Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 27.08.2020

ГЛАВНЫЙ КОРРУПЦИОНЕР КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ И ГЛАВА ОПГ ШАРАБИДИН КАПАРОВ (криминальная кличка Шараб миллион)

PR Kyrgyz 

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго

                                              723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0770 352010)

АРЫЗ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

1. Биз 3 жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүдөгүү коррупциялык схемалары жөнүндө кайрылып жатабыз. Бирок коррупционер Ш. Капаровдун “адвокаттары”: Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов... Читать дальше...

Өзбекстандык мурдагы имам 15 жылдан кийин түрмөдөн чыкты

Azattyk.org 

Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов дээрлик 15 жылдан кийин абактан бошотулду. Ал террорчулук, экстремизм жана Конституцияга каршы аракеттер боюнча айыпталып, 2006-жылы узак убакытка эркинен ажыратылган. Жакындары Фахриддинов абактан 2 жыл 3 айга эрте бошотулганын билдиришти. Анын эркиндикке чыкканын эл аралык укук коргоочулар кубатташты. Алардын бири, “Human Rights Watch” уюмунун мурдагы кызматкери Стив Свердлоу Фахриддиновдун бошотулганы маанилүү экенин белгилеп... Читать дальше...

Мессинин билдирүүсү талкуу жаратты

Azattyk.org 

«Барселона» футбол клубунун атактуу чабуулчусу Лионел Месси клубдан кетерин билдирди. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги шейшемби күнү клубдун жетекчилигине шилтеме кылып жазып чыкты.

Эгемендик майрамына арналган иш-чара онлайн өтөт

Azattyk.org 

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 31-августта Эгемендик майрамына карата иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.  Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушунда чечим кабыл алынганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.  Кыргызстан мурунку СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп... Читать дальше...

Абдулла оогандардын ички диалогу кийинки аптада башталарын айтты

Azattyk.org 

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн башын кошкон сүйлөшүүлөр кийинки аптада башталат. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла 27-августта билдирди. Ал өкмөт оогандардын өз ара ички диалогуна толугу менен даяр экенин айтты.  Абдулланын мындай билдирүүсү боюнча талибдер азырынча үн ката элек. 26-августта «Талибан» кыймылы оогандардын өз ара диалогуна жана АКШ менен сүйлөшүүлөргө жооптуу боло турган 20 кишилик атайын топ түзгөнүн маалымдаган. Читать дальше...

БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча соттун чечимине макул эмес

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес. Мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, партиянын арызын четке кагыш үчүн сотто негиздүү далилдер бар болчу. БШК коллегиялык орган болгондуктан, мүчөлөрү кеңешип жогорку инстанцияга кайрылуу маселесин талкуулашат. Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карады. Читать дальше...



Путин Беларуска күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жөнөтө аларын айтты

Azattyk.org 

Орусия зарылчылык жарала турган болсо Беларуска тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтө алат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 27-августта «Россия» телеканалында жарыяланган маегинде билдирди. Ал Беларуста «талоончулук» орун ала турган болсо, орус укук коргоо органдары тартипти сактоого көмөктөшөрүн айтты. «Александр Григорьевич [Лукашенко] менден укук коргоо кызматкерлеринин белгилүү бир резервин түзүп коюуну өтүндү. Мен аны кылдым. Бирок биз бул күчтөр абал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче колдонулбайт деп келиштик»... Читать дальше...

Бишкектеги убактылуу стационарлардын акыркысы жабылды

Azattyk.org 

Бишкекте коронавирус пандемиясына каршы ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы 27-августта жабылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  Шаардык администрация муну калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калганы менен түшүндүрдү. Ага карабай мэрия элди кайдыгер болбоого чакырып, коронавирус коркунучу кете элек экенин эскертти.   Расмий кабарга ылайык, Бишкекте июлда ачылган күндүзгү, түнкү жана күнү-түнү иштеген стационарларда медиктер 106 222 адамга жардам көрсөттү. Кыргызстанда... Читать дальше...

Шайлоого КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын кеңешинин 50дөн ашуун байкоочусу көз салат

Azattyk.org 

4-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешин шайлоого Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Парламент аралык ассамблеясынын кеңешинин 50дөн ашуун байкоочусу көз салат. Кеңештин баш катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиева менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жолугуп, шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнү талкуулашканы 27-августта расмий кабарланды. 2015-жылкы парламенттик шайлоого бул кеңештин 32, 2017-жылдагы президенттик шайлоого 24 байкоочусу келген. (SE)

Шайлоодогу тизмеден чыккан тиреш

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого көрсөткөн талапкерлердин тизмесин өзгөрткөнүн айтып, арызданды.

Сот «Кыргызстан» партиясынын арызын канааттандырды

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карап, ушундай чечим чыгарды. Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок. Отурумдан соң кабарчылардын суроолоруна партиянын өкүлү Талант Мамытов жооп берип: «БШКнын чечими жараксыз деп табылды. Биз эми шайлоого катышабыз»,- деди.  Партиянын өкүлү Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну... Читать дальше...

Түркияда кыргыз тили жана маданияты тууралуу онлайн конференция өттү

Azattyk.org 

27-августта «Түрк тил коому» уюштурган «Кыргыз тили жана маданияты» аттуу илимий конференция өттү. Ага Түркиядагы айрым университеттерде иштеген түрк илимпоздор менен катар Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандан профессор Кадыралы Коңкобаев жана профессор Сулайман Кайыпов катышты. Онлайн конференция Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата уюштурулуп, илимпоздор кыргыз тилинин тарыхын, кыргыз маданиятын жана эки өлкөнүн ортосундагы байланышты талкуулашты. «Түрк тил коому»... Читать дальше...

«Кыргызстан» партиясына байланыштуу сот чечимин угузууга журналисттер киргизилбей жатат

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызына карата чыгарчу чечимди уктуруу жараянына журналисттер киргизилбей жатат. 27-августта түштөн кийин башталган отурумду судья Чолпон Досмамбетова карап, кечки саат жетиде чечим угузулары айтылды. Бирок чечим чыгаруу учурунда журналисттерге сот залын жаап коюшту. Кабарчылар нааразылык билдирип, анын себебин сурашты. Эч ким түшүндүрмө берген жок.  Партиянын өкүлү Александр Мощин БШКнын... Читать дальше...

Ардагер диктор Зарыл Мамбеталиева көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева оорудан улам 82 жашында көз жумду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ал 25-августта жашоо менен кош айтышканын кабарлады. Мамбеталиева 1938-жылы 25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Ош облусунун Кара-Суу районундагы орто мектептен билим алып, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1961-жылга чейин Араван районунда мектепте башталгыч класстын мугалими болуп, андан соң кыргыз радиосуна диктор болуп иштей баштаган. Читать дальше...

Дагы эки партия шайлоого катышуудан баш тартты

Azattyk.org 

«Нур» жана «Тартип-Порядок» саясий партиялары алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) билдирди. Боршайком кабарлагандай, эки партиянын шайлоого катышуудан баш тартары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алары тууралуу билдирүүсү 27-августта каралып, канааттандырылды. Ушуну менен парламенттик шайлоого катышуу боюнча БШКга кайрылып, бирок баш тарткан саясий партиялардын саны 15тен ашты. Бир катар партиялар башка саясий бирикмелер... Читать дальше...

Хакимов: Газ менен жүрчү автобустар сатып алынат

Azattyk.org 

Бишкекке газ менен жүрө турган 100 автобус алып келүү пландалып жатат. Алар келгенден кийин баш калаадагы жүргүнчүлөрдү ташыган 14 маршруттук таксинин багыты өзгөрө турганын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов 27-августта мэрияда өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, багыты өзгөргөндөн кийин маршруттук таксилер Бишкектин борборуна кирбейт. Бирок автобустар качан келери азырынча белгисиз.  Сатыбалды Хакимов мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө шарт түзүү аракеттери тууралуу да маалымат берди. Читать дальше...

Новости России
Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


БШКга дооматты күчөткөн чуу

Azattyk.org 

«Кыргызстан» партиясына байланышкан акыркы окуя Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине сын-дооматты күчөттү. Боршайкомдун партиянын документтерин кабыл алуу боюнча берген карама-каршы маалыматтары мекеменин ичиндеги уюштуруу иштери тууралуу маселени козгоду. Талдоочулар шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдын мүчөлөрү бийликтин жана саясий партиялардын кызыкчылыгын коргоо менен алектенип жатканын, БШКны реформалоо керектигин айтып жатышат.

АКШда вице-президент демократтардын талапкерин сындады

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Республикалык партиянын 26-августта Балтимор шаарында өткөн улуттук жыйынында Демократиялык партиядан президенттик шайлоого аттанган Жо Байденди сындады. Ал демократтардын талапкери «Американы зомбулукка жетелеген саясатты күчөтөт» деп айтты. «Силер Жо Байдендин Америкасында коопсуз болбойсуңар», - деди Пенс. Пенс негизинен өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышы жана тартип тууралуу сөз кылып, президент Дональд Трамптын полиция бөлүмдөрүнө колдоо көрсөтүп жатканын кубаттады. Читать дальше...

Бийликке талап койгон блогер камалды

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасында 31-майда болгон чатакты чагылдырган, Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунан чыккан видеоблогер Дадахон Хайдаров 10 суткага камалды.

Берлинде Беларуска санкция салуу маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Берлинде эки күндүк расмий эмес сүйлөшүүлөргө чогулууда. Анда Беларустагы талаштуу президенттик шайлоо жана тынч демонстрацияларды күч менен басуу аракетине байланыштуу Минскиге санкция салуу маселесине көңүл бурулганы жатат. Буга чейин Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана митингчилерди куугунтуктоого аралашкан 15-20 беларус жаранына санкция салары кабарланган. DPA жаңылыктар агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, 27-28-августта... Читать дальше...

«Кыргызстан» партиясы сотто бир талабынан баш тартты

Azattyk.org 

27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын карап жатат.  Партиянын өкүлү Александр Мощин БШК партиянын документин артка кайтарып беришин туура эмес деп эсептеп, БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана аталган партияны каттоого милдеттендирүүнү суранды. Ишти карап жаткан Чолпон Досмамбетова сот Боршайкомду партияны каттоого алууну милдеттендирүү боюнча укугу жок экенин эскертти. Партия  өкүлү ал талабынан баш тартты. Читать дальше...

«Кудайга ишенүү же ишенбөө адамдын өз эрки»

Azattyk.org 

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде






Общеобластной субботник прошел во всех микрорайонах Химок

Участок, соединяющий Южную рокаду и МСД, готов практически на 70%

«Слитая» запись из дворца Си и другие итоги визита Толяна Блинкина в Китай: провожал лишь посол США

Пешеходные дорожки обновят по ФКГС в сквере Иконникова в Сормове