Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 31.08.2020

"Ала-Тоо" кубогу Европадагы кыргыздарды чогултту

Azattyk.org 

Европада жашаган кыргызстандыктар Эгемендүүлүк майрамын белгилешти. Прагада чогулган мекендештер футбол ойноп, "Ала-Тоо" кубогу үчүн ат салышты. Мелдешке Германиянын жана Чехиянын командалары катышты. Прагада комуз күүсү жаңырып, чех жергесинде төрөлгөн бөбөктүн тушоо кесүү тоюу менен башталды.

Ливанда жаңы өкмөттү Мустафа Адиб курайт

Azattyk.org 

Ливандын президенти Мишел Аун жаңы өкмөт түзүүнү буга чейин Ливандын Германиядагы элчиси болуп иштеген Мустафа Адибге тапшырды. Бул тууралуу ал Франциянын президенти  Эммануэл Макрондун Бейруттагы сапарына саналуу сааттар гана калганда жарыялады. Жаңы өкмөттү түзүү Бейрутта ушул айдын башында ондогон адамдын өмүрүн алган жарылуудан кийин келип чыккан саясий каатчылык маалында өткөнү жатат. Буга чейинки Хасан Диаб жетектеген өкмөт бул каргашалуу окуядан улам башталган калайман каршылык акцияларынан улам мөөнөтүнөн мурда тараган. Читать дальше...

«Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосундагы эфир жадыбалы убактылуу өзгөрдү

Azattyk.org 

1-сентябрдан 2-октябрга чейин «Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосу аркылуу эфирге чыгуу жадыбалы убактылуу өзгөрдү. Мурда эртең менен саат 7:00дөн 9:30га чейинки түз эфирдеги уктуруулар саат 9:30дан 11:30га чейин обого узатылат. Кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейинки эфир 20:00-22:00гө жылды. Жадыбалдагы өзгөртүү киргизүүнү «Санжыра» радиосунун жетекчилиги алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу сунуш кылган.   «Биринчи радионун» толкуну аркылуу обого берилчү программалардын убактысы мурдагы бойдон калат.

Кыргызстандыктардын коңшу өлкөлөргө кирип-чыгуу маселеси чечиле элек

Azattyk.org 

Казакстан менен Өзбекстандын жарандарынын Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери жумшарды. Бирок эки өлкө азырынча кыргызстандыктарга андай жеңилдик бере элек. Ташкент менен Нур-Султан чек ара өткөрүү пункттарындагы чектөөлөрдү качан алып салары расмий маалыматтарда айтылган жок. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, өзбекстандыктар 1-сентябрдан тартып Ош облусундагы «Достук» жана «Кызыл-Кыя» өткөрүү пункттарынан Кыргызстанга келе алышат. Казакстандыктарга 21-августтан баштап Чоң-Капка... Читать дальше...

Израил менен АКШнын делегациялары Бириккен Араб Эмираттарына келди

Azattyk.org 

Израилдеги «El Al Israel Airlines» авиакомпаниясына таандык учак 31-августта Тел-Авивден Абу-Дабиге учуп келди. Анда АКШ менен Израилдин делегациялары болду. Топтун курамында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана анын кеңешчиси Жаред Кушнер менен Израилдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Меира Бен-Шаббат да бар. Алар Абу-Дабиде расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашмакчы. Жерад Кушнер Тел-Авивден Абу-Дабиге учарда «бул тарыхый учур... Читать дальше...

Майрамдык иш-чара онлайн форматында өттү

Azattyk.org 

Ала-Тоо аянтында Эгемендик майрамына карата иш-чара онлайн форматта өттү. Ага ыктыярчылар, дарыгерлер жана бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.



Карантинде милиция кызматкерлери менен урушкан кыз үч жылга кесилди, мунапыс менен бошотулду

Azattyk.org 

Бишкекте быйыл коронавирус пандемиясына байланышкан карантин учурунда милиция кызматкерлери менен чатакташкан кыз үч жылга кесилди. Сот иштери жана чечимдеринин маалыматтык базасы - Sot.kg сайтындагы маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев бул иш боюнча 4-августта өкүм чыгарган. Ага ылайык, 22 жаштагы кыргызстандык жаран Кылмыш кодексинин 355-беренесинин экинчи бөлүмү («Бийлик өкүлүнө карата коркутуп-үркүтүү же зомбулук») менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Читать дальше...

БШКнын жумушчу тобу Нарында тартылган тасма боюнча иликтөө баштады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Нарын районунун Чет-Нура айылында тартылды деген видеотасманын чоо-жайын иликтөөгө киришти. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирди.  Анын айтымында, жумушчу топто "айыл өкмөт башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн" деген фактылар каралып жатат.  Мыйзам бузуу болгону далилденсе, партия шайлоодон четтелип, айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголушу мүмкүн. Читать дальше...

Кытай менен Чехия Тайвандын айынан кайым айтышып жатат

Azattyk.org 

Чех Сенатынын спикери Милош Выстрчилдин Тайвандагы сапарынан улам Бээжин менен Праганын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө бул сапарды «саясий оппортунизм» жана «ачык чагымчылдык» катары баалап, Выстрчилдин бул сапарынын кесепети оор болорун эскертти. Бирок Бээжин кандай чара көрөрүн тактаган жок. Ал эми чех спикери муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары мүнөздөп, Тайвандагы сапарын Кытайга каршы чыгуу катары баалабай турганын айтты. Бээжиндин билдирүүсүн... Читать дальше...

Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөйт

Azattyk.org 

Беларустагы соңку президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого башкы саясий атаандаш болгон, ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан Светлана Тихановская Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөйт. Анын штабы Тихановская видео байланышка 4-сентябрда чыгарын кабарлады. Андан сырткары Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында да баяндама жасамакчы. Ал арада Балтика боюндагы үч өлкө - Литва, Латвия жана Эстония биргелешип Александр Лукашенко баштаган 30дай беларус аткаминерине санкция салганы жатат. Читать дальше...

«Москва иши» боюнча соттолгон белгилүү блогер Жуковду сабап кетишти

Azattyk.org 

Москва шаардык полициясы Егор Жуковдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Жуковду жекшембиде түндө үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Жарандык активисттин тарапташтарынын бири Евгений Овчаровдун айтымында, ага эки киши кол салып, үн-сөзү жок эле токмоктогон. Ал ушул тапта мээси чайкалган деп ооруканага жаткырылды. Жогорку экономика мектебинин студенти, 22 жаштагы блогер Москвадагы таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган жана бийликтин саясатына каршылык катары былтыр жайында өткөн митингдердин биринде кармалган. Читать дальше...

Мектепти сагынткан вирустун азабы

Azattyk.org 

1-сентябрдан тартып жаңы окуу жылы аралыктан окуу менен башталганы турат. Болгону 1-класстын окуучулары гана мектепке барышат. Кыргызстанда март айынан бери 388 баладан коронавирус ПЧР тести аркылуу аныкталган.

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 1-сентябрда  түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт,  тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Читать дальше...

Ырчы Берадор Борбиев үгүткө байланыштуу айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу топтору ырчы Берадор (Бек) Борбиевдин аткаруусундагы «Мекеним Кыргызстан» ырында мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүнүн «белгилери бар» деген чечимге келди. Ырчыга 7500 сом өлчөмүндө айып салынмай болду.  Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, маселе 29-августта Боршайкомдун эки жумушчу тобунун биргелешкен жыйынында каралып, чечим чыгарылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон ырчынын аракети... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Синзо Абэ Дональд Трамп менен коштошту

Azattyk.org 

Жапониянын кызматтан кетип бараткан премьер-министри Синзо Абэ дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен коштошуп, телефондон сүйлөштү. Жарым сааттык пикир алышууда Абэ эки өлкөнүн ынтымагы өзү кызматтан кеткенден кийин да бекемделерине ишеничин билдирген. Ошондой эле лидерлер Түндүк Корея маселеси, коронавирус пандемиясы тууралуу да пикир алышкан. Бул тууралуу Токиодогу өкмөттүн баш катчысы Йошихиде Суга кабарлап, жапон-америка мамилеси ушул тапта болуп көрбөгөндөй бекем экенин баса белгиледи. Читать дальше...

COVID-19: АКШда ооругандар алты миллион адамга чукулдады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда жаңы окуу жылы башталып, студенттер университеттерге кайткандан бери оору жуккандар көбөйүп жатат. Бийлик кампустарда көп киши чогулушуна, шаан-шөкөттөрдүн уюштурулушуна тыюу салып, барларды жабууга аргасыз болууда.  Жалпысынан АКШда коронавирустун жаңы учурлары, илдеттен көз жумгандар, ооруканага түшкөндөр азайып баратат.  Жонс Хопкинс университетинин 30-августтагы маалыматына ылайык, АКШда дагы беш миң кишиден коронавирус табылса, жалпы саны алты миллионго жетет. Ал эми жалпы... Читать дальше...

Пакистандын уруулар аймагындагы чабуулда кеминде үч жоокер мерт болду

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги Ооганстан менен чек арасынан анча алыс эмес Түштүк Вазиристан аймагында уруулар байырлаган жердеги кол салууда бери дегенде үч жоокер набыт болгонун билдирди. Өлкөнүн аскер жетекчилери окуя 30-августта тинтүү-чалгындоо жүрүп жатканда болгонун, дагы төрт жоокер жарадар экенин маалымдашты. Аймактык полиция башчы Шаукат Алинин эсебинде, кандуу окуяда бери дегенде төрт адам өлдү.  Кол салууну Пакистанда ишмердигине тыюу салынган «Техрик-э-Талибан» согушкер тобу уюштурганын мойнуна... Читать дальше...

Ошто коронавируска каршы күрөшкө салым кошкондор сыйланды

Azattyk.org 

31-август - эгемендик майрамына карата Ош шаарынын мэриясы COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө салым кошкон жарандарга, ишкерлерге, дарыгерлерге сыйлыктарды ыйгарды.  Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан жүзгө жакын адам сыйланды.  Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ош шаарында да быйыл эгемендик майрамында массалык иш-чаралар уюштурулган жок. Шаардын борбордук аянтында вируска каршы күрөшкөндөргө сыйлык берилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосунан кийин концерттик программа уюштурулду. Читать дальше...

Монтенегродо шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча оппозиция утту

Azattyk.org 

Монтенегродо 30-августтагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, «Монтенегронун келечеги үчүн» деп аталган оппозициялык коалиция баштаган  күчтөр алдыга чыкты. Алар кеминде добуштардын 41% алышты. Ал эми бийликтеги батышчыл Социалисттердин демократиялык партиясын шайлоочулардын 33% жакыны колдоду. Бул тууралуу Мониторинг жана иликтөөлөр борбору добуштардын 88% ашыгы саналгандан кийин билдирди. Оппозициялык коалициянын башчысы Здравко Кривокапич жеңгенин жарыялады. Президент Мило Жуканович... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде






Изучаем столицу. Библиотека в Ломоносовском районе приглашает в кружок москвоведения и на экскурсии

Диетолог Соломатина предупредил об обилии сахара в покупных куличах

В Химках провели круглый стол по оказанию первой помощи

Литературно-поэтический час «Ушла на фронт ещё девчонкой...»