Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 17.02.2021

Парламент Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуу уюштурду

Azattyk.org 

17-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча суроолоруна жооп алуу максатында Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн чакырышты. Жолугушууда алгач Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат берди. Ал жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы маанилүү делген бир нече багыттарды санап берди. Алардын арасында - "эл бийлигин бекемдөө", "шайлоолорду өткөрүүнүн жаңы тартиби", элдик курултай, социалдык маселелер, бийликтин жоопкерчилиги бар. "Адам укугун биз эки багыт боюнча өткөрдүк. Читать дальше...

Орусия террорчул деп эсептеген топтун 19 мүчөсүн кармады

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Түндүк Кавказда террактарды уюштурууга даярданган топтун 19 мүчөсүн кармаганын жарыялады. 17-февралда таратылган маалыматта, атайын операция Ростов облусу, Краснодар крайы, Карачай-Черкес республикасында, ошондой эле, Украинадан аннексияланган Крым жарым аралында жүргүзүлгөн. Кармалгандар «Ат-Такфир ва-ль-Хижра» деп аталган экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Орус коопсуздук күчтөрү кармалгандардын жанынан курал-жарак, экстремисттик адабияттар табылганын кабарлады. Читать дальше...

"Ак-Кула" ат майданы ордунда калат

Azattyk.org 

"Ак-Кула" ат майданы эч жакка жылдырылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков бүгүн, 17-февралда Бишкекте шаардын тышына ат майданды көчүрүүгө каршы чыгып жыйын кургандарга жолукканда билдирди. Буга чейин башка бир вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радионун" эфиринде ипподромду шаардын тышына көчүрүп, анын ордуна футбол талаасын куруу каралып жатканын айткан. Жыйында Русланбек Акылбеков эл алдында мындай деди: - “Ак-Кула” ат майданы башка жакка көчүрүлөт деген маалымат чыгып кеткен. Читать дальше...

Өзүн "УКМК кызматкеримин" деп элди алдап жүргөн адам кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун 1994-жылы төрөлгөн тургуну өзүн "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматында иштейм" деп тааныштырып, жасалма документтер менен жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирүү таратты. Кармалган жаранга Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү ("Документтерди жасалмалоо") боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылды. Өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге иштеп, торуна түшкөндөрдү "ири... Читать дальше...

Кордук көргөн Ибрагимге ишкер үй берди

Azattyk.org 

2015-жылы Бишкектеги балдар ооруканасына туугандарынан запкы жеп, зордукталып түшкөн эки жаштагы наристенин окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган эле. Зомбулук көрсөткөн жакындары жазаланганы менен кичинекей Ибрагим өмүр бою майып болуп калды. Ал өгөй апасынын камкордугуна өтүп, алты жылдан бери реабилитациядан өтүп келет. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен Ибрагимдин үй-бүлөсү үйлүү болгон.

АКШда бардык жарандарды эмдөө июль айында башталат

Azattyk.org 

АКШнын коронавируска каршы бардык жарандарды эмдөө быйыл июль айында башталат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жарандар менен интерактивдүү баарлашуу учурунда билдирди. СNN каналы уюштурган онлайн суроо-жооп Байдендин кызматка киришкенден бери жарандар менен алгачкы түз баарлашуусу болуп калды. "Июлдун аягында 600 миллион доза вакцинага ээ болобуз. Бул ар бир америкалыкты эмдөөгө жетиштүү болот»,-деп билдирди АКШ президенти. Буга чейин жапырт эмдөө жазында башталат деген божомолдор айтылган. Читать дальше...

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны өтөт

Azattyk.org 

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери 17-февралда эки күндүк жыйынга чогулушат. Коронавирустан улам онлайн уюштурулган жыйындын башкы сабына Түндүк Атлантикалык альянстын Ооганстандагы миссиясынын келечеги, Кытай жана Орусиянын аскердик таасиринин артышына байланыштуу маселелер чыгышы мүмкүн. Ошондой эле бирикмени өнүктүрүү боюнча реформалардын планы да талкууланат. Жыйын АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден бери биринчи жолу өтүүдө. Буга чейин Байден Кошмо Штаттары менен «Талибандын»... Читать дальше...

Ракты дарылаган жабдуу бузулуп, эл кыйналды

Azattyk.org 

Өткөн жылы ноябрь айында Онкология жана гематология борборундагы брахитерапиялык (нур менен дарылоо) жабдык бузулуп калган. Мындан улам айрым бейтаптар Алматыга барып дарыланууга аргасыз болууда. 64 жаштагы Бурул 2020-жылы жатын моюнчасынын залалдуу шишигине чалдыкканын билген. Ал өткөн жылдын күз айларында ооруканага жатып, брахитерапиялык жабдуунун оңдолушун бир нече ай күткөн. Ал химия жана нур терапиясын алыш үчүн Оштон борборго учак менен келет. Дарыгерлер ага машине менен 12 саат жол жүрүү кооптуу экенин айтышкан. Читать дальше...



Өкмөт: Азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал

Azattyk.org 

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал бойдон калууда. Бул тууралуу 17-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешмеде айтылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов бардык тийиштүү мекемелердин милдети тамак-аштын негизги түрлөрү менен жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин эскертти. Жыйында күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга болгон баа жогорулап жатканы айтылды. Айыл, суу чарба... Читать дальше...

Парламентте Баш мыйзам долбоору талкууланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштаган депутаттар менен аны иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Талкуу Конституциянын жаңы долбоору парламентте каралардын алдында уюштурулду. Жыйын башында эле депутат Улукбек Ормонов былтыр ноябрь айында 80 депутат демилгечи болуп, кийин Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоорун өзгөртүүгө мүмкүнбү деген суроону кабыргасынан койду. «Биздин сунушту ким карайт, кантип кабыл алынат? Эгерде кабыл алынбаса, сунуштарды кимге берип жатабыз? Читать дальше...

Парламентте Баш мыйзам долбоору каралып жатат

Azattyk.org 

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага сексен депутат демилгечи болгон. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Оңдолуп-түзөлгөн... Читать дальше...

"Ак-Кула" ат майданында тынчтык жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында бүгүн, 17-февралда майданды шаардын сыртына көчүрүүгө каршы тынчтык жыйыны өтүүдө. Ага катышкан ат жана улуттук спорт боюнча активисттер вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин "Биринчи радионун" эфиринде ипподромду көчүрүп, ордуна футбол талаасын куруу маселеси каралып жатканын айтканын билдиришип, мындай чечимге каршы болушууда. Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков катышып, мэриянын пландары жана көз карашу тууралуу маалымат берүүдө. "Ак-Кула"... Читать дальше...

Кант кызылчасын себүү аянты бир жылда алты миң гектарга кыскарды

Azattyk.org 

Кыргызстанда кант кызылчасын себүү аянты бир жылда дээрлик алты миң гектарга кыскарып кеткен. Бул тууралуу 17-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди. Өкмөт башчы элди негизги азык-түлүк менен камсыздоодо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи: «Өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик алты миң гектарга азайган. Натыйжада кант өндүрүү да кыскарган. Мындан тышкары биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү унутта калтырдык. Читать дальше...

18-февралдын аба ырайы

Azattyk.org 

18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 19…24; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 19…24; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -2…-7 градус болот. Читать дальше...

Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча 12 депутаттан турган комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште 17-февралда Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына 12 депутат мүчө болду. Мындай комиссияны түзүү сунушун "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов берген. Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан»  Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан»  Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев... Читать дальше...

Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын алдына уюштурулган коштошуу иш-чарасына расмий бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жана чыгармачыл интеллигенция, маркумдун жакындары катышууда. Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Токтогул атындагы мамлекеттик... Читать дальше...

Бишкекте коронавирустан эки адам каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан баш калаа Бишкекте эки адам каза болду​. Республика боюнча 55 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1446 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адамга жетти. Читать дальше...

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы үч партия билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 17-февралга карата онго жетти. Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, шаардык кеңештеги мандаттар үчүн ат салышарын “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” жана “Социал-демократтар” партиялары да билдиришти. Ага чейин “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, «Ыйман нуру» жана «Жашылдар партиясы» шайлоо комиссиясына маалымдама беришкен. Читать дальше...

Сахна ханышасы Жамал

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.

Муфтийликке талапкерлерди каттоо башталды  

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине (муфтий) талапкерлер 17-февралдан тартып, 17-мартка чейин катталат. Бул тууралуу муфтияттын сайтында кабарланды. Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкерлерди каттоо боюнча «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди. Токтомго ылайык 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтөт. Талапкерлерди каттоо жана шарттарын бул жактан окуңуз. Муфтияттын каржылык ишмердүүлүгүнө... Читать дальше...

Футболчу кыз Айдана Оторбаеванын талапкерлиги FIFPROнун сыйлыгына көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева дүйнөлүк Кесипкөй  футболчулар ассоциациясынын (FIFPRO) 2020-жылдагы сыйлыгына талапкердин бири катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу ассоциациянын интернет барагында шардана кылынды.   FIFPROнун барагында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы белгиленген. "Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award")  – футболго эмгеги сиңген адамдарга берилүүчү дүйнөлүк беделдүү сыйлык. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






Москвич проснулся на карнизе музея искусств в Калининграде на высоте в несколько метров

На Пятом канале акция «День добрых дел» для девятилетнего Игоря из Москвы

Северодвинца обвинили в дискредитации использования Вооруженных Сил России

«Квартир на рынке становится всё больше, а способных их купить — всё меньше». Подешевеют ли квартиры в Севастополе?