Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 27.02.2021

Каржы министрлигиндеги каадалуу реформа

Azattyk.org 

Мамлекеттик мекемелерди реформалоонун алкагында Финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаковго сегиз орун басар дайындалды. Саясат талдоочулар тармактагы соңку өзгөрүүлөр калкка натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө багытталбай, тескерисинче, бюрократияны күчөтүп, мамлекеттик органдарды сенек абалга кептеши мүмкүн деп кооптонушууда. Премьер-министр Улукбек Марипов мамлекеттик башкаруу түзүмүн оптимизациялоону алдын ала ойлонулган жана анализделген кадам деп мүнөздөгөн. Министр сегиз орун басарлуу... Читать дальше...

28-февралдын аба ырайы: Бишкекте күн ачык

Azattyk.org 

28-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 4…9; Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 3…8; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5; Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10 градус болот. Читать дальше...

Байден АКШнын Сириядагы аба соккусун Тегеранга эскертүү деп атады

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден Сириянын чыгышында Иран колдогон жоочуларга каршы жасалган аба соккусун расмий Тегеран мындан аркы агрессияга каршы эскертүү катары кабыл алышы керек деп эсептейт. «Силер мыйзамга каршы иш кылбашыңар керек», - деди ал 26-февралда Хьюстондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. 25-февралда Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Ирактагы АКШнын жана коалициянын аскерлери жайгашкан базага жасалган ракеталык чабуулга жооп катары абадан сокку урулганын билдирген. Пентагондун маалыматына караганда... Читать дальше...

Шайлоо алдындагы биригүүлөр

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 27ге жетти. Алардын көбү мурда-кийин мындай ири саясий өнөктүккө катышкан эмес. Ошондон улам добуш үчүн башка бир партиянын астына баш калкалагандар да бар.  Шайлоо алдындагы биригүүлөр 26-февралда Бишкекте маалымат жыйын курган “Биздин мекен”, “Улуу журт” жана “Ак санат” парияларынын лидерлери бириккенин жарыялашты. Алар “Адилеттүү багыт” аттуу ураандын астында “Улуу журт” партиясынын аты менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара турганын билдиришти. Читать дальше...

COVID-19: Вирус дагы 43 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 43 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (18 ) жана Чүй облусунда (11). Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 185ке жетти, каза болгондор 1463 адам. Бир күндө 66 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 371 адам жатат, дагы 285 бейтап үйдөн дарыланууда. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4205 адамга жетти... Читать дальше...

Коронавирустун ыктымал толкунуна даярдык талкууланды

Azattyk.org 

Баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү жана жаңы толкундун пайда болуу ыктымалдыгына даярдыкты талкуулашты. Бул тууралуу 26-февралда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Элчилик Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин 170 жетекчиси үчүн «Саламаттык сактоо мекемелерин кризис шартында башкаруу: COVID-19» деген аталышта тренинг өткөрүүгө көмөктөштү. Кыргызстандагы... Читать дальше...

ИИМ: Балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча 504 штаб түзүлгөн

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында 504 штаб түзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин 26-февралда өткөн жыйынында айтылды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул багытта атайын түзүлгөн мекеме аралык эксперттик топ да иштеп жатат. Жыйында зомбулукка каршы күрөшүү жалаң гана милициянын милдети эмес экени, жергиликтүү бийлик, үй-бүлө мүчөлөрү өзүлөрү да аракет кылышы керектиги айтылды. Укук коргоочулардын айтымында, 2019-2020-жылдары... Читать дальше...

Эксперт Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды

Azattyk.org 

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды. Арызына фото, видео жана телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тиркеп тапшырганын ал 27-февралда кабарлады. 26-февралда Токтогазиева “Фейсбуктагы” жеке баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын, күйөөсү документин көрсөтүүнү суранып, видеого... Читать дальше...

АКШ чалгыны: Сауд канзаадасы журналист Хашогжинин өлтүрүлүшүн колдогон

Azattyk.org 

АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Аврил Хейнс 26-февралда АКШ Конгрессине тапшырган баяндамада оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин (түркчө тегаты: Кашыкчы) өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийликтеринин тиешеси болгону айтылат. Ачыкка чыккан баяндамада Сауд Арабиясынын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман өзү Хашогжинин уурдалышы же өлтүрүлүшү менен байланыштуу тымызын иш-чараны жактырган, деп айтылган. Бул тууралуу «Рөйтерс» кабар агенттиги маалымдады. Бул корутунду Мухаммед... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Роджер Федерер

Теннисисты Роджер Федерер и Рафаэль Надаль стали лицами рекламной кампании Louis Vuitton






Команда Карлсона назвала ложью сообщения о запуске его авторского телешоу в РФ

Афганец, напавший с ножом на студентку в Москве, лечился в психбольнице

Узбекистан намерен войти в проект Шах-Дениз на Каспии

Шанс на уникальную карьеру. Десять детей получат балетный грант