Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Беттештер Кант шаарындагы футбол талааларында өттү. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында беттештерге күйөрмандар киргизилген жок.
Беттештер Кант шаарындагы футбол талааларында өттү. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында беттештерге күйөрмандар киргизилген жок.
Түркиянын «Галатасарай» футбол клубунун жаштар командасында ойногон 14 жаштагы кыргызстандык Бекназ Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн «World Fair Play Awards» сыйлыгына татыган. Бул тууралуу Түркиянын олимпиадалык комитети маалымат таратты. 2019-жылы март айында «Галатасарайдын» 14 жашка чейинки оюнчулары «Стамбулспорт» командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө «галатасарайчылардын» капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып... Читать дальше...
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Бишкек Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү жакында пневмония жугуп, каза болду. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз. Пандемия башталганы кош бойлуулар үчүн Бишкекте атайын №2 төрөт үйү обсервацияга айланды. Вирус күч алган сайын кош бойлуулар, жаш төрөгөндөр арасында да жоготуулар катталып жатат. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында 6-август күнү эртең менен жана кечке маал эки ирет ок атылды. Курал колдонуу менен коштолгон окуяда тажик тараптан бир киши каза болуп, Кыргызстандын эки жаранына ок тийип ооруканага түшкөнү кабарланды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган. Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан... Читать дальше...
Улуу Үркүндү эскерген алгачкы жүрүш тууралуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» китептин авторлорунун бири, «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова билдирди. Анын айтымында, «Өмүр көчү» китеби 1991-жылы Үркүндүн 75 жылдыгына карата ушундай эле аталышта уюштурулган жөө жүрүштүн катышуучуларынын эскерүүлөрүнөн, тарыхый материалдардан турат. "Китепке Жумагазы Садыр уулу экөөбүз жүрүшкө чыккандардын, тарыхчылардын эскерүүлөрүн жыйнадык. Чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн пикирлерин коштук. Читать дальше...
Түрк авиакомпаниялары Кыргызстанга аптасына бир канча жолу учат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматта 7-августтан тартып түркиялык үч авиакомпания туруктуу аба каттамдарын жандандырары жазылган. Алар «Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына эки жолу, Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына бир жолу, «Turkish Airlines» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына эки жолу, «Pegasus» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул... Читать дальше...
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылышкан Кой-Таш окуясына бир жыл болду.
Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бийлик бардык мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин өз эсебинен коронавируска тест тапшырууга милдеттендирди. Бул тууралуу атайын жарлык чыкканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады. Айрым маалыматтарга ылайык, шаарда мындай тесттин баасы 100 манат же 28,5 доллар турат. Тест тапшырган кызматкерлер мындай маалыматты иштеген жерине тапшырууга милдеттүү. Бирок дарыгерлер ал маалымдамага тесттин жыйынтыгын жазбайт, аны ошол кызматкердин жетекчилерине жөнөтөт. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан эки адамдын ишинде күбөлөр суралууда.
Орусия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко 7-августта телефон аркылуу сүйлөштү. Беларус президентинин басма сөз кызматы бул сүйлөшүү Кремлдин демилгеси менен болгонун, анда Минскиде кармалган орусиялык жарандарга байланыштуу жагдай талкууланганын кабарлады. «Путин менен Лукашенко окуянын чын-бышыгына жетип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тууралуу макулдашты», деп жазылат бул маалыматта. Мунун алдында Лукашенко өлкөнүн башкы прокуроруна Минскинин алдынан кармалган... Читать дальше...
Кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаев 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
«Биз жана дин» түрмөгүндө протестант агымынын бир багыты болгон Жетинчи күндүн адвентисттери жөнүндө баянды угасыз.
Бейрутта коопсуздук күчтөрү бери дегенде 150дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жарылууга байланыштуу нааразылыгын билдирип чыккан ондогон демонстрантты кууп таркатты.
Азербайжандык окумуштуу, Айтматов таануучу Мехман Хасанлы жети жылдык илимий изилдөө ишинин жыйынтыгында "Чыңгыз Айтматов феномени жана Азербайжан" аттуу китебин чыгарды. Бул тууралуу автор "Азаттык" радиосуна буларды айтып берди: "Китеп 406 барактан турат. Жазуучу тууралуу 50дөн ашык макала жаздым. Ал макалаларым Кыргызстанда, Түркияда, Казакстанда, Орусияда, Польшада, Украинада басылып чыкты. Китеп Азербайжандын Илимдер академиясынын Низами Гянжеви атындагы адабият институтунун директору, академик... Читать дальше...
Пандемия шартына карабастан быйыл айыл чарба тармагында жылыш болгонун айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, быйыл буудай былтыркыдан 7,5 миң гектарга, арпа 11,2 миң гектарга көп себилди. «Бул буудайдан эки центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», - деди ал. Чодуев быйыл пандемияга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы... Читать дальше...
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова Голлувуддун эң кымбат районунда жайгашкан үч хан сарайын бирдей сатыкка койду. Бирок учурда сатыкка коюлган үйлөр - Лоланын эң кымбат мүлкү эмес.
Бүгүн Ош шаарында мектептин алдыңкы окуучулары сыйланды. 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн олимпиадада биринчи орун алгандарды жана жалпы республикалык тесттен алтын сертификат алгандарды калаа мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады. Өз сөзүндө шаар мэри жалпы жыйынтык канааттандырарлык болбой жатканын айтты: «Билим берүү тармагына көңүл бурабыз. Жаңы мектептерди куруп жатабыз. Окуучулардын билим деңгээли канааттандырарлык болбой калгандыктан шаардык билим берүү башчысын алмаштырдык». Читать дальше...
Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү жакында пневмония жугуп, каза болду. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз.
Өкмөттүк комиссия былтыр Кыргызстан боюнча 245 мектепти авариялык абалда деп тапкан. Анын 117си республикалык бюджет, чет элдик фонддор жана Бишкек, Ош мэриясынын эсебинен каржыланып, курулуп жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, 2020-жылы бекитилген тизме боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 29 авариялык өтө оор абалдагы мектептин курулушу жүрүп жатат. Быйыл он бир мектеп бүткөрүлөт. Читать дальше...
Түркияга Сириядан барган кыргызстандык эки качкын келин депортацияланат. Бул тууралуу 7-августта түркиялык «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлады. Жаңылыкта Түркиянын Сирия менен чектеш Килис аймагында жергиликтүү жандармерия кыргызстандык эки келинди чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармаганы жазылды. Аларга «сириялык экстремисттик топко тиешеси бар» деген айып коюлуп, Килис аймактык миграция департаментине жөнөтүлгөн. Департамент кыргызстандык келиндер Түркиядан мекенине жиберилерин кабарлаган. Читать дальше...
Өзбек бийлиги коронавирус пандемиясынан улам жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча экзамендерди стадиондордо өткөрөт. Президенттин басма сөз кызматы мындай чечим өкмөттүк жыйында кабыл алынганын билдирди. Анда жабык жайлар эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей тургандыгы, ортодогу аралыкты сактоо да мүмкүн болбой турганы белгиленген. Билим берүү министрлиги экзамендердин баарын эки аптанын ичинде алып үлгүргөнү жатат. Тиешелүү министрлик-мекемелерге стадиондорду талапка ылайык... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен эл аралык DyNed платформасы Кыргызстандын туш тарабындагы 20 англис тилчи мугалимди окутууда.
Быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылганы үчүн жазага тартылган алты кыз-келин эл аралык уюмдарга кайрылганы жатышат. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» адвокат Евгения Крапивина билдирди. Анын айтымында, Свердлов райондук сотунун «милициянын алты кызга айып салганы туура» деген чечиминен кийин алар шаардык сотко арызданышкан. Бирок шаардык сот алардын арызын кароого укугу жок экенин билдирип, муну «Тартип бузуу жөнүндө» кодексте биринчи инстанциянын чечимине... Читать дальше...