Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 17.08.2020

Текебаев шайлоого катышпайт, "Ата Мекенди" Акаев баштайт

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. “Ата Мекенди” парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. Ал аталган партиянын катарына 5-июнда кошулган.

Австралия менен Франция туткундагы айрым талибдердин бошотулушуна каршы

Azattyk.org 

Ооганстандын расмий өкүлдөрү «Талибан» кыймылы менен болжолдонгон тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелгенин билдиришти. Кабул маалымдагандай, буга айрым чет мамлекеттердин туткундагы кээ бир жоочуларды бошотууга каршы чыкканы түрткү болду. Сүйлөшүүлөр саналуу күндөрдөн кийин башталмак. Ооганстандын Улуттук кеңеши - Лоя Жырга ушул айдын башында Кабулда өтүп, туткундагы 400дөй талибди бошотууну чечкен.  Мелбурн менен Париж Кабулду австралиялыктар менен француздарды өлтүргөнү үчүн айыпталган айрым талиб согушкерлерин бошотпоого чакырышты. Читать дальше...

Текебаев парламенттик шайлоого катышпайт, "Ата Мекенди" Акаев баштайт

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. “Ата Мекенди” парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. Ал аталган партиянын катарына 5-июнда кошулган.

Курал көзөмөлдөө боюнча Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү башталды

Azattyk.org 

Орусия менен АКШнын расмий өкүлдөрү Австриянын баш калаасында куралды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын башташты. Эки күндүк жыйынга АКШ делегациясын куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарман Маршалл Биллингсли, ал эми Орусияныкын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жетектеп барышты. Биллингсли «Твиттерге» «АКШ олуттуу диалогго даяр» деп жазды. Эки өлкөнүн ортосундагы куралдануу жараянын тескеген «New START» аттуу акыркы ири келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февраль айында аяктайт. Читать дальше...

Лукашенко: жаңы Конституция кабыл алынган соң шайлоо өтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Беларустун лидери Александр Лукашенко президенттик шайлоо өлкө жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин өтүшү мүмкүн экенин билдирди. «Биз жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Силер аны референдум аркылуу кабыл алгандан кийин, анын алкагында парламенттик, президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрө аласыңар», - деди Лукашенко 17-августта. Анын билдирүүсүн «Беларус - 24» телеканалы көрсөттү.  Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана... Читать дальше...

«Ыйман Нуру» шайлоого катышат, лидери партиядан кетти

Azattyk.org 

17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов билдирүү таратып, партия лидерлигинен кетерин жана алдыдагы шайлоого катышпай турганын жарыялады. Анда: «Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар», деп жазылган. Билдирүүдө «Ыйман Нуру» партиясы парламенттик шайлоого катышары айтылат. Буга чейин партиянын саясий... Читать дальше...

АКШда Демократиялык партиянын жыйыны 19-августта өтөт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда Демократиялык партия төрт күндүк жыйынын 19-августта баштаганы турат. Анда Жо Байден ноябрда өтчү президенттик шайлоодо президент Дональд Трампка каршы атаандаш катары расмий көрсөтүлөт.  Башында жыйын Висконсин штатындагы Милуоки шаарында өтөрү болжолдонгон, бирок пандемияга байланыштуу онлайн өтмөй болду. Анын ачылышында сенатор Берни Сандерс, мурдагы биринчи айым Мишел Обама сүйлөйт. Ошондой эле вице-президенттикке талапкер катары Камала Харрис расмий көрсөтүлөт. 55 жаштагы... Читать дальше...



Беларустар "Эркиндик үчүн!" деп чыгышты

Azattyk.org 

Беларустагы «Эркиндик үчүн!» жүрүшү Минскиде эле он миңдеген кишини көчөлөргө алып чыкты. Беларус калкын колдоого бир нече өлкөдө тынч акциялар ишке ашты. Кыргызстандыктар четте калган жок.

Журналистти бошотууга үндөгөндөр көбөйдү

Azattyk.org 

АКШ Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин Бишкекте кармалган өзбекстандык көз каранды эмес журналист Бобомурод Абдуллаевдин эркиндигин чектебөөгө чакырды.

Депутат Жанарбек Акаев шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барат

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-августта партиянын жыйынында билдирди. «"Ата Мекен" партиясы бул ирет шайлоого жаштарды жиберип жатат. Аларды депутат Жанарбек Акаев баштап барат. Эгер ал жакта азчылык боло турган болсок, биз көчөдөн колдойбуз. Көчөнүн күчү кандай экенин Кыргызстан биринчилерден болуп көргөн. Көчөнүн күчү кандай экенин Украина да көрдү. Көчөнүн күчү кандай экенин бүгүн Лукашенко да сезип жатат. Эгерде бийлик бизди укпаса, эгерде бийлик оппозициялык азчылыкты укпаса... Читать дальше...

Экинчи толкундун эпкини, эске алчу сын

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус илдетин жугузгандар жана каза тапкандар боюнча июлдан берки эң ылдыйкы көрсөткүч катталды. Акыркы бир күндө илдеттен бир киши каза тапты.

Кой-Таш окуясы боюнча сотто прокуратура айыптоо корутундусу менен тааныштырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 17-августта Кой-Таш окуясы боюнча жараян онлайн уланып, прокурорлор айыптоо корутундусу менен тааныштырып бүттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Айыптоо корутундусунда айыпталуучулар окуяга күнөөлүү экени жазылган. Айыпталып жаткандардын бири Кундуз Жолдубаева сотто өзү,  Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев коюлган айыптарды четке кагышканын маалымдады. Читать дальше...

Беларуста жапырт иш таштоо башталды

Azattyk.org 

Беларуста дүйшөмбүдө ири ишканаларда, телекомпанияларда иш таштоо башталды. Жолугушуу учурунда жумушчулар «кет» деп Лукашенконун бетине айтышты.

Боронов: Ишкерлерди колдош үчүн 14 миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо программасына бөлүнгөн 14 млрд. сом өздөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 17-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен пандемия шартындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелеси талкууланган онлайн кеңешмеде билдирди. Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоодо, аларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, банктан насыя алыш үчүн кенек болгон документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды. Читать дальше...

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. «"Ата Мекен" партиясын түптөгөн лидерлер, мен - Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов жана башкалар Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени алардын заманы келди», - деди Текебаев. ... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Евробиримдиктин лидерлери Беларустагы кырдаалды талкуулашат

Azattyk.org 

Евробиримдиктин лидерлери Беларуста шайлоодон кийин башталган кризисти 19-августка белгиленген чукул жыйында талкуулаганы турушат. Еврокеңештин президенти Шарль Мишел 17-августта саммит видеобайланыш аркылуу өтөрүн “Твиттерге” жазды. “Беларус элинин өз келечегин аныктоого жана өз лидерлерин эркин шайлоого укугу бар. Каршылык акциясына чыккандарга каршы зомбулук көрсөтүлгөнү жарабайт жана буга жол берилбеши керек”. Самлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан... Читать дальше...

Мекен үчүн өмүрүн берген уулдардын элеси

Azattyk.org 

2010-жылкы апрель окуясында окко учкан эр-азаматтардын түбөлүк элесин жараткан кыл калемчи. Баткендик ишкер калдыксыз өндүрүштү жайылткысы келет. Карасуулук фермер дыйкандарды табигый жер семирткичти колдонууга үндөйт. Тандабай, талбай сүрөт тарткан тубаса чебер.

Орусиядан келген дарыгерлер ишин жыйынтыктап кетишти

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга жардамга келген орусиялык дарыгерлер ишин жыйынтыктап 17-августта мекенине кетишти. Алар Кыргызстанда 25 күндүн ичинде өлкөдө 30дан ашуун медициналык мекемеде иштешти. Саламаттык сактоо министрлиги бул убакыт аралыгында алар 4000ден ашык бейтапты карап, 564 адамды оорудан айыктырышканын кабарлады. Өпкөнү иштетүүчү аппаратка 20 бейтапты жаткырып, 17 кишини андан чыгарышты. Дагы беш адам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан чыкты. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов... Читать дальше...

Сахалиндеги журтташтардын «Мурасы»

Azattyk.org 

Орусиянын Сахалин аймагындагы «Мурас» маданий борборунда кыргыздардын тойлору, майрамдары өтүп турат. Ошондой эле бул жерде балдар кыргыз бийлерин, салт-санааларын үйрөнүшөт. Борбордо китепкана да бар.

Казакстан: Байдибек-бий айылында улут аралык чыр чыкканы кабарланды

Azattyk.org 

Казакстанда жергиликтүү басылмалар күбөлөргө жана жергиликтүү тургундарга таянып Байдибек-бий айылында улут аралык чатак чыккан болушу мүмкүн экенин жазышты. 16-августта болгон окуядан кийин казак полициясы Байдибек-бий айылындагы бардык жолдорду тороп салганы да кабарланды. «Власть» агенттиги бийлик айыл тургандарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырганын жазды. Байдибек-бийде негизинен казактар жана чечендер отурукташкан. Бийлик ал жакта чыр чыкканын четке кагып жатат. «Байдибек-бийде улут аралык кагылышуу болгон жок. Читать дальше...

Чукул билдирүү: тоо этектеринде сел жүрөт

Azattyk.org 

18-19-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. 18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA






Медведев: РФ может изъять собственность США в ответ на конфискацию активов

Пензенский проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Театральный фестиваль «Русская классика» стартует в Лобне 6 мая

Саратовские проекты стали лауреатами Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023