Жапонияда аткаминер аялдарды кемсинткени үчүн кызматтан кетти
Жапонияда Олимпиада комитетинин башчысы аялдарды кемсинткени үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду. 83 жаштагы Есиро Мори жыйындардын биринде комитетке мүчө аялдар оюн кыска-нуска билдире албай турганын айткан. Ал ошондой эле «аялдардын чубалжыган билдирүүлөрү кыжыр келтирерин» да кошумчалаган. Моринин бул сөздөрү катуу сынга кабылып, коомчулук анын кызматтан кетишин талап кылган. Мори 12-февралда кызматын тапшырып жатып айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Есиро Мори 2000–2001 жылдары жапон өкмөтүн жетектеген. Читать дальше...