Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 02.08.2020

Хабаровскиде башталган митингдер Орусияга жайылды

Azattyk.org 

2-августта Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы акциясы уланды. Бул ирет демонстранттарга аба-десанттык күчтөрдүн ардагерлери да кошулду. 1-августа Орусия аймагында өткөн өкмөткө каршы демонстрацияларда 70тей киши кармалган.

COVID-19: Австралиянын штатында коменданттык саат киргизилди

Azattyk.org 

Австралиянын Виктория штатынын бийлиги коронавирустун жайылышын ооздуктоо чараларын катаалдаштырды. 2-августтан тартып кечки саат сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилгенин штаттын премьер-министри Дэниел Эндрюс билдирди. Шаардын тургундарына өз үйлөрүнөн беш чакырым алыстоого болбойт, азык-түлүк үчүн суткасына бир үйдөн бир гана адам чыгуусу абзел. Жаңы эрежелердин киргизилишине бир күндө штатта 670 адамдан коронавирус табылганы түрткү болду. Жалпысынан бул штатта 11 500дөн көп адам коронавирус жуктуруп... Читать дальше...

Камерундагы качкындар лагериндеги жардыруудан 13 киши көз жумду

Azattyk.org 

Камерундун түндүгүндөгү качкындар лагерине коюлган чабуулдан кеминде 13 киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Бийлик 2-августтагы кол салуунун артында «Боко Харам» ашынган исламчыл тобу турат деп эсептейт. Жергиликтүү бийликтин айтымында, белгисиз адамдар лагердеги адамдарга граната ыргытышкан. "Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып каза болгондордун саны көп болушу мүмкүн экенин жазды. “Боко Харам” террордук тобу Африканын батышында "Ислам халифатын" түзүүнү көздөп, коңшу Нигерия мамлекетинин... Читать дальше...

Казакстанда саламаттык сактоо министринин орун басары кармалды

Azattyk.org 

Казакстанда 2-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Бул тууралуу Финансы министрлигине таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. «Финансы министрлигинин Каржылык мониторинг боюнча комитети бюжеттик каражатты уурдаган деген шек менен саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишевдин кармалганын ырастайт»,-деген комитеттин билдирүүсүн сайттар жарыялашты. 37 жаштагы Абишев саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына 2018-жылы дайындалган. Ал... Читать дальше...

Орусияда нааразылык акцияларында 70тей адам кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын ар кайсы аймактарында 1-августта өткөн каршылык акцияларында ондогон адамдар кармалды. Бир катар шаарларда Хабаровск аймагынын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы демонстрациялар өттү. Хабаровск шаарынын өзүндө тынбай жааган нөшөргө карабай миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Ушуну менен нааразылык акцияларынын башталганына төртүнчү жума болду. Демонстранттар «Эркиндик», «Путин кет!» деген ураандарды чакырып жатышты. Алардын арасында «Путинсиз Орусия» деген жазуусу бар кагазды көтөрүп жүргөндөр да болду. Читать дальше...

Казакстанда COVID-19 менен пневмонияга кабылгандардын саны бириктирилди

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-августта коронавирус менен пневмонияга чалдыккандардын санын биринчи жолу кошуп жарыялады. Мекеменин маалыматына караганда, 1-августта 6400дөй илдетке чалдыккан адам катталып, 60тай киши көз жумду. Министрлик өлкөдө COVID-19 менен пневмониядан жабыркагандардын жалпы санын жарыялаган жок. Сoronavirus2020.kz сайтындагы маалыматка караганда коронавируска кабылгандардын саны 91 миңден ашат. Пневмония менен коронавируска чалдыккандардын саны 1-августтан... Читать дальше...

Ош мэриясы каатчылыкта курулуш баштады

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча талаштуу долбоорду баштады. 252 миллион сомго бааланган курулуш иштери аягына чыгарынан күмөн санагандар да бар.



Бүргөндүгө түшчү эки шаарчанын планы даяр

Azattyk.org 

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында акыркы жылдары кошумча 3,5 миң гектардай жер өздөштүрүлдү. Буга чейин иштетип келген 4 миң гектар жерди туура пайдалануу менен жергиликтүү казына он эсе жогорулап, дотациядан чыккан. Айыл аймагы жайгашкан Бүргөндү массивинде дагы 9 миң гектар дың жерди өздөштүрүү аракети башталды. Келечекте бул жерге түшө турган эки шаарчанын курулуш долбоору да даяр.

Кабул «Ислам мамлекети» тобунун жогорку даражалуу өкүлү жок кылынганын билдирди

Azattyk.org 

Ооганстандын Чалгын кызматы 1-августта билдиргендей, өлкөнүн атайын күчтөрү «Ислам мамлекети» радикал уюмунун жогорку даражалуу өкүлүн жок кылышты. Ооганстандын улуттук коопсуздук башкармалыгы Асадулла Оракзай Жалалабад шаарындагы операция маалында өлтүрүлгөнүн маалымдады. Оракзай өлкөдөгү бир катар адам өмүрүн алган чабуулдарга, анын ичинде күч түзүмдөрүнө жасалган кол салууларга да тиешеси бар деп шектелип келген. Операция качан өткөнү белгисиз. Бириккен Улуттар Уюму соңку баяндамасында "Ислам... Читать дальше...

Бийликти сындагандарды "тарбиялоо" аракети

Azattyk.org 

Соңку айда эле соцтармактарда бийликке каршы сын-пикир билдирип, тамаша сүрөт-видеолорду жүктөгөнү үчүн күч органдарынын назарына түшкөн же эскертүү алган учурлар көбөйдү. Юристтер демократиялык өлкөдө мындай аракеттер мыйзамсыз экенин баса белгилешет.

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

3-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо сел жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33; Бишкек шаарында түнкүсүн 16...18... Читать дальше...

“Медицина энциклопедиясы” аттуу китеп жарык көрдү

Azattyk.org 

Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору Аттокур Жапанов “Медицина энциклопедиясы” деп аталган үч томдон турган эки китеп чыгарды. Биринчи китепте Кыргызстандагы дарыгерлер, оорулар жөнүндө маалыматтар берилди. Экинчи китепте медициналык терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча түшүндүрмө сөздүгү камтылган. Аттокур Жапанов “Азаттыкка” буларды айтты:   “Кыргыз-Орус (Славян) университетинде 26 жыл иштедим. Ар бир сабактын алдында студенттериме ар бир терминди терең түшүндүргөнгө, которуп бергенге аракет жасадым. Читать дальше...

Депутат добуш берүүдөгү санитардык эрежелерди эрте даярдоого чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттик шайлоого эки ай калганын белгилеп, добуш берүү маалындагы санитардык эрежелер иштелип чыгышы керек экенин билдирди. Депутат бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. “63 күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бирок азыркыга чейин добуш берүүнүн так эрежеси жок. Макул, санитайзер, беткап, колкап, болсун, бирок имараттын ичиндеги байкоочулар, комиссия мүчөлөрү, өкүлдөр кантип иштейт? Кызматкеринен коронавирус табылса партиянын кеңсеси жабылабы?”... Читать дальше...

ДССУ: пандемия узакка созулчудай

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  (ДССУ) "коронавирус пандемиясы узакка созулчудай" деп билдирди. Мындай баасын уюмдун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети 1-августта өткөн жыйында берди. Алты саатка созулган жыйындын жыйынтыгында комитет азыр пандемия менен күрөшүп жаткан мамлекеттерде “бул күрөштөн чарчап калуу коркунучу бар экенин” эскертти. Пандемия башталгандан бери 685 миңден көп адамдын өмүрүн алды. 17,8 миллион киши бул илдетке чалдыкты. Коронавируска кабылгандардын саны көбөйүп жатканына... Читать дальше...

Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Белгилей кетсек, Шевченко башка атаандаш менен таймашып, чемпиондук титулун буга чейин эле коргомок. Бирок кыргызстандык спортчунун жараатынан улам таймаш кийинкиге калып калган.

«Ислам аялдын мураска болгон укугун танбайт»

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун "Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу, бул укуктун мыйзам менен байланышы тууралуу сөз кылабыз.

2-август: 19 медициналык кызматкерден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде 19 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Республикалык штабдын 2-августтагы маалыматына ылайык, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, алтоо Ош облусунда, бирөө Жалал-Абад аймагында, сегизи Ысык-Көл облусунда, экөө Баткенде катталды. Бир күн аралыгында беш медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантининде отурган 41 кызматкер сакайды. Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медиктердин саны 2 809 кишиге жетти. Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада 12 бейтап каза болду, вирус 420 кишиден табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 12 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.  Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1409ге жетти. Бир сутка ичинде 420 кишиден коронавирус жаңы аныкталды. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 719 адамды түздү. Читать дальше...

Новости России
Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Бабур театрынын актеру Махмуджан Рахматов көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов 2-августта жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык музыкалык театрынын жетекчиси Азам Рахим Абдуразаков билдирди.  69 жаштагы Махмуджан Рахматов Кыргызстандагы өзбек театрынын өнүгүүсүнө салым кошкон маданий ишмерлердин бири болчу.  Өзбекстандын Анжиян облусунда туулуп, актерлук билимге ээ болгондон кийин 1969-жылы Ош шаарындагы театрда эмгек жолун баштаган. 54 жыл бою бир жерде иштеп, 130дан ашуун ролдорду ойногон. Читать дальше...

Кыргызстандын бир нече районунда дагы сел жүрдү

Azattyk.org 

2-августта таңкы саат жети чамасында катуу жааган жамгырдан Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылында сел жүрүп, үч үйдү, эки сарайды жана ички жолдорду каптады. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.   1-августта катуу жааган жамгырдан Нарын районунун Куланак айылындагы каналдан суу ташып 28 үйдү суу каптаганы аныкталды. Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунан барчу жолдо катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, каттам токтогон. Читать дальше...

КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду

Sputnik Кыргызстан (sport) 

34 жаштагы жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногону менен белгилүү. Кыргызстандын курамасында 38 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме






В Госдуме допустили повышение налогов

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Мигель Диас-Канель и Геннадий Зюганов обсудили вопросы укрепления связей между Кубой и Россией

Орден святых Кирилла и Мефодия был вручен Государственному Кремлевскому оркестру