Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Блогер 48 саатка камакка алынды

0
Блогер 48 саатка камакка алынды

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбекти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Биз адвокат табууга аракет кылып жатабыз. Анын өзүнүн адвокаты жок болуп жатат. Бирок тергөөчү мамлекеттик адвокат алып келип эле кармоого даярдады. Анын бул жерде эч кимиси деле жок болчу. Жакындары баары айылда. Эртеден бери кармап турушту. Түшкө чейин бир адвокат кабар алып чыккан. Эч кандай далилдери, жүйөлүү эч нерсеси деле жок “массалык башаламандыкка” айыптап жатышат. Азыр эми үйүн тинтүүгө баратышат”, - деди Равшан Жээнбеков.

Көп өтпөй Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук башкармалыгы билдирүү таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен козголгон кылмыш иши боюнча А.Б ысымдуу жаран тергөө кызматына жеткирилгенин ырастады.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат расмий маалыматта.

 

Фейсбуктагы баракчасынан Адилет Балтабай деген ысым менен Бишкекте өткөн ар кандай митинг, акцияларды түз эфирде көрсөтүп жүргөн блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук милициясында буга чейин үч жолу суракта болуп чыккан. Ал муну оппозициялык маанайдагы активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептерин билдирген.

“Менимче, бийликти сындаганым, оппозициялык позициямдан кайтпагандыгым үчүн ушундай басмырлоо, кысым болуп жатат. Эгер мен коомдук-саясий активдүүлүгүмдү билдирбесем, мага карата шылтоо таба турган эч нерсеси болмок эмес. Фейсбуктагы постторумду, кайрылууларымды мага карата иш козгоого жүйө катары көрсөтүп жатышат. Мен буга макул эмесмин”, - деген эле буга чейин маектеринде Адилет Балтабай.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө 30-майда блогер Адилет Али Мыктыбек райондук милициянын Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Жапырт башаламандык”) негизинде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирген. Бирок кайсы башаламандык окуя тууралуу сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.

Буга чейин дагы социалдык тармактардагы пикири үчүн суракка чакырылгандар болгон. 21-июнда блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. 

Блогер УКМКдагы сурак анын "социалдык тармактарга жазган 20дай билдирүүсүнүн айланасында жүргөнүн" билдирген. Ал соңку кезде азыркы саясий абалга байланыштуу бийликти сындаган постторду Фейсбуктагы баракчасына жазып жүргөн.

“Ошого оозеки эскертүү берүү үчүн чакырып, сүйлөшүү болду. Коркутуп-үркүтүү болгон жок, мыйзам чегинде түшүндүрүштү”, - деген блогер сурактан кийин.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Атайын кызматтын бөлүм башчысынын колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган эле. Анда Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылган.

Социалдык тармактарда курч билдирүүлөрдү жазып жүрүп суракка барган блогерлердин катарында журналист Семетей Талас уулу да бар. Бирок ал кайсы ишке суралганын так айткан эмес.

Быйыл март айында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, партиянын саясий акцияларын чагылдырып, курч пикирлерди айтып-жазып жүргөн Мирлан Ураимов да кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен бошотулган.

Кыргызстанда буга чейин интернеттеги маалыматты бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголуп, суракка чакырылган учурлар болуп келген. Былтыр жыл аягында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов камакка алынып, кийин үй камагына чыккан. Анда саясатчынын атынан жазылды делген Фейсбуктагы билдирүү буга себеп болгону айтылган. Бактыбек Калмаматов муну четке кагып, бийликке айткан ачуу сын пикирлеринен улам куугунтукка кабылганын билдирген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться






Лукашенко похвалил парад Победы на Красной площади в Москве

В театр «Ульгэр» в Бурятии ГИБДД обучило детей безопасноти - Россия, дети и культура, безопасость на дорогах

На остров Баунти российских туристов повезут на турецких крыльях

Медицинская клиника в Чертаново: удобное расположение рядом с метро Пражская и высокий уровень обслуживания