Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 24.08.2020

БШКда партиялардын документин кабыл алууда чыр чыкты

Azattyk.org 

25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты. Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү. Камерадан алынган видеодогу убакытка... Читать дальше...

Активисттер БШК төрайымынан «Кыргызстан» партиясы боюнча маалымат талап кылышты

Azattyk.org 

Жарандык активисттер жана журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековадан партияларды каттоого алуу учуру жазылган видеожазууну жана каттоо журналын көрсөтүүнү сурашты. Алар мындай кадамга «Кыргызстан» партиясы «каттоого өтүүдөн кечигип, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы» тууралуу тараган маалыматтан улам барышууда. 24-августта түнкү саат 11де алар БШКнын имаратынын алдында мекеменин башчысы Шайлдабекова менен жолугуп, ушул маселени көтөрүштү. ... Читать дальше...

«Реформа» партиясынын мүчөсү «Кыргызстан» партиясына байланыштуу БШКга кайрылат

Azattyk.org 

«Реформа» партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Рита Карасартова «Кыргызстан» партиясына байланыштуу маселеден улам Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) суроо-талап менен кайрылат. Ал 25-августта тийиштүү арызды жибере турганын «Азаттыкка» билдирди. Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин тактап бүтпөй калганын, БШК менен жең ичинен сүйлөшүү жүрүп жатканын жазышкан. «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү... Читать дальше...

Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салган адам «көбүрөөк киши өлтүргүсү» келген

Azattyk.org 

Былтыр Жаңы Зеландиядагы Крайсчөрч шаарында эки мечитке кол салып, 51 мусулманды өлтүргөн адамдын соту башталды. 24-августта өткөн сот жараянда прокурорлор Брентон Тарант үчүнчү мечитке да кол салууну жана мечиттердин баарын өрттөп жиберүүнү көздөгөнүн айтышты. Башкы прокурор Барнаби Хауз билдиргендей, 29 жаштагы Тарант чабуул планын бир жыл мурда түзгөн, анын максаты «көбүрөөк адамды өлтүрүү» болгон. Таррант киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана террордук акт боюнча коюлган күнөөлөрдү мойнуна алды. Читать дальше...

Бардык аэропорттор күнү-түнү иштөөгө даярдалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда пандемиядан улам бир канча убакыт иштебей турган аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн зарыл шаймандар орнотулуп, адистерге эрежелер үйрөтүлгөн. Бирок азырынча, башка мамлекеттер менен аба байланышты жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов 24-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен коронавируска байланыштуу эпидемилогиялык кырдаалды талкуулап жатып айтканы расмий кабарланды. Читать дальше...

«Шарите» ооруканасы Навальный ууланганын билдирди

Azattyk.org 

Кремлди сындап келген Алексей Навальный «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланган болушу мүмкүн экенин Берлиндеги «Шарите» ооруканасы билдирди. Клиниканын сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, Навальный «реанимацияда, аны атайын комага түшүрүп коюшкан». Ошондой эле анын абалы «оор, бирок азыркы учурда өмүрүнө коркунуч жок экенин» жазылган. «Холинэстераза ингибиторлору» айрым дары-дармектерде, пестициддерде жана нервди шал кылган заттардын курамында болот. Навальный Германияга 22-августта жеткирилген. Читать дальше...

Башкырстанда активист тогуз жылга кесилди

Azattyk.org 

Самарадагы аймактык аскердик сот белгилүү башкыр активисти Айрат Дилмухаметовду тогуз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ага интернет-сайттарды иштетүүгө үч жылга тыюу салды. Ал «Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген», «террорго үгүттөгөн пропагандалаган» жана «экстремисттик ишмердүүлүккө жана аны каржылоого ачык үндөгөн» деген кинелер боюнча айыптуу деп табылды. Активист былтыр жазында кармалган.  Анын иши 27-майда Самара шаарындагы аскердик сотто карала баштаган. Коюлган айыптарды мойнуна... Читать дальше...

«Кыргызстан» партиясы Интернеттеги маалыматты төгүнгө чыгарды

Azattyk.org 

«Кыргызстан» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин тактап бүтпөй калганы тууралуу маалыматты анын мүчөлөрү четке кагышты. Партиянын мүчөсү Нурбек Алимбеков андай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү да андай маалымат жок экенин айтышты. БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта кечки саат алтыда токтотту. Жалпысынан 17 партия расмий каттоого алынды. Читать дальше...



Ооруканада ВИЧ жуккандарга 2022-жылы бир жолку кенемте төлөнөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ\СПИД жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгону 24-августта расмий кабарланды.  Документке ылайык, ооруканада бул вирусту жугузуп алганын далилдеген документи бар, 18 жаштан өткөн жарандарга жана балакатка жете элек балдардын ата-энелерине бир жолку кенемте берилет.  Бир жолку акчалай кенемтенин өлчөмү 100 миң сомдон кем болбошу керек.  Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.  Расмий маалыматтарга ылайык... Читать дальше...

Берлин: Навальный «ууланган болушу мүмкүн»

Azattyk.org 

Германия өкмөтү Кремлди сындап келген Алексей Навальный Орусияда «ууланган сыяктанат» деп билдирип, ал Берлин ооруканасында дарыланып жаткан маалда жеке коргоого муктаж экенин кошумчалады. «Биз ууландырылган болушу мүмкүн деп шек жаратып жаткан бейтап менен иш алып баруудабыз. Аны кимдир-бирөө олуттуу ууландырышы мүмкүн. Тилекке каршы, Орусиянын жаңы тарыхында мындай бир нече мисал бар. Дүйнө бул окуяга олуттуу карайт», - деди канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт. Навальный Германияга 22-августта жеткирилген. Читать дальше...

«Бир дүйнө» фестивалы «Адамдар жана кырсыктар» темасына арналат

Azattyk.org 

«Бир дүйнө» даректүү тасмалар фестивалы бул ирет «Адамдар жана кырсыктар: коркунучтар кырсыкка айланбашы үчүн эмне кылыш керек?» деген маселеге арналат. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму эл аралык фестивалга тасмаларды кабыл алуу уланып жатканын билдирди. Алгач кабыл алуу мөөнөтү 9-апрелден 15-июнга чейин деп белгиленип, пандемиядан улам 5-сентябрга чейин узартылды. Фестивалды 11-15-ноябрда онлайн өткөрүү пландалууда. Фестивалды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму жыл сайын уюштурат, быйыл 14-жолу өтөт. Читать дальше...

БШК талапкерлер тууралуу маалыматтарды 4-сентябрга чейин текшерет

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга аттанган 17 партиянын документтерин текшере баштады. 4-сентябрга чейин талапкерлерге байланыштуу маалыматтар иликтенет.   Жогорку Кеңешке ат салышуу ниетин билдирген 44 партиянын арасынан 17си өз убагында тийиштүү документтерди тапшырды. Алардын бири – “Актив” партиясы беш миллион сомдук шайлоо төлөй электигин 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирген.   Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизме жана документтер тапшырып... Читать дальше...

Назарали Арипов БШКнын мүчөлүгүнөн кетти

Azattyk.org 

Назарали Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтотту.  БШКнын маалыматына караганда, ал «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттагына ат салышат.  Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген. 24-августта БШК алардын 17си тийиштүү документтерди тапшырганын, эми талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерүү башталганын кабарлаган. (SE)

Бишкекте жол кырсыгында үч киши мерт болду

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 24-августтагы жол кырсыгында үч киши - алты-жети жаштагы кыз жана анын ата-энеси каза болду.  Шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМ академиясынын алдында жеңил автоунаа менен жүк ташуучу микроавтобус кагылышкан. Жеңил машинеде бараткандар көз жумган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.  Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Читать дальше...

БШК партиялардын документтерин алып бүттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого барчу талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) берүү аяктады. Ал арада айрым саясий бирикмелер кайра ыдырап, шайлоо сайын партиядан партия которгондор талкууга түштү.

Парламенттик шайлоого катышууга 17 партия документтерди тапшырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга аттанган партиялардын 17си Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди тапшырып үлгүрдү. Алардын бири – «Актив» партиясы шайлоо фондун төлөй элек.  Бул тууралуу 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.  Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизмесин жана документтерди тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш.  Бардык талапты аткарган 16 партия төмөнкүлөр: «Кыргызстан»... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Беларуста оппозициялык кеңештин эки мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Беларус бийлиги оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин эки мүчөсүн кармап кеткени маалым болду. Ошондой эле кеңештин дагы бир мүчөсү, адвокат Лилия Власова Тергөө комитетине чакыртылганын БелСАТ мамлекеттик агенттиги жазды. Тихановскаянын башкы жардамчысы Ольга Ковалькова менен иш таштоонун уюштуруучусу Сергей Дылевский 24-августта эртең менен кармалганы маалым болду. Аларды Минск трактор заводунда уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн айыптап жатышат.  Заводдун жумушучусу 30 жаштагы Дылевский президент Александр Лукашенкону ачык сындап... Читать дальше...

Шайлоого байланыштуу бир катар өкмөт өкүлдөрү кызматын тапшырды

Azattyk.org 

Шайлоого байланыштуу вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр кол койгону 24-августта расмий кабарланды. Ушундай эле буйрук менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаевдин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулунун да кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Читать дальше...

УКМК: ИИМдин кызматкерлери далил буюм болгон алтындын уурдалышы үчүн шектүү катары кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери далил буюмдардын уурдалышы үчүн шектүү катары кармалганын маалымдады. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү сотко чейинки териштирүүгө алынган ишке байланыштуу баңгизат жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. УКМКнын маалыматына ылайык... Читать дальше...

Жалал-Абаддын тургунун ээн жерге алып барып тоногондор кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак районунун 26-28 жаштагы үч тургуну бейтааныш адамды көчөдөн автоунаага салып кетип, тоногондон соң ээн жерге калтырып кеткен деген шек менен кармалды. Милициянын маалыматына караганда, алар 19-августта жергиликтүү 28 жаштагы тургунду машинеге салып кетип, эч ким жок жерге алып барышкан. Жалпы баасы 45 миң сомдук эки чөнтөк телефонун тартып алып, изин жашырышкан. Окуя 19-августта Жалал-Абад шаарында болгон. Жабырлануучуну төрт киши «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машинеге салып кеткен. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде






Цифровой проект Подмосковья по энергетике стал лучшим в России

Захарова заявила о необходимости расширить Совбез ООН за счет стран Юга

Тело мужчины нашли в лесопарковой зоне в районе Сокольники

Нидерландский журналист: по логике Промес не должен избежать экстрадиции