Тихановская Беларустан Литвага чыгып кетти
Беларуста президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы болгон Светлана Тихановская Литвага чыгып кетти.
Беларуста президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы болгон Светлана Тихановская Литвага чыгып кетти.
Гүлжигит Алыкулов өзүнүн "Кайрат" клубу менен Европа лигасы мелдешинин тандоо турунда армениялык "Ноа" командасына каршы беттешке чыгат.
10-августта Ливандын баш калаасы Бейрутта бир апта мурдагы жарылуунун курмандыктары эскерилди. Шаарда жергиликтүү убакыт боюнча 18:09да бир мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Туура бир жума мурда же 4-августта ошол мүнөттөрдө Бейруттун портунда сакталып турган 2750 тоннадай аммиак селитрасы жарылган. Андан мерт болгондор 200 кишиден ашты. Кеминде беш миңдей адам жарадар болду. Жарылуудан портко жакын жайгашкан имараттар кыйрап, Бейруттун бир катар райондорунда турак жайлардын эшик-терезелери талкаланган. Читать дальше...
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка эл аралык издөөгө алынып, Беларуста жүргөн башка кыргызстандыктарды кармоого чара көрүүгө чакырды. Читать дальше...
Германия чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин Берлинде киши колдуу болушуна байланыштуу Орусиядан маалымат ала албай келатат. Бул тууралуу немис тышкы иштер министри Хайко Маас 11-августта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусунан кийин билдирди. Ал Орусияга баш-аягы 17 жолу өтүнүч жөнөтүлгөнүн, бирок андан майнап чыкпаганын айтты. Ошондой эле Хангошвилинин өлүмүнүн артында орус бийлиги турары жөнүндө прокурорлордун бүтүмү сотто ырасталса, анда анын кесепети болоорун эскертти. Читать дальше...
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «16 миллион сомго кайсы китептерди чыгаралы?» деп элден сурады эле, түркүн тизмелерди ар ким сунуш кылды. Биз китепкөйлүк салтын жандандырууга багытталган ушул иштин натыйжалуулугу боюнча бир катар суроолорду талкуулайлы.
Коронавирус пандемиясынын шартында жаңы окуу жылында окутуу системасынын варианттары иштелип чыкты. Аны Билим берүү жана илим министрлигине караштуу эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп чыкты. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын 11-августта маалымдаганына караганда, жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу форматы бир катар чечимдердин негизинде аныкталмакчы. «Санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынган чечим. Ошондой эле ата-энелерге окутуу форматын тандоо укугу берилет... Читать дальше...
Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам күчүнө киргени турат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков 10-августта кол койду.
Араван райондук ооруканасында 40 жылга чукул эмгектенген атактуу хирург, мыкты дарыгер Журавой Акимжанов 24-июлда өзү иштеген ооруканада коронавирустан улам каза тапты. Анын артында ондогон шакирттери, үч уулу жана жубайы калды. «Саламаттык сактоонун мыктысы» төш белгисинин ээси Акимжановду анын жакындары, кесиптештери эскеришет.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун Беларустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкого жолдогон куттуктоосун сынга алды. Экс-президент «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып мындай деди: «Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. Читать дальше...
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн сегиз жашоочусунун биринен ушул диагноз аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар борборуна таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, күйдүргү жуккан деген шек менен Ош облустук ооруканасында жаткан бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык. Баарынан тең анализ алынып, Ош облустук Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилген. Эпидемиологиялык... Читать дальше...
Ысык-Көлдө жылына жай мезгилинде окуучулардын да жаны тынбайт. Алар туристтик сезондо тапкан акчасын кем-карчына жумшайт. Азирет Азатбеков беш жылдан бери Кара-Ой айылында иштейт. Ал эс алуучуларга күндөн коргоочу чатырды орнотуп берет. Буга кошумча майда-чүйдө сатат. Быйылкы пандемия бул балдардын ишин да солгундатты.
Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда Жекелик (Яккалик) каналына 10-август күнү 60-61 жаштагы эки киши бири-бирин куткарам деп жатып чөгүп кеткен. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов билдирди. Анын айтымында, баштапкы маалыматтарга караганда кишилер спирт ичимдигин ичип, каналдын жанында эс алып жаткан учурда бирөө сууга түшүп, экинчиси аны куткарууга аракет кылган. Алардын сөөгү ошол эле күнү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Туугандары... Читать дальше...
Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Бишкекте камалышы Ташкент менен Бишкектин эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттенмелерине каршы келет.
Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августта, дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантты. Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.
Беларустан Литвага чыгып кеткен президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын эки башка мазмундагы видеосу 11-августта Интернетке жарыяланды. TUT.BY эркин басылмасы тараткан эки мүнөткө жетпеген биринчи видеодо Тихановская өтө оор чечим кабыл алганын айткан. «Мен билем, көп адамдар мени түшүнүшөт, көбү сындашат, көбү жек көрүшөт. Бирок билесиздерби, мен туш болгон тандоону кудай башка салгылык кылбасын», - деп айткан ал видеодо Тихановская. Андан көп өтпөй Орусиядагы «МБХ Медиа» жана Беларустагы... Читать дальше...
12-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32; Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10... Читать дальше...
COVID-19 болуп ооруп айыккан адам өзүн кантип калыбына келтирет? Реабилитация канчага созулат? Ал кандай тамактанышы керек?
Узакка созулган оорудан улам, Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу маалымат КТРКнын сайтына чыкты. Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке караштуу Гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетине тапшырып, аны 2004-жылы аяктаган. 2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотеле борборуна ишке алынып, КТРКнын сайтынын ишке киришине салым кошкон. Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышат. Бул маалыматты Суваналиев «Азаттыкка» ырастады: «Жыйын өткөндө ошол жерден расмий жарыялайбыз. Шайлоого «Бүтүн Кыргызстан», Адахан Мадумаров менен чогуу барабыз, буюрса». Суваналиев ушу тапта Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштейт. Ал кызматын качан тапшырарын айткан жок. «Бүтүн Кыргызстан» буга чейин өз тизмесине... Читать дальше...
Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бирок жакындары аны аман сактап калып, ооруканага жеткиришти. Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк чырдан улам болгонун билдирди. Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода өзүнө бычак менен кол салганы айтылат. Уруш чыккан маалда аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү үйдө болгон жана алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында дарыланып жатат. Ага операция жасалганы... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбордук Европадагы беш күндүк сапарын баштады. Ал 11-августта Чехиянын баш калаасы Прагага келди. Анын бул жолку сапарында Европадагы 5G түйүндөрүн куруудагы Кытайдын ролуна көңүл бурулаары күтүлүп жатат. Помпео шейшемби күнү Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен жолугуп, 12-августта чех премьер-министри Андрей Бабиш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Чехиянын Сенатында сөз сүйлөп, Орусияны жана Кытайды жактаган саясаты менен... Читать дальше...
Өзбек бийлиги Ташкенттин жанында түрмөдө коронавируска чалдыккандар үчүн карантин аймагын курууну пландаштырууда.
«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти. Алар - Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору. «Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Читать дальше...