Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 25.02.2021

ТИМ Таиландда сөөгү табылган кыргызстандык тууралуу маалымат бере элек

Azattyk.org 

Таиланддын полициясы Пхукет аралындагы кароосуз калган имараттардын биринен кыргыз жаранынын сөөгү асылган абалда табылганын кабарлады. Бул тууралуу Chiang Rai Times басылмасы жазды. Гезиттин маалыматына ылайык 28 жаштагы Адилет аттуу маркум кыргыз жараны болгон. Анын мойнунда жиптин тактары калган, күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Ал жаран Таиландга эмне себептен барганы жөнүндө толук маалымат жок. Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер... Читать дальше...

Нарында соцкызматкерлер зомбулук боюнча эки фактыны аныкташты

Azattyk.org 

Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тийиштүү органдар менен биргеликте шаардагы 8133 үйдү кыдырып, 158 мигранттын баладарын каттоого алып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эки фактыны аныкташты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ырайымсыз мамилеге кабылган балдар аныкталган жок. Документи жок үч өспүрүм катталды. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Читать дальше...

Бишкек-Ош жолу жабылды

Azattyk.org 

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу 25-февралда саат 22:00дөн баштап, таңкы 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бул кадам магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарын алдын алуу максатында ишке ашырылууда. ӨКМ Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө деп маалымдады. Бардык автоунааларга "Сосновка", Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин чектөө киргизилет. Читать дальше...

Жапаров “Мекенчил” партиясы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго катышпай турганын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясы Бишкек шаардык кеңеш менен катар парламенттик шайлоого да катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 24-февралда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда айтты. Жапаров буга чейинки элдик толкундоолор шайлоолордун ыпылас өткөнүнөн улам болгонун белгилеп, ушундай чечим кабыл алынганын айтты. “Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен ("Мекенчил" партиясы - ред.) катышпайт деп чечтим. Читать дальше...

УКМК экс-депутат Шадиев боюнча АКШ элчилигине кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “25-февралда УКМК АКШда жашырынып жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине ырасмий түрдө кайрылды”... Читать дальше...

Мукамбетованын кармалышы, журналисттердин этикасы

Azattyk.org 

“Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын өкүлү агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча шек саналып жатканын билдирди. «Кармалган айым агенттиктин сайтындагы тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Читать дальше...

Жапаров: Кыргызстанда орусиялык банктардын өкүлчүлүктөрү ачылат

Azattyk.org 

Кыргызстанда Орусиянын бир-эки банкынын өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуусу учурунда айтты. Жапаров билдиргендей бул маселени ал орус президенти Владимир Путин менен талкуулап, оң жооп алды: “Владимир Владимирович менен сүйлөшкөндө мен ушул маселени көтөрдүм. Кыргызстанга Орусиянын банктарын ачууга сөз берди. Өкмөткө команда берип, банктары жакында ачылат Кыргызстанда. Бул мен көтөргөн маселе болду. Читать дальше...



Момбеков: Кумтөр боюнча комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азаюуда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн жаңы комиссия буга чейинки келишимдердин баарын толук изилдеп чыгышы керек деп эсептейт. 25-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Момбеков изилдөөнү 1992-жылдагы келишимден баштоо керектигин айтты жана өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, комиссия түзүүнүн зарылчылыгы да суроо жаратарын белгиледи:   “Кумтөр боюнча канча комиссия түзүлдү. Бирок комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азайып жатат. 67 пайыздан 26 пайызга түштү. Читать дальше...

Эл артисти Токтоналы Сейталиев дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Токтоналы Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык... Читать дальше...

Навальныйдын статусу талашка түштү

Azattyk.org 

Эл аралык Мунапыс уюму Алексей Навальныйды "абийир туткуну" деп атоодон баш тартты. Ошондой эле бул уюм Навальныйдын штабынын жетекчиси Леонид Волковго алар менен "Твиттерде" "түз сүйлөшкөнү" үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Волков мындай сүйлөшүү болгонун четке какты.

Жапаров Москвада мекендештер менен "кара тизме" көйгөйүн талкуулады

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган кыргызстандык мигранттарды андан чыгаруу жана айып пул сыяктуу же башка административдик чараларга алмаштыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада мекендештер менен жолугушуусу учурунда айтты. Жапаров жолугушууга катышкан кыргызстандыктарды ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоого чакырып, эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатканын... Читать дальше...

Коронавирус болуп ооруканада жаткандардын 98% абалы оор деп бааланууда

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын дээрлик 98 пайызынын абалы оор. Бул тууралуу 25-февралда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, алардын абалын дарыгерлер орточо оор, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат. Ооруканада жаткан 358 адамдын бешөөнүн гана абалы канааттандырарлык. 77 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 21,5% түзүүдө. Бейтаптардын 5% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 18 адам. Читать дальше...

COVID-19: Бир күндө үч адам каза болду, 66 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Ысык-Көл облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1463 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (27 адам) жана Чүй облусунда (24 адам). Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 091 кишиге жетти. Читать дальше...

АКШ: Борбордук чалгындоо агенттигинин жетекчилигине дипломаттын талапкерлиги көрсөтүлүүдө

Azattyk.org 

АКШда президент Жо Байден Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчилигине мурда Орусияда элчи болуп иштеген дипломат Уильям Бернстин талапкерлигин койду. Ал 24-февралда Сенатта сөз сүйлөп, Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн "ири геосаясий сынак" экенин билдирди. Бернс Кытайды "олуттуу авторитардык атаандаш" деп атап, Кытай бийлиги өз атуулдарынын интеллектуалдык менчигине кол салып, репрессиялап, аймагын кеңейтүү менен АКШга карата таасирин арттырып жатат деди. Ошентсе да Бээжин менен климаттын өзгөрүшү... Читать дальше...

Кусеин Карасаевдин китеп көргөзмөсү болот

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү илимпоз Кусеин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмө ачылат. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик тил комиссиясы уюштурууда. Филолог, профессор Кусеин Карасаев 1901-жылы Түп районунун Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында төрөлүп, 1914-1916-жылдары орус-тузем мектебин бүткөн. “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Накыл сөздөр”... Читать дальше...

Кыйноого кабылган жаранга мамлекет 50 миң сом кенемте төлөп бермей болду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 38 жаштагы Улан Назаралиевдин милициянын кыйноосуна кабылганына байланыштуу доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, мамлекет ага 50 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берсин деген чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Назаралиевдин адвокаты Сардорбек Абдухалилов кабарлады: "2012-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүндө кармалып турган жарандарга карата кыйноо болгон. Тилекке каршы прокуратура органдары текшерүүдөн кийин кылмыш ишин ачуудан баш тарткан. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA






Адвокат Тимура Иванова хочет обжаловать решение суда для смягчения приговора

Хельга Рай высказалась о скоропостижной смерти актрисы Галины Давыдовой

Обзор: в апреле 2024 года в России открылись 12 новых производств

В СК рассказали подробности нападения на бойца СВО в поезде под Пермью