Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 18.02.2021

Батыш дипломаттары Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди талкуулайт

Azattyk.org 

АКШ, Германия, Франция дана Улуу Британиянын дипломаттары Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин келечегин талкуулашат. Парижде 18-февралда башталчу жыйында Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Британиянын тышкы иштери министри Доминик Рааб жана Франциянын тышкы иштери министри Жан-Ив Ле Дриан жолугушат. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жыйынга видео байланыш аркылуу катышат. 2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана... Читать дальше...

Бажычыларды айыпка жыккан талаштуу өкүм

Azattyk.org 

Тергөө менен кызматташуунун негизинде Райымбек Матраимов менен мурдагы эки бажыкана башчысы бири-бирине каршы көрсөтмө берип, жазасы жеңилдетилгени белгилүү болду. Сот аларга зыяндын ордун төлөгөнү үчүн жаза катары 260 миң сомдон айыпка жыккан. Соттун бул өкүмдөрү коомчулукта эки ача пикир жаратты. Башкы прокуратура алар тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга ылайык, мыйзам талап кылган жазага тартылганын жүйө келтирди. Айрым коррупциялык иштерди тергөөдө кызматташтык боюнча макулдашуу орунсуз түзүлүп... Читать дальше...

Февралдагы Бишкектин маанайы

Azattyk.org 

Кыргызстандын борбору Бишкекте кыштын акыркы күндөрү өкүм сүрүүдө. Соңку бир жылда коронавирус пандемиясын, митингдерди, ышты жана кымбатчылыкты көргөн калаа жана анын тургундары тууралуу сүрөтбаян.

Ташиев: Кадыр Досоновду кармоого Тажикстандын атайын кызматтары жардам берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары менен жолукту. Жолугушууда ал өлкөдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен аёосуз күрөш жүрүп жатканын айтты. Жакында эле УКМК тарабынан кармалган "Женго" каймана аты бар Кадыр Досоновду кармоого Тажикстандын атайын кызматтарынын жардамы талап кылынганын билдирди. "Кадыр Досоновдун артынан 3 ай жүрдүк, 3 ай! Ушул Баткенге келип, Тажикстанга кирип кетет. Читать дальше...

Оппозиция лидерин камакка алууга каршы чыккан Грузиянын премьери кызматын тапшырды

Azattyk.org 

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария кызматтан кетти. Ал өкмөт башчылыктан кетүүгө арыз жазганын 18-февралдагы брифингде билдирди. Гахария өз чечимин соттун оппозиция лидери Ники Мелианы камакка алуу тууралуу чечими боюнча бийликтеги команда менен пикири эки ача чыкканы менен түшүндүрдү. Кызматтан кетип жаткан премьердин айтымында, оппозиция лидерин камакка алуу өлкөдөгү жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет. "Мен ээлеген кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул кадам өлкөнүн... Читать дальше...

Беларуста нааразылык акциясын түз көрсөткөн журналисттер соттолду

Azattyk.org 

Минскинин соту нааразылык акциясын түз эфирде көрсөткөн “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга кести. Соттун өкүмү үч күнгө созулган соттук жараяндан кийин 18-февралда жарыяланды. “Белсаттын” журналисттери былтыр 15-ноябрда оппозициянын нааразылык акциясы учурунда кармалган. Алар ошол маалда күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал экени айтылган 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскерген иш-чараны чагылдырып жүрүшкөн. Екатерина Андреева... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. 19-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Читать дальше...



Актер Андрей Мягков каза болду

Azattyk.org 

Белгилүү советтик жана орус актеру Андрей Мягков 83 жашында каза болду. Бул тууралуу актер иштеген Чехов атындагы Москва көркөм театрынан кабарлашты. Маалыматка ылайык Мягков жүрөк оорусунан улам Москвадагы өз үйүндө дүйнө салган. Андрей Мягков 1938-жылы Ленинградда туулган. 1965-жылы театралдык окуу жайды бүткөн соң Орусиядагы “Современник”, Москва көркөм театрында эмгектенген. Ал көрөрмандарга режиссер Эльдар Рязановдун "Ирония судьбы, или С легким паром", "Служебный роман", "Гараж", "Жестокий... Читать дальше...

Кыргызстанда онлайн кинотеатр ишке кирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Etnomedia" аттуу онлайн кинотеатр иштей баштады. Аны ишке ашырган топтун башчысы, режиссер Сүйүн Откеевдин айтымында, онлайн кинотеатрдын кампасына 1950-жылдан бери Кыргызстанда тартылган 400дөй тасма киргизилген. Откеев учурда кино тарткан 50дөй жеке компания менен келишим түзүлгөнүн да кошумчалады. Андан сырткары «Кыргызфильм» киностудиясы менен келишим түзүлүп, «Кыргыз керемети» фондуна кирген 80дей тасма да онлайн форматта көрүүчүлөргө жеткиликтүү болгонуна токтолду. Откеев... Читать дальше...

Коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы келечеги НАТО жыйынында каралууда

Azattyk.org 

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин шаршембиде башталган жыйыны бүгүн дагы уланууда. Пандемиядан улам онлайн форматында өтүп жаткан жыйындын биринчи күнүндө Түндүк Атлантикалык альянсты модернизациялоо боюнча реформалардын планы талкууланды. 18-февралда уюмга мүчө өлкөлөр Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн келечегин талкуулап, чечим кабыл алышат. Былтыр февралда АКШ менен Талибан кыймылы кол койгон келишимге ылайык Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскерлерин апрелдин аягына чейин чыгарып кетиши керек болчу. Читать дальше...

«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Мурат Примбердиев кармалды

Azattyk.org 

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды.  Примбердиев Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-пункту («Коррупция») боюнча айыпталууда. Ал Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Мурат Примбердиев эл аралык аэропортту 2020-жылдын июль-октябрь айларында жетектеген. Читать дальше...

УКМК төрагасы Баткендеги чек арадагы айыл тургундары менен жолугууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолугууда. Ал жолугушууда жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого, тополоң салбоого чакырды. "Тажикстан менен 460 чакырым такталбаган эң оор участоктор калган, бирок аны да сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечебиз. Чек ара күч менен чечилбейт. Эки тараптын макулдашуусу, сүйлөшүүсү менен чечилет. Элге, жерге каршы чечим кабыл алынбайт. Биз мамлекеттин чек арасын күчтөндүрөбүз", - деди Ташиев. Читать дальше...

Беларус бийлиги журналисттерге кастарын тикти

Azattyk.org 

Беларуста “Белсат” эркин телеканалынын эки кабарчысынын соңку сотунда прокурор алардын ар бирин эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди. Екатерина Андреева менен Дарья Чульцова былтыр ноябрдагы акциялардын биринде камакка алынган.

Ташиев: Чек ара жоопкерчилиги менде

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту. Жолугушууда ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы талаштуу маселелерди чечүүдө бардык жоопкерчилик өз моюнунда экенин айтты. Ал Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иштери март айынын алгачкы он күнүндө, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр марттын экинчи он күндүгүндө кайрадан жанданат деп билдирди. "Быйыл жылы чек аранын 150 чакырымы демаркация болот... Читать дальше...

Камчыбек Ташиев Ак-Сай, Көк-Таш айылдарына бара жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Ал Германиядагы дарылануусунан кийин Бишкекке учуп келип, дароо эле чек ара маселесин жеринен көрүү үчүн облуска бет алды. "Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчысынын айтымында, Ташиевди Баткен аба майданынан он чакты мамлекеттик кызматкер тосуп алды. Ошондой эле аба майданда чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган жана CASA-1000 долбооруна каршы бир нече адам плакаттарды кармап турушту. Читать дальше...

Ош шаарынын казынасы 2020-жылга салыштырганда дээрлик өскөн жок

Azattyk.org 

18-февраль күнү Ош шаардык кеңеши 2021-жылга калаанын казынасын бекитти. Ага ылайык шаар бюджети 1 млрд 357 миллион сом болду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 32 млн. сомго гана көп. Шаардык кеңештин депутаттары сунушталган бюджетти жактырышты. Каражаттын эң көп бөлүгү 29,8 %  - турак жай жана коммуналдык чарбага, 29,2 %  - билим берүү тармагына жана 22,2 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, эң аз акча (0,5 %) коргонуу тармагына жумшалат. Ош шаарынын казынасы 2017-жылдан тартып жыл сайын өсүү үстүндө келип... Читать дальше...

Орусияга билет баасы 60 миң сомго чыкты

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык пандемия маалында Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калган. «Орусияда окуубуз жана жумушубуз калды» Бишкек шаарынын тургуну Фатима Тургунбаева 20 жаштагы уулун Орусияга кетире албай жатат. Анын баласы Бишкектеги лицейлердин бирин аяктаган соң Орусияда иштеп жүрүп, пандемия башталганда мекенине кайтып келген. Бул үй-бүлө соңку жылдары мигранттардын акчасы менен жан багып келген. Тургунбаева баласы үйдө жумушсуз отурганын арман кылып... Читать дальше...

Картошка, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, жумуртка кымбаттады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырганда быйыл январда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 18,5% кымбаттады. Бул тууралуу аталган мекеме 18-февралда маалымат таратты. "Былтыркы январь айына караганда өсүмдүк майы - 54,6%, картошка - 46,3%, жумуртка - 35,4%, кумшекер - 33,1%, эт - 27,5%, ун - 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү", - деп билдирди Статком. Читать дальше...

Новости России
Москва

Москву и Санкт-Петербург назвали лучшими городами для подработки


Ош шаардык кеңеши ОшМУга Каныбек Исаковдун атын берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңеши мурдагы министр Каныбек Исаковдун атын Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) ыйгарууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу 18-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 38-сессиясында маселе коюлуп, 45 депутаттын 29 макул болду. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин мугалимдер жамааты Каныбек Исаковдун атын ОшМУга ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Ош шаардык кеңешинин токтому эми Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт.... Читать дальше...

Түндүк-түштүк жолу: 2021-жылы эстакада көпүрөлөрүн куруу уланат

Azattyk.org 

2021-жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна пландалган эстакадалык көпүрө жана туннелдерди куруу иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу 18-февралда Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы Кытайдын "China Road and Bridge" корпорациясынын башкы менежери Хоу Ху Сянга таянып билдирди. Хоу Ху Сяндын айтымында, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын айынан адистерди ишке тартуу кыйындап калган. Анткен менен Кызыл-Жылдыз жана Арал айылынын ортосундагы унаа жолу толук оңдолуп бүттү. Читать дальше...

Шайлоого катышуу үчүн Бишкекте 14 партия, Ошто 5 партия кабарлама берди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде өтө турган шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 18-февраль түшкө карата 14кө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Алар: «Легалайз». «Ата-Мекен». «Эмгек». «Бүтүн Кыргызстан». «Улуу Журт». «Ыйман Нуру». Жашылдар партиясы. «Социал-демократтар». «Патриот». КЭДП (Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы)-НДПК. «Ата-Журт». «Бирге-Вместе». «Свобода выбора». «Ишеним». Читать дальше...

Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таировдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотту. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. Анын бөгөт чарасы кечээ, 17-февралда каралган. Ушул эле сот 28-январдагы отурумунда Таировдун камактагы мөөнөтүн 2-апрелге чейин узарткан эле. Анын камактан чыгарылышына тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнү себеп катары көрсөтүлдү. Читать дальше...

Бишкекте теракт уюштурууну көздөгөн согушкер кармалды

Azattyk.org 

Эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын мурда издөөдө жүргөн жараны (С.А.С.) Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Тергөө учурунда такталгандай, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп кеткен. Ал ошол жылы жашыруун террордук уюмдардын курамында жүрүп, борбор калаада теракт уюштурууну көздөгөн. Читать дальше...

Бишкек шаарынын бюджетинде өсүш байкалды

Azattyk.org 

Борбор калаанын 2021-жылга карата бюджети 10 миллиард 230 миллион 993,6 миң сом болот деп болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Мекемеден кабарлашкандай, мунун 9 млрд. сомго жакыны салыктык киреше, 1 млрд. сомдон ашыгыраагы салыктык эмес киреше. Ушул күндөрү жергиликтүү бюджетке байланыштуу шаарда коомдук угуулар өтүп жатат. Ал жыйындарда белгилүү болгондой, коронавируска байланыштуу кризис жайгарылбаса, быйылкы бюджетке 1 млрд. сомдой каражат түшпөй калуу тобокелдиги бар. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей






Пропавший с радаров над Нижегородской областью самолёт успешно сел в Москве

В Химках провели 18 выездных администраций с начала года

Аналитик Юшков: после санкций ЕС крупными покупателями стали Индия и Китай

Премиальная премьера: Путин прибудет на церемонию инаугурации на новом Aurus