Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Милиция пластикалык операциядан кийин каза болгон келиндин өлүмүн териштирүүдө

0
Милиция пластикалык операциядан кийин каза болгон келиндин өлүмүн териштирүүдө

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Art Clinic менчик ооруканасында липосакция операциясынан кийин каза болгон келиндин окуясын териштире баштады. Мекеменин басма сөз кызматы факты боюнча Жазык кодексинин 146-беренеси боюнча ("медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо") иликтөө жүргүзүлүп жатканын, зарыл экспертизалар дайындалганын билдирди.

18-июнда Улуттук госпиталда 41 жаштагы аял көз жумган. Жакындарынын айтымында, маркум липосакция операциясынан кийин өзүнө келе албай, эс-учун жоготкон абалда госпиталга жеткирилгенден соң каза болгон.

41 жаштагы аял Бишкектеги Art Clinic менчик ооруканасына липосакция же денесиндеги ашыкча майларды сордуртуу үчүн барган. Ага операция жасаган дарыгер ооруканада жатканына байланыштуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Өзүн бул клиниканын өкүлү деп тааныштырган, атын атагысы келбеген адам маркумду "бул клиникада комага түшүп калды" деген туура эмес экенин айтып, соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы жок бүтүм чыгарууга эрте деген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Art Clinic клиникасына 2018-жылдын 18-октябрында "диагностикалык кызмат көрсөтүү" деген багытта уруксат-лицензия Алина Алиеванын наамына алынган. Анын расмий веб сайтында липосация, блефоропластика сыяктуу пластикалык операциялардын бир нече түрү жасалары жарнамаланган. Клиника учурда иштебей турат.

Кыргызстанда пластикалык операция жасаткандардын саны арбыганы айтылганы менен статистикалык маалыматтар жок. Дарыгерлерге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү терисин тарттырып, жаш көрүнүү максатын көздөшөт. (КЕ/BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






В Томске трансляции мероприятий 9 мая пройдут на уличных экранах

Aurus Merlon назвали в честь зубца Кремлевской стены. 11 мотоциклов уже передали в Гараж особого назначения

Черногория выдала похитившую 1,8 млн руб. и подделавшую документы россиянку

Косметолог Аюпова рассказала, как убрать отеки после майских праздников