Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 30.08.2020

Беларустагы акцияда жүздөн ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

30-августта Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарларда авторитардык лидер Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып он миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты. Баш калаанын Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти. Орусиянын «Риа Новости» мамлекеттик агенттиги резиденциясында автомат кармап, ары-бери басып жүргөн Лукашенконун сүрөтүн жарыялады. Бирок сүрөт качан тартылганы белгисиз. Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип... Читать дальше...

COVID-19: Нью-Йорктун тургундары шаар четине көчө баштады

Azattyk.org 

Нью-Йорк шаарынын тургундары коронавирус пандемиясынан улам шаар четине жапырт көчүп жатышат. "The New York Times" басылмасы жазгандай, калаа тургундары көбүнчө Лонг Айленд, Вестчестер жана Нью-Жерсиден жер там сатып алышууда.   Басылма кыймылсыз мүлк агенттиктерине таянып, Нью-Йорктун жака белиндеги үйлөрдүн сатылышы пандемияга чейинкиге салыштырмалуу 44% өскөнүн жазды.  Нью-Йорк - АКШдагы коронавирустан эң катуу жабыркаган шаарлардын бири. Маалым болгондой, калаада 238 миңден көп киши бул илдетке чалдыгып... Читать дальше...

Жумгалда курал колдонулган жаңжалды милиция иликтеп жатат

Azattyk.org 

Нарын облусунун Жумгал райондук милициясы 28-августтагы курал колдонулган жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Факт Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, милицияга Чүй облусунун тургуну арыз жазып, белгисиз кишилер ага кол салганын айткан. Баштапкы маалыматка ылайык, ал “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен Балыкчыны көздөй көмүр алып келатканда Чаек... Читать дальше...

БШКнын жумушчу тобу ырчы Бек Борбиевге чара көрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу ырчы Бек Борбиев аткарган чыгармада шайлоого үгүттөөнүн элементтери бар экенин айтып, административдик чара көрүүнү сунуш кылды. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бышыктап, азырынча чечим чыга электигин билдирди. Борбиев августтун соңкү күндөрү “Мекеним Кыргызстан” деп аталган ыр чыгарган. Ырдын видео клибинде 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлөт. Читать дальше...

Берлин менен Лондондо карантиндик чектөөлөргө каршы акция өттү

Azattyk.org 

Берлин менен Лондондо өкмөттүн коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизген карантин чараларына каршы акцияга миңдеген адам чыкты.  29-августта Берлинде өткөн жүрүшкө 38 миңден көп адам чыкты. Лондондун Трафальгар аянтында уюштурулган «Эркиндик үчүн биригели» акциясына миңдеген киши топтолду. Алардын арасында вакцинага каршы чыккандар жана коронавируска такыр ишенбегендер да болду. Ал эми көпчүлүгүн ашынган оңчулдар түздү.  Берлиндеги акция маалында 300дөй киши кармалды. Жүрүшкө чыккандар тартип коргоочуларды көздөй таш... Читать дальше...

Аймактарды өнүктүрүүнүн арышы жай

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 29-августта "Биринчи радиодогу" маегинде аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар экенин айткан.

Минскиде жүздөн ашык адам кармалды

Azattyk.org 

Беларуста "Тынчтык жана эгемендик жүрүшү" өтүүдө. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда. Ички иштер министрлиги митингде жүздөн ашык адам кармалганын кабарлады.

Дарыгерге эмес, «Фейсбукка» ишенгендер

Azattyk.org 

Аял лидерлер вирусту оңой ооздуктоодо. Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Дарыгерлерге тоскоол болгон социалдык медиа. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.



Монтенегродо парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Монтенегродо парламенттик шайлоо өтүп жатат. Күндүзгү саат бирге чейин шайлоого укуктуу жарандардын 51,5% добуш бергени маалым болду.  Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо.   Добуш берүүнүн жүрүшүнө эки миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик байкоочулар көз салып жатышат.  Президент Мило Жуканович баш калаа Подгорицада добуш бергенден кийин калктын «көпчүлүгү мамлекеттин Европага ыктаган келечегин тандайт» деген ишеничте экенин айтты. Читать дальше...

Минскиде "Тынчтык жана эгемендик маршы" өтүп жатат

Azattyk.org 

Минскинин борборундагы Эгемендик аянты курчоого алынып, милициянын атайын техникалары турат.  Колонналардын бирин ОМОНдун аскерлери кууп таратууга аракет кылышканы, бирок катышуучулар милиция кеткенден кийин жүрүштү улантышканын "Азаттыктын" беларус кызматы маалымдады. Ошондой эле жүрүштүн кээ бир катышуучулары кармалганы кабарланууда. Аянттан тышкары Ата мекендик согуш музейинин айланасы да темир кашаалар менен курчалган. Ал жердеги аскерлердин колунда куралдары бар. Беларус бийлиги журналисттерди... Читать дальше...

Иранда кызын өлтүргөн киши тогуз жылга эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Өзү каалаган адамга турмушка чыккысы келген кызын өлтүрүп салган кишини Ирандагы Гилян провинциясынын соту "Намыс үчүн киши өлтүрүү" беренеси менен соттоп, тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу ILNA агенттиги маалымдап, кыздын энеси сот чечимине макул эместигин кабарлады. Маалымат агенттиги кыздын энеси Рана Даштинин: «Соттор бул ишке өзгөчө маани берилерин айтышкан эле. Бирок чечим мени жана үй-бүлөмдү коркунучтуу абалга кептеди. Мен эми башка балдарым үчүн корко баштадым", - деп айтканын жазды. Читать дальше...

Баткен облусунда 22 мектепте электрондук китепкана ачылды

Azattyk.org 

«Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен облустагы 22 орто мектепте "Илимбокс" санариптик китепканасы орнотулду. Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды Интернет байланышы жок эле колдонууга мүмкүн. Окуучулар англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрө алышат. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган. Ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептер... Читать дальше...

Бишкекте өткөн веложарыш. Асмандан тартылган видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

2020-жылдын эсебинен Бишкек шаарында алгачкы веложарыш өттү. Адатта мындай иш-чаралар жазында болчу, бирок пандемияга ага жол берген эмес. Велосүйүүчүлөрдүн колоннасы үчүн жолдон атайын тилке бөлүнүп, аларды Тез жардам жана Кайгуул кызматы коштоп жүргөн.

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, калган аймактарда жамгыр жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 4...9... Читать дальше...

Минскидеги аянтка автозактар жана суу бүрккүч техника алынып келди

Azattyk.org 

Минск шаарынын чок ортосундагы Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника алынып келди. Аянтта бүгүн, 30-августта "Тынчтык жана эгемендик жүрүшү" болору кабарланган. Эгемендик аянтында 9-августтан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары токтобой уланууда. Шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен утуп чыкканы расмий кабарланган. Оппозиция буга каршы чыккан. Өлкөнүн бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялары башталган. Читать дальше...

ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөнөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда ВИЧ илдетин ооруканалардан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын тапшырды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-августтагы чечими менен "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын парламенттеги депутаты Абулкайр Узакбаевдин жана "Кыргызстан" партиясынын депутаты Кубанычбек Нурматовдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын депутаттык мандаты тизмедеги кийинки талапкер Уланбек Исмаиловго берилди. Ал эми "Кыргызстан" саясий партиясынын мандаты талапкер Улугбек Садиковго берилди. Жаңыдан катталган депутаттарга Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгилери тапшырылды. Читать дальше...

Новости России
Москва

Лучшей певицей жанра поп-опера по версии премии WOMAN AWARD стала Натали Орли


Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 25 миллиондон ашты

Azattyk.org 

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 30-августка карата жалпы дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 25 миллион адамдан ашты. Буга Индияда акыркы суткада оору жуктургандардын саны рекоррдук чектен ашып, 78 761 адам жаңы катталганы негиз берди. Индия оору жуктургандарын саны жагынан үчүнчү орунда турат. Биринчи орунда АКШ, андан кийин Бразилия. Америкада коронавируска чалдыккан адамдардын саны 6 миллион 139 миңден ашты. 3,4 миллион адам оорудан айыкты. 186 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду. Читать дальше...

Берлинде карантиндик чектөөлөргө каршы акцияга 30 миңден ашуун адам катышты

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциясына отуз миңден ашуун адам катышты. Митингчилер полициянын каршылыгына карабай, шаардын борборун аралап, жүрүш жасашты. Бул тууралуу BBC маалымдады. Башында полиция митингге уруксат бербөөгө аракет кылган. Бирок Берлин соту 28-августта тыюуну алып салган. 29-августтагы акциянын башында беткапсыз жүргөндөрдүн көптүгүнөн жана аралык сакталбаганынан улам полиция жүрүшкө тыюу салган. Ага карабай демонстранттар борбордук көчөлөрдө жүрүш жасашты. Читать дальше...

30-августка карата COVID-19 дагы 108 адамдан аныкталды

Azattyk.org 

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети лабораториялык жактан тастыкталган 108 учур жаңыдан катталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда - 33 адам вируска чалдыкты. Бишкек шаарында - 17; Ош шаарында – 2; Чүй облусунда – 11; Ош облусунда – 12; Талас облусунда - 6; Нарын облусунда – 1; Ысык-Көл облусунда – 10; Баткен облусунда - 16. Ушуну менен жалпы пандемия башталгандан берки убакта коронавируска чалдыккандардын саны 43 820 адамга жетти. Читать дальше...

Кыздардын кийиминен кынтык издегендер

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө кыз-келиндердин кийимине кийлигишүүнүн себептери тууралуу баарлаштык. Чечинип эмес, чүмкөнсө да эмне үчүн аялзаты сындан арылбайт?


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде






52 диплома завоевала команда Подмосковья на школьной олимпиаде по 4 предметам

Спецслужбы США: Не обнаружено доказательств причастности властей России к кончине Навального*

В Сербии выключили гимн России на чемпионате Европы по боксу

Груднички психоневрологического отделения МОЦОМД посетили плавательный бассейн