Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тарапкерлерин 1-мартта Еревандагы Республика аянтындагы митингге чакырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына “Дүйшөмбүдө 18:30да Республика аянтына митинг жана жүрүшкө чакырам,”-деп жазды.
Пашинян мындай чакырыкты өлкө президенти Армен Саркисян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысын кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол коюудан баш тарткан соң жасады.
Арменияда массалык нааразылык акциялары өткөн бейшембиде башталган. Ал учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян өз тарапкерлерин аянтка чакырган. Ошол эле күнү оппозициянын тарапкерлери да митингге чыгып, премьердин отставкасын талап кылышкан.
Мындан соң Никол Пашинян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алууну президентке сунуштаган. Конституцияга ылайык, президент премьер-министрдин сунушунун негизинде Башкы штабдын жетекчисин кызматка дайындайт жана бошотот. Бирок президент Армен Саркисян Гаспарянды кызматтан алуу жарлыгына кол койбой койду. Бул президент менен премьер-министрдин ортосунда пикир келишпестикти жаратты.
Пашинян Башкы штабдын жетекчисин кызматтан алуу боюнча сунушту кайра жөнөттү. Эми президент 3 күн ичинде жарлыкка кол коюшу керек же Конституциялык сотко премьердин чечимине арыз жолдошу керек.
Былтыр күзүндөгү 6 апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды күнөөлөп келатат.
Премьер-министр болсо бул кадамга Армениянын кызыкчылыгы үчүн барганын айтып, кызматтан кетүүдөн караманча баш тартууда.
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Sea War: Raid 1.131.0
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ