Сыдыков: "Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин түшүү коркунучу бар
«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков суу азайган циклдин аягына чыга электигин белгилеп, "Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылы 5,5 млрд. куб метрге чейин азайышы мүмкүн экенин айтты. Сыдыков бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун сунуштады. “Азыр ушул бойдон кете берсек, эч кандай кадамдарга барбасак кийинки жылы 1-апрелге карата 5, 5 куб метрге түшүү коркунучу бар. Биринчи кадам - өкмөттүн күз-кыш сезонуна даярдык токтомуна өзгөртүү киргизип жатабыз. Читать дальше...