Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

0
Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана венгер жазуучусу Шандор Лежакка ТҮРКСОЙдун алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун баш катчысы Султан Раев маалымдады.

Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштеген адистерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл март айында дайындалган.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун түзүү тууралуу келишимге 1993-жылы Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлери кол коюшкан. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии

СМИ: Власти хотят уничтожить Эстонскую Православную церковь

Университет в Финляндии уволил профессора из-за связей с Россией

Митинг ко Дню Победы прошел на механическом заводе Солнечногорска