Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Иранда скейтборд тепкен кыздар диний эрежелерди бузууга шектелип кармалды

0
Иранда скейтборд тепкен кыздар диний эрежелерди бузууга шектелип кармалды

Ирандын бийлиги Шираз шаарында кыздар менен эркек балдар чогуу скейтборд тепкен окуя боюнча чара көрүп, иш-чаранын он катышуучусун камакка алды.

23-июнда социалдык түйүндөрдө бир нече өспүрүмдөр аталган шаардын бульварында скейтборд менен өнөр көрсөтүп, ойноп жүрүшкөнү тартылган видео тараган. Тасма 21-июнда, эл аралык Скейтборд күнүн белгилөө учурунда тартылганы маалым болгон. Андагы кыздар баш кийимсиз жүрүшкөн.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин тогуз жаштан чоң кыздарга жана аялдарга коомдук жайларда хижаб кийип жүрүү милдеттүү эреже катары киргизилген. Көптөгөн аялдар ошондон бери бул талапты адам укуктарын бузуу катары баалап, айыпташкан. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттер да муну сынга алып, аялдар жоолуксуз түшкөн видеолорун таратышкан.

Жергиликтүү Mehr маалымат агенттиги Шираз облусунун губернатору Лотфоллах Шейбаниге таянуу менен катышуучулардан сырткары иш-чаранын уюштуруучусу да кармалганын маалымдады. “Жеткинчектердин андагы аракеттери диний нормаларды бузуу болуп саналат. Биз аны айыптайбыз жана соттук негизде териштирүү жүргүзөбүз”,-деген Шейбани аталган сайтка.

Акыркы жылдары ирандык өспүрүмдөр коомдук турмуштун ар кайсы багыттарын көзөмөлдөгүсү келген бийликке ар кандай чакырыктарды таштап, эрежелерди атайылап бузган учурлары катталган.

Ирандын полициясы соңку эс алуу күндөрү эле ичимдик ичкен, аралаш бийлерди бийлеген жана хижаб кийбеген 120 кишини кармаганын маалымдаган. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






США раскритиковали решение России провести ядерные учения

Медведь «Гуранчик» из Забайкалья едет на выставку-форум «Россия»

Психолог Чудова: на свадьбе не стоит концентрироваться на недостатках

Число иностранных студентов в вузах РФ возрастёт до 500 тысяч к 2030 году