Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 21.08.2020

Партиялар идеологияга жараша бириккен жок (аудио)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады. Баш кошуу жөнүндө чечимдердин негизги критерийи эмне болуп жатат? Партиянын идеологиясыбы же талапкердин кландык, аймактык, материалдык таасири үстөмдүк кылып жатабы?

Акылы курч алтын жаштар

Azattyk.org 

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышып, алардын 53ү эң жогорку балл алды. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Боршайком ишенген жаңы тутум

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого чейин жарандардын бир жерден экинчи жерге жапырт катташына бөгөт коюш үчүн «Face ID» тутумун колдонгон жаңы эрежелер киргизилгенин жарыялады.

Пакистан Ооганстан менен чек арасын ачты

Azattyk.org 

Пакистан 21-августта Ооганстан менен чектешкен Чаман чек ара бекетин ачты. Өткөрмө пункту коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында жабылган эле. Пакистандын бийлик өкүлдөрү чек ара Белужистан провинциясынын бийлиги жана аймакка жакын жашаган пакистандыктар менен сүйлөшүүдөн кийин ачылганын билдиришти. Жергиликтүү эл Чаман бекети аркылуу оокат кыларын, жолду өзгөчө жумушчулар жана соодагерлер колдонушарын айтышып, ачууну талап кылып келаткан эле. Мунун айынан нааразылык акциялары өткөрүлүп... Читать дальше...

Журналист Абдуллаев Ташкентке экстрадицияланганы тууралуу маалымат чыкты

Azattyk.org 

Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жакындары аны кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берип койгон болушу мүмкүн экенин билдирип, камтама болушууда. Камактагы журналисттин апасы Гавхаржон Мадаминованын 21-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына айтканына караганда, уулу Өзбекстанга жеткирилиши мүмкүн. Мадаминова 21-августта өзүн Хорезм облустук администрациясынын кызматкери катары тааныштырган «Сайёра» аттуу аял анын үйүнө келип, Ташкент шаарынын... Читать дальше...

Навальныйдын аялы Путинге талап койду

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын аялы өлкө президенти Владимир Путинге кат жазды. Анда күйөөсүн Германияга алып кетиш үчүн «уруксат берүүнү талап кылары» айтылган. «21-август саат 12.00дөн тартып Алексей Анатольевич Навальныйды жогорку деңгээлдеги дарыгерлердин көзөмөлү астында алып кетүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар», деп жазылат Юлия Навальная кол койгон катта. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-августта эгер кайрылышса саясатчыны чет өлкөгө эвакуациялоого жардам беришерин билдирген. Читать дальше...

Клюге: Жоопкерчилик жок болсо, вакцина да пандемияны токтотпойт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөрүлгөн брифингде пандемияны вакцина эмес, ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтоторун айтты. «Вакцина дагы  пандемияны токтото албайт. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алып, вирустан сактанууну үйрөнгөн күнү гана пандемия токтойт. Бул ар бирибизден көз каранды, ал күн эртең да болушу мүмкүн», - деди Клюге. Ушул эле жыйында ДССУ жайкы эс алууда коронавирус жуккандар көбөйүп жаткан Европа мамлекеттеринде... Читать дальше...



Кайсы партияга добуш бересиз?

Azattyk.org 

Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.

Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты

Azattyk.org 

«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ырастады. Маалыматка караганда, Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулун бошотуу тууралуу 19-августта чечим чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Жогорку сот мурдагы депутатка карата чыккан өкүм тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

Эрдоган Кара деңизде газ өндүрөрүн кабарлады

Azattyk.org 

Президент Режеп Тайып Эрдоган 21-августтагы элге кайрылуусунда билдиргендей, Кара деңиздин Эрегли аймагына жакын аймакта 320 миллиард метр куб газ резерви табылган. Бул резерв Түркиянын «Фатих» бургулоочу кемеси быйыл 30-июндан бери деңиздин түбүн изилдеген соң аныкталган.  Президент Эрдоган ошондой эле Кара деңизде табылган газ резервин түркиялыктар 2023-жылдан баштап колдонорун билдирди. Газ табылган аймак Кара деңизде Болгария жана Румыния менен чектешет.  Түркия чет өлкөдөн 2019-жылы 45 миллиард долларга газ импорттогон. Читать дальше...

Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы очогу пайда болду

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда 20-августта 300дөн ашуун адамдын коронавирус жугузуп алышы тынчсыздандырууда. Бул март айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Коронавирустун бул жолку жайылышын «Сараң Жейл» деген чиркөө өткөргөн акциядан көрүп жатышат. Анын мүчөлөрү өткөн аптада өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы жүрүш өткөрүшкөн. Вирус аныкталгандардын көбү ошол акцияга катышкан. Чиркөө жетекчиси өзү да бул илдетке чалдыккан. Бирок ал акцияга катышкандардын тизмесин берүүдөн баш тартып, өкмөттүн ишине токсоолдук кылууда.... Читать дальше...

Материалдык резервдер фонду Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алды

Azattyk.org 

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн 411 миллион сомдун эсебинен Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алды.  Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов 21-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ата мекендик дыйкандардан дагы 10 миң тонна буудай сатып алынат.  Каракулов ушу тапта мекемедеги азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жете турганын, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дары-дармектерди сатып алып... Читать дальше...

Жан дүйнөсүн таза сактаган акын эле

Azattyk.org 

90-жылдардан кийинки адабий муундун оозунан түшпөгөн ысымдардын бири Дүйшөн Жапаров эле. Бирок далайыбыз тамшанып окуган ырлары өтө сейрек учурачу. Китебин издеп суй жыгылгандарыбыз болду. Көрсө, бир да жолу китеби жарыкка чыкпаган акын экен. Мунусуна андан бетер таң калганыбыз бар... Болгону шапалактай альманахка кирген бирин-экин ырлары, гезит бетине чанда жарыяланган ырлары менен эле адабий журттун улуу-кичүү мунуна тез эле жайылып кеткен талант экенин кийин түшүндүк. Арийне, саналуу ырлары... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирустан 80дей медицина кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Бул тууралуу 21-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен 30дан көбү дарыгерлер. Расмий маалымат боюнча, 21-августка карата Кыргызстанда 3 073 медкызматкерге COVID-19 илдети жугуп, 2 383ү айыгып чыкты. Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом,... Читать дальше...

БШК мыйзамсыз үгүт жүргүзүү тууралуу арыз боюнча эскертүү берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-августта «Биримдик» партиясына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча түшкөн арызды карады. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Ага караганда, «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деп даттанышкан. Жыйында видеофайл көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында БШКнын чечими менен Касымовго эскертүү берилген. Читать дальше...

Комадагы Навальныйдын тагдыры талашта

Azattyk.org 

Уулануунун белгилери менен Омск шаарындагы ооруканада жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды чет өлкөгө алып кетүү аракетинен майнап чыкпай жатат.

Новости России
Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Пандемия тикмечилерди ишсиз калтырды

Azattyk.org 

Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлады. Ошондон улам ондогон тикмечи келиндер жумушсуз калса, айрымдары башка иш табууга мажбур болгон.

Данакер басма ишмери эле...

Azattyk.org 

Кыргызстандын басма ишине зор салым кошкон ишкер Тилек Тураркул уулу Мураталиев 60ка караган жашында жүрөгүнөн кармап дүйнө салды. Т.Чоротегин эскерет.

Гүлжигит Алыкулов Европа мелдешинде ойногон кыргызстандык үчүнчү футболчу болот

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы этаптарында ойногон.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






В Самаре заработает пункт отбора на программу «Время героев»

Михайлов поставил точку в скандале с Пугачевой, назвав ее «великим человеком»

Депутаты и ветераны написали «Диктант Победы» в Домодедове

В Тверь прибыл красавец-теплоход Мустай Карим