Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын “кара тизмеден” чыгарды
Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алды. Ага ылайык, Кыргызстандан медициналык билим алган Пакистандын жарандары медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире алышат. Ошондой эле пакистандык абитуриенттер Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларына эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат. Бул маселелер Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин Пакистанга жасаган иш сапары учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде каралып, чечилген.