Шайлоо 2020: БШК үч партияны тизмеден чыгарды
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирген партиялардын ичинен үчөөнү тизмеден чыгарды. Алар: «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Агрардык партия» жана «Жаратман» партиясы. БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изрековдун «Азаттыкка» берген маалыматына ылайык, «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тарткан. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн жарыштан чыгарылды. Читать дальше...