Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 1-февралда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары кармалганын, ага карата сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча жүрүп жатканын кабарлаган. Читать дальше...