк бөлүгүнөн берилмей болгон 16 гектар жер курулуштун акчасынан ашып кетсе, айырмасы төлөнүп берилерин кошумчалаган.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы былтыр жыл аягында бузула баштаган. Бул иштер үчүн бюджеттен тогуз миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганы белгилүү болду.

Президенттин Иш башкармалыгы мейманкананын бузулушун көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга кептелгени менен байланыштырган. Бирок конок үйүнүн бузулушу айрым саясатчылар менен жарандардын сынына кабылган. (JsA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Паула Бадос и Стефанос Циципас расстались | Виды спорта






Парту Героя Федора Генералова открыли в Луховицах

МИД РФ рекомендовал учитывать риски при планировании поездок в Мексику

Сильный ветер в Москве повалил 11 деревьев

Учительница Путина Вера Гуревич заявила, что он всегда был защитником