Сөз эркиндигинин баасы жана жоопкерчилик (аудио)
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыга айтылган сындардан “өзүн коргоого муктаж эмес” экендигин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыга айтылган сындардан “өзүн коргоого муктаж эмес” экендигин билдирди.
Улуттар Уюмунун алдындагы трибунал Ливиянын мурдагы өкмөт башчысы Рафик аль-Харирини 2005-жылы өлтүрүүгө кутум уюштурган деген айып менен “Хезболла” уюмунун мүчөсүн күнөөлүү деп тапты. Ага карата сот өкүмү кийин чыгат. Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы үч адам далил жетишсиздигинен улам акталды. Ливандагы “Хезболла” шиит тобунун мүчөсү деп эсептелген төрт адамдын соту 2014-жылы Гааганын жанында атайын Ливан боюнча түзүлгөн трибуналда сыртынан башталган. Прокурорлордун ырастоосуна караганда... Читать дальше...
18-августта Ош шаардык ооруканасына "Тез жардам" автоунаасы жана медициналык каражаттар тапшырылды. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында, жардам берүү демилгесин шаардык кеңештин депутаты Сухбатилло Мирзаев көтөрүп, аны Ош шаарындагы өзбек диаспорасы жана бир нече ишкерлер колдогон. Медициналык каражаттарды тапшыруу иш-чарасына калаа мэри Таалайбек Сарыбашев катышып, коронавирус менен күрөшүүдө ишкерлердин салымы чоң экенин белгиледи. Шаардык орууканага жалпысынан реанимация жана кардиологиялык... Читать дальше...
Саясий партиялар 20-августтан кечикпей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек.
Эл аралык укук коргоочу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Казакстан өкмөтүн жүз миңдеген адамды жакырчылыктан сактап калуу үчүн COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга экономикалык жардамды көбөйтүүгө чакырды. 18-августта тараткан билдирүүдө уюм пандемия Казакстандагы теңсиздикти тереңдетип, социалдык коргоо системасынын алсыз жактарын көрсөтүп койгонун жазат. Казакстан пандемия маалында жарандарга акчалай жардам көрсөткөн Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет. Бирок өлкөдө көп жарандар коронавирус кризисине... Читать дальше...
12-августта Тоолуу Бадахшандын Ванж аймактык администрациясынын алдына бир топ жаштар чогулуп, "эркектерди мажбурлап сакал-мурутун алдырганга” каршы экенин билдиришти.
Улуттук гвардияда жети жоокердин сабалышы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Окуяга байланыштуу аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.
“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеши алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечти. Партиянын бул тууралуу чечимин анын лидери Феликс Кулов “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шайлоого катышуучу партиялардын тизмесине жана азыркы кырдаалдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү маселесине байланыштуу кабыл алынды. Анда “Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты... Читать дальше...
Кыргызстанда кармалган журналист Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын тергөө абагында кармалып турган журналисттен кабар ала албай жаткан Абдуллаевдин аялы айтып чыкты.
Беларуста нааразылык акцияларынын 10-күнү уланууда. Беларус бийлигине эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү. Шайлоо жыйынтыгын тааныбаган өлкөлөр көбөйүп, Бириккен Улуттар Уюму да билдирүү таратты.
АКШда 17-августта Демократиялык партиянын президенттикке талапкер көрсөтүү боюнча жыйыны башталды.
Туристтер көп каттаган Бостери айылындагы базар быйыл ээн. Андагы 900 сатуучуга ылайыкташкан орунда азыркы тапта болгону 400гө жетпеген соодагер отурат. Алардын 60 пайызын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер түзөт. Чолпон-Атадагы базарда дагы ушундай эле көрүнүш. Соодагерлер алган насыясын кантип жабабыз деп кабатыр. Жайкысын үч ай иштеп, жыл бою элин багып келген эки базардагы тиричилик тууралуу видеодон көрө аласыз.
Бишкек шаардык соту 18-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызын онлайн кароого киришти. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жараянда жабырлануучулардын өкүлү айыпталуучулардын адвокаттарынын суроолоруна даяр эместигине байланыштуу сот 19-августка жылды. Иш айыпталуучу тараптын аппеляциялык арызынын... Читать дальше...
18-августка караган түнү Беларустун баш калаасы Минскиде миңдеген демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акцияны улантышты. Ошондой эле алар демонстрация маалында кармалгандарды бошотууну талап кылып шаардагы түрмөлөрдүн алдына барышты. 9-августтан бери токтобой жаткан толкундоолордо полиция миңдеген адамдарды кармап кеткен. Эки адам кагылышуудан кийин каза тапкан. Кийин бошотулгандардын көбү камакта ур-токмокко кабылганын айткан. Лукашенко андан мурдараак эгер Конституцияга өзгөртүү киргизилсе... Читать дальше...
Жаңы окуу жылында балдардын аралыктан билим айрым ата-энелер каршы болуп жатышат.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун статистикасы тууралуу жаңы маалымат жарыялады. Министрдин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде өлкөдө коронавирустан 1490 эмес, 1053 өлүм катталганын билдирди. Каратаевдин маалыматына караганда, буга чейин каза болгондордун статистикасы COVID-19 U07.1 ПЧР-изилдөөнүн оң жыйынтыгынын негизинде, COVID-19 U07.2 пневмониянын белгилери менен жүргүзүлгөн. Ушундан улам каза болгондордун саны бурмаланып калган.... Читать дальше...
Бишкекте камалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүн Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салган болушу мүмкүн деген оюн айтты: «Бир жумадан бери адвокаттарды күйөөмө жолуктурбай жатышат. Ошондуктан Бобомуродду Өзбекстанга өткөрүп берип салышкан жокпу деген кооптонуу жаралууда. Эгер ошондой болуп калса, жолдошум мурдагы жолкудай кыйноого кабылышы мүмкүн». Буга чейин Абдуллаевдин адвокатты Тимур Карабаев аны менен жолуга албай жатканын билдирген. Читать дальше...
«Ата Мекен» саясий партиясы 17-августтагы курултайында алдыдагы парламенттик шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин бекитти. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү 18-августта билдиришти. Ага ылайык, партияны шайлоого Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. Аталган партиянын алдыңкы тизмесине төмөнкүлөр кирди: 1. Жанарбек Акаев 2. Тилек Токтогазиев 3. Рыскелди Момбеков 4. Элвира Сурабалдиева 5. Элдар Абакиров 6. Акыл Түмөнбаев 7. Евраз Осмонов 8. Наталья Никитенко 9. Читать дальше...
«Бир Бол» саясий партиясы 17-августтагы курултайында программасын жана парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти. Партиянын өкүлдөрү алдыңкы сапта турган 20 талапкердин тизмесин жарыялады. Анын башында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов турат. Партиянын төрагасы Алтынбек Сулайманов тизмеде 10-катарга кирген. «Бир Бол» партиясынын талапкерлеринин тизмеси: 1. Алмамбет Шыкмаматов 2. Жоомарт Жолдошев 3. Фарходбек Алимжанов 4. Айжан Чыныбаева 5. Мирбек Асангариев 6. Читать дальше...
Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча Бишкектин сунушуна Москва оң жооп бере элек. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстан 1-августтан тартып учак каттамын жандантуу жөнүндө сунушун июлда жөнөткөн. Орус тарап өкмөт муну так талдап чыккан соң жооп берерин айткан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон. Сырт жактагы мекендештер чартердик рейстерде ташылууда. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 23-августтагы туулган күнүндө берилчү гүлдестелерден баш тартарын билдирди. Ушундай өңүттөгү кайрылууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун сайтына жарыялап, гүлгө сарпталчу акчаны коронавируска каршы күрөшкөн медиктерге тартуу кылууну суранды. «Мага гүлдесте ала турган акчаңызды 100 сом болсо да атайын эсепке которсоңуз, ыраазычылыгымды билдирип кабыл алам жана чогулган каражатты медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү ниетим бар»,- деди Отунбаева. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдош үчүн бөлүүгө убада берген каражат бизнеске жетпей жатат.
Ооганстандын расмий адамдары билдиргендей, баш калаа Кабулдун өкмөттүк имараттар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймагына урулган ракеталык соккулардан кеминде он киши жарадар болду. Бул күнү өлкөдө Эгемендиктин 101 жылдыгы белгиленип жаткан. Маалыматтарга караганда, чабуул ооган президенти Ашраф Гани Коргоо министрлигинин алдындагы Эгемендик минаретинин алдына гүлчамбар койгондон кийин башталды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 18-августта жалпысынан 14 ракета менен сокку урулган. Читать дальше...
Жон Жонс карьерасында жалпысынан 27 беттешке чыгып, 26сында уткан. Бир жолу жеңилүү ызасын тартса, бир беттеш болбой калган.
Демократтардын жыйынынын ачылышында мурдагы биринчи айым Мишел Обама жана сенатор Берни Сандерс сөз сүйлөштү. Экөө тең шайлоочуларды Дональд Трамптан жана анын «бөлүнүү саясатынан» баш тартууга чакырышты. 17-августта башталып төрт күнгө созула турган жыйын коронавирус пандемиясынан улам онлайн өтүүдө. Мишел Обама Трамп бир нече жолу «өлкө үчүн ылайыксыз президент экенин» көрсөткөнүн айтты. Мурдагы биринчи айым алдын-ала жаздырылган кайрылуусунда Трампты компетентсиз, түз жүрбөгөн адам катары мүнөздөдү. Читать дальше...