Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 22.08.2020

Кыргыз коомунун кеменгер айымы

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар өздөрүнүн дүйнөгө таанымал мамлекеттик ишмер айымы – Роза Исак кызы Отунбаеванын 70 жылдык мааракесин белгилешүүдө. Тарыхчынын блогу.

Ташкентте Абдуллаев тилкат менен кое берилди

Azattyk.org 

Көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев Ташкентте жүрүм-турум эрежелерин бузбоо тилкатынын негизинде бошотулганын анын Өзбекстандагы адвокаты Сергей Майоров «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирди. "Бобомурод Абдуллаевди жүрүм-турум эрежелеринин бузбоо боюнча тилкаттын негизинде бошотушту. Бул ал тергөө аяктагыча суракка чакырылышы мүмкүн дегенди билдирет. Ошондой эле тергөөчүнүн уруксатысыз Өзбекстандын аймагында ары-бери жүрө албайт жана чет жакка чыга албайт. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...

«Мекеним Кыргызстан» талапкерлердин тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы парламенттин VII чакырылышына аттанган талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Үч күн мурда, 19-августта «Мекеним Кыргызстан» партиясы IV курултайын өткөрүп, парламентке бара турган талапкерлердин тизмесин жана программасын бекиткен. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси: Мирлан Бакиров Улан Садалиев Ибрагим Жунусов Татьяна Кузнецова Бакытбек Дүйшембиев Улан Сырдыбаев Марлен Маматалиев Элнура Алканова Жыргалбек Турускулов... Читать дальше...

Роза Отунбаева

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева жетимиш жашка чыкты. Отунбаева Борбор Азия менен КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал. 2010-жылкы ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеген. Отунбаеванын дипломатиялык бай тажрыйбасы, эл аралык кадыр-баркы Кыргызстанды кыйчалыш маалда туңгуюктан алып чыгууга өбөлгө болгон. Ал 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап... Читать дальше...

Абдуллаевдин Ташкенттеги адвокаты Мамлекеттик коопсуздук кызматына чакыртылды

Azattyk.org 

Бобомурод Абдуллаевдин Ташкенттеги адвокаты Сергей Майоров 22-августта саат, 16:00го чукул Мамлекеттик коопсуздук кызматына чакырылганын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына кабарлады. Адвокат Майоров буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенин расмий кабарлап жатса да, анын мыйзамдуу адвокаты катары Ташкенттен маалымат ала албай жатканын билдирген. «Мен Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты экениме карабай, анын Ташкентке... Читать дальше...

Штаб: Муфтият жума намазга уруксат берүүнү өтүнүүдө

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген. Бул тууралуу штабдын 22-августтагы жыйынында айтылды. Анда айтылгандай, Мусулмандар дин башкармалыгы диний мекемелердеги санитардык талаптардын аткарылышына көз салуу милдетин өзүнө алууда. Штабдын маалыматына караганда, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

Абдирасулова: Кыргызстан Абдуллаевди өткөрүп берип, эл аралык норманы бузду

Azattyk.org 

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Кыргызстандын УКМКсы тарабынан Өзбекстанга өткөрүлүп берилишин укук коргоочу Азиза Абдирасулова сынга алды. Укук коргоочу "Азаттыкка" расмий Бишкектин башка мамлекетте "качкын" макамын алган адамды кармап, куугунтуктаган өлкөгө өткөрүп бергени эл аралык нормаларга туура келбей турганын билдирди: "Кыргызстан Өзбекстандын күч кызматтарынын кепилдигин эч качан албайт. Экинчиден, качкындар тууралуу конвенцияга ылайык, үчүнчү бир өлкөдө "качкын" макамын... Читать дальше...



Элди кыйнаган оорунун эстен чыккан сабагы

Azattyk.org 

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавирустан каза болгондор азайды. Бирок коронавирус күчөп турган кездеги убадалар унутулган жокпу деген суроо жаралып жатат.

Украин президенти беларус бийлиги менен элин тынч диалогго чакырды

Azattyk.org 

Украин президенти Владимир Зеленский беларус бийлиги менен элин тынч сүйлөшүү аркылуу маселени чечүүгө чакырды. Зеленский бул тууралуу 22-августта "Украина-24" телеканалына курган маегинде айтты: "Эч качан кан төгүлбөшү керек. Кандай болгон күндө да бийлик менен коом сүйлөшүүнүн форматын табууга тийиш. Кандай болсо да болот, бирок "союл аркылуу" эмес". Беларуста 9-июнда болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын нааразылык акциясы уланып жатканына он күндөн ашты. Бул аралыкта жети миң киши кармалып... Читать дальше...

Президент эч бир партияга таянбай турганын айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" курган маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого токтолуп, ага катышып жаткан партиялардын бирине да кызмат кылбай турганын айтты: "Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Читать дальше...

22-августка карата коронавирустан көз жумгандар катталган жок

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде оорудан 225 адам сакайып, ооруканадан чыкты. Ушуну менен пандемия башталгандан берки убакта жалпы 36 056 адам айыкты.  22-августка карата коронавирус илдетине чалдыккан 186 адам катталды. Анын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталган: Бишкек шаарында - 51; Ош шаарында – 3; Чүй облусунда – 12; Ош облусунда - 25; Талас облусунда ... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

23-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34; Бишкек шаарында түнкүсүн 16...18, күндүз 32...34 градус болот.

Жээнбеков: Жаңы мектептердин курулушу токтобойт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта "Биринчи радиого" маек куруп жатып, жаңы окуу жылына карата жаңы мектептерди куруу иши учурабай турганын айтты: "Билесиздер, Нарын районунун Кеңеш айылындагы вагон-мектеп бүт республикага таанылган. Ошол мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын көрүп келдим. Ал жердин эли менен жолуктум, сүйлөштүм. Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз. Бюджеттик тартышсыздык болсо да... Читать дальше...

“Биримдик”: Касымалиева мектеп директору менен ЖК депутаты катары сүйлөшкөн

Azattyk.org 

“Биримдик” партиясынын шайлоо штабы Жогорку Кеңештин депутаты, “Биримдик” партиясынын талапкери Аида Касымалиевага карата Интернетте айтылган дооматтарга жооп берди. Штабдын маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин жетекчиси менен Аида Касымалиева “Биримдик” партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн: “Биринчиден, мындай сүйлөшүүнү коркутуу катары жарыялоонун эч кажети жок. Читать дальше...

Беларус бийлиги “Радыё Свобода” радиосунун сайтына бөгөт койду

Azattyk.org 

"Азаттыктын” беларус кызматынын, тагыраак айтканда “Радыё Свобода” радиосунун сайтына жана башка бир катар сайттарга беларус бийлиги бөгөт койду. Бул президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары учурунда маалымат айдыңын көзөмөлдөө максатында болууда. Беларустун Маалымат министрлиги 21-августта атайын буйрук чыгарып, дем алыш күндөрүндөгү массалык демонстрациялардан улам, байланышка чектөө коюларын билдирген. Өлкөдө 72 сайтка бөгөт коюлган. Алардын арасында «Белсат», «Еврорадио» жана «Медиазона Беларусь» агенттиктери да бар.

Навальный Германияга жеткирилди

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды салган немис медициналык учагы 22-августта эртең менен Германияга конду. Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасы 21-августтун кечинде анын абалы оңоло баштаганын билдирип, орун которууга уруксат берген. Орус бийлигинин элдешкис каршылашы саналган Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эс-учун жоготуп жыгылып, учак Омскиге шашылыш конгон. Дароо ооруканага жеткирилген Навальныйдын комадан чыкканы кабарлана элек. Омск шаарынын №1 тез... Читать дальше...

Тихановская: Эл бийликтин тынч жарандарга күч колдонгонун кечирбейт

Azattyk.org 

“Беларус бийлигинин тынч жарандарга күч колдонуусун кечирүүгө болбойт”. Мындай сөзүн президенттикке талапкер Светлана Тихановская 21-августта Вильнюста маалымат жыйынында айтты. Ал ошондой эле бийлик жарандардын талаптарын угат деген үмүтүн да билдирди. “Беларустун эли тынч митингчилерге карата күч колдонулуп, зомбулук болгонун унута албайт”, - деди Тихановская. Өлкөдөгү кырдаалга Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу суроого жооп берип жатып, Светлана Тихановская коңшу мамлекеттерди Беларустун эгемендигин сыйлоого чакырды. Читать дальше...

УКМК: Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди өзбек бийлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди: “Эл аралык издөөдө жүргөн Абдуллаев 8-августта Ташкендин өтүнүчү менен кармалган. Биринчи Май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 22-август күнү Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди”. Рахат Сулайманов өзбекстандык... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде






Участнику СВО из Киргизии дадут временное убежище в России

Более 300 многодетных семей Сергиева Посада получили электронное удостоверение

В московском парке нашли тело мужчины

Понедельник начинается в субботу. Выпуск 2