Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 02.06.2022

Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы 21-июнда жанданат

Azattyk.org 

21-июндан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди. Каттам шейшемби күндөрү South China Airlines компаниясы тарабынан аткарылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат. Читать дальше...

"Сорос Кыргызстан" фондунун директору УКМКнын тергөөчүсүнө жолукту

Azattyk.org 

"Сорос Кыргызстан" фондунун директору Шамил Ибрагимов Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнө жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди. Ибрагимов атайын кызматтын тергөөчүсү менен маалыматтык жолугушуу болгонун айтат. "Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен бардык маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. 24 жылдан бери бир дагы мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Читать дальше...

Бурана мунарасынан кыз кулап, каза болду

Azattyk.org 

Токмоктогу тарыхый жай болгон Бурана мунарасынан кыз кулап, каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон кыз 25 жашта болгон. Учурда бул факты реестрге катталып, териштирүү жүрүп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, кыз жалгыз келген жана мунарага чыккан учурда жанында эч ким болгон эмес. Бурана мунарасы X-XI кылымдарда курулган. 2014-жылы ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине кирген. Мунара мамлекет тарабынан корголот. Читать дальше...

Тоолуу Карабак: армян оппозициясынын талабы

Azattyk.org 

Арменияда талаштуу Тоолуу Карабакка байланыштуу нааразылык акцияларынын өтүп жатканына 1,5 айдан ашты. Митингчилер премьер-министр Никол Пашинянды аталган аймак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Эки ири жаңжалды баштан кечирген Армения менен Азербайжан быйыл апрелден тартып Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөрүн баштаган. Үзгүлтүксүз уланган митингдер Апрелдин ортосунан бери уланып жаткан нааразылык акциялары ушул жумадан баштап жаңы формага өттү. Читать дальше...

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды. Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо экени айтылат. Ага ылайык мамлекеттик жарандык кызматкерлерди жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо... Читать дальше...

Депутат бала асырап алуу шартын жеңилдетүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө бала асырап алуунун жол-жобосун жеңилдетүү керек деп эсептейт. Анын айтымында, учурда каалоочулар шарттардын таттаалдыгынан балдар үйүнөн бала багып алуудан баш тартууда. “Тилекке каршы бала асырап алуу абдан таттаал. Аны биздин жарандарга жеңил кылышыбыз керек. Бала, кыз багып алууну каалагандар көп. Бирок, шарттарынын татаал жана узактыгынан баш тартып жатышат”, - деди депутат. Бекешев ата-энеси таштап кеткен балдарды каалоочу жарандарга асыроого берүүнү туура деп эсептейт. Читать дальше...

Журналистке кол көтөргөн жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда журналист Бакыт Кулчумановго кол көтөрүү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу журналист Фейсбук баракчасына жазды. Журналист Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу районундагы бөлүмүнө маалымат алуу үчүн барганда "Улук" аттуу киши ага кол көтөргөнүн айтып, окуянын видеосун жарыялаган. Мындан улам ал 30-май күнү милицияга арыз менен кайрылган. Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын облустук милициядан билдиришти. Читать дальше...

“ПолитКлиника” басылмасы Акылбек Жапаровдун жакындарынын жери тууралуу иликтөө жарыялады

Azattyk.org 

“ПолитКлиника” медиасы “Коррупциянын вакцинасы” премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери" аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын жакын туугандарына Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жер берилип, жерди майдалап элге сатканы айтылган. “ПолитКлиниканын” иликтөөсүндө Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы айыл чарба багытындагы 28 гектар жер 2009-жылы мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен трансформациядан өтүп... Читать дальше...

Парламентте Сырт өрөөнүндө калган малчылардын көйгөйү айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусундагы айрым райондун малчылары жайлаган жайлоолордо калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айтты. Жумабеков 2-июндагы парламент жыйынында Министрлер кабинетин кечиктирилгис чара көрүүгө чакырды. “Малчылар элдин малын чогултуп, жайлоого алып чыккан. Жолдор жабылып, жем-чөбү жок мал кырыла баштады дейт. Тик учактар деле бар. Аларга тоют жеткирбесек, абалы оор болуп турат”, - деди Жумабеков. 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги... Читать дальше...

УКМК профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилерин кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга шек саналып Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси М.А жана анын орун басары В.М. кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын кабарлашынча, мурдагы жетекчи кызматтагы жана белгисиз адамдар менен бирге 5 млн. 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган. УКМК мындан сырткары дагы каржылык мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды деп билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө М.А Профсоюздар федерациясынын төрагалыгына... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде






Хор певчих птиц

Петербург планирует перенести опыт выставки "Россия" на региональный уровень

Иркутский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Липецкий проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023