Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 28.08.2020

«Кыргызстан»: БШК мыйзамды бузду

Azattyk.org 

28-августта «Кыргызстан» партиясы түнкү саат 10до журналисттерди маалымат жыйынга чакырып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарбай, "мыйзамды бузду" деп билдирди.  Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоо фондунан тышкары каражаттарды колдонуу фактылары көп жолу катталган. Ага карабастан БШКнын ушул эле курамы эскертүү берүү менен чектелип келгенин, ал эми “Кыргызстан” партиясын... Читать дальше...

Англис тилин оңой үйрөнсө болот

Azattyk.org 

Айрым эксперттер англис тилинде сүйлөгөндөр көбөйсө, кеңири маалымат алууга жол ачыларын, бул элдин аң-сезиминин ойготууга, сынчыл ой жүгүртүүгө таасир этерин айтып келишет. Анткен менен Кыргызстанда башталгыч класстан бери окуганына карабай англис тилинде сүйлөгөндөр аз. Эмне үчүн айлап, айрымдар жылдап тил үйрөнүү курсуна барганы менен аны үйрөнө албайт? Күнөө биздеби же окутуу ыкмасындабы? Англис тилин кантип өз алдынча үйрөнүүгө болот? Эгер сиз бул суроолорго жооп издеп жүрсөңүз "Азаттык+" берүүсүнүн жаңы чыгарылышын сунуштайбыз.

Гүлжигит Алыкулов: голума абдан сүйүндүм, бирок дараметимди толук ача элекмин

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Казакстандын "Кайрат Алматы" клубунун жарым коргоочусу, кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Команда турнирдин кийинки баскычына чыкты.

Берлиндеги оорукана Навальный комадан чыга электигин билдирди

Azattyk.org 

Германиянын баш калаасы Берлиндеги "Шарите" ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы тууралуу жаңы маалымат таратты. Анда саясатчынын саламаттыгы бир аз жакшырып баратканы айтылганы менен догдурлар комада кармап турушканы белгиленди. Навальный мурдагыдай эле жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган абалда дарыланып жатканы маалым болду. "Абалы оор. Бирок өмүрүнө олуттуу коркунуч жок. Мурдагыдай эле бейтаптын ууланышынын узак мөөнөттүү кесепеттерин жоромолдоо кыйын"... Читать дальше...

Отунбаева ДССУнун жалпы Европалык комиссиясынын мүчөсү болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жалпы европалык комиссиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду кабарлады. Маалыматка ылайык, 26-августта Отунбаева Пан-Европа комиссиясынын “Ден соолук жана туруктуу өнүгүү” иш- чарасына онлайн форматта катышып, саламаттык сактоо жаатында бир катар маселелерди эксперттер менен бирге талкуулаган. Комиссиянын максаты - пандемиянын шартында саясаттын артыкчылыктуу багыттарын кайра карап чыгуу. Читать дальше...

Жума намаз мечиттерде окула баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырып, “антисептиги жоктор, беткап жана байпак кийбей келгендер мечитке киргизилбейт” деп жарыя кылды. Ошондой эле мечитке келгендер өзүнүн жайнамазын алып келиши керектигин эскертти, намаз бүткөндөн кийин мечитте көп кармалбай чыгып кетүүнү сунуш кылды. Кыргызстанда коронавируска байланыштуу, вирустун жайылышына, мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында кырдаал турукташканга... Читать дальше...

БШК «Кыргызстандын» үстүнөн сотко кайрылат

Azattyk.org 

«Кыргызстан» партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ортосундагы талаш-тартыш Жогорку сотко жеткени калды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясынын документин артка кайтаруу тууралуу чечим туура болгонун дагы бир жолу кайталады. Ал бул чечимди мыйзамсыз деп табуу жөнүндө Бишкектин административдик соту чыгарган өкүмгө каршы Боршайком кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

Өзбек президентинин ырайымы

Azattyk.org 

Өзбекстанда президенттин ырайымы менен саясий жана диний ишмердиги үчүн соттолгон төрт адам бошотулду.



Евробиримдиктин министрлери Минскиге санкция салууга макул болушту

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларустагы жогорку даражалуу 20 жетекчиге санкция салууга макул болду. Мындай чечим дипломаттардын 28-августта Берлинде өткөн жыйынында кабыл алынды. «Биз шайлоону бурмалоого аралашкан адамдар жана тынч демонстранттарга күч колдонгондор тизмеге киргизилет деп чечтик», - деп билдирди Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петричек.   Санкциялык тизмеге кийинчерээк президент Александр Лукашенко да кошулушу мүмкүн экени кабарланды. Буга чейин Литва өз алдынча... Читать дальше...

БШК «Кыргызстан» партиясынын документин кабыл алган жок

Azattyk.org 

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кабыл алган жок. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, БШК Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылууга ниеттенип жаткандыктан, мыйзам боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга укугу бар. Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган... Читать дальше...

Лукашенко Орусияга чукул бурулду

Azattyk.org 

Европа Беларустун учурдагы бийлигине басым көрсөтүүгө олуттуу киришти. Ал эми Орусия Беларус бийлигине аскердик жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, демонстранттарга сес көрсөттү.

Москвада маңзаттан күйгөн мигранттар

Azattyk.org 

Москвада кыргыз жарандары соңку айларда эле маңзат сатууга айыпталып, полициянын торуна түшкөн ондогон учур катталды. Кээ бири кокустан кайырмакка илинсе, бири жеңил акчага азгырылып, билип туруп эле кылмыш жасаган. Мекендештерин “наркокурьерликке” колдонуп, пайда көргөн ортомчулар да бар.

Беларуста бейшемби күнү кармалган журналисттерге айып коюлууда

Azattyk.org 

Беларуста бейшембинин кечиндеги демонстрацияларды чагылдырып жүрүп кармалган журналисттерге айып коюлууда. Алардын арасында «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун «Настоящее время» телеканалында оператор болуп иштеген Андрей Ярошевич да бар. Ага «бийлик уруксат бербеген демонстрацияларга катышкан» деген айып коюлуп жатканы бүгүн, 28-августта Минскиде өтүп жаткан сот процессинде белгилүү болду. «Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, 27-августта Минск шаарында жалпысынан 35 журналист кармалган. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш 1-сентябрда ишин улантат  

Azattyk.org 

1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган. Анын алдында 30-июндагы кезексиз сессиясында парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек.

Трамп Байденди сындап, өзүн мактады

Azattyk.org 

Дональд Трамп Республикалык партиянын атынан президенттикке экинчи мөөнөткө расмий көрсөтүлдү. Партиянын жыйынын жаап жатып Трамп демократтардын талапкери Жо Байденди «америкалыктардын кыялына» коркунуч келтирген солчул радикал катары мүнөздөдү.

Өкмөт өлкөдө чакан бизнес 80% чейин калыбына келди деп эсептейт

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында өкмөттүн ишкерлерди колдоо аракети натыйжалуу болгонун айтып, чакан бизнес 80% чейин калыбына келип калганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Бороновдун айтымында, чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында анын саны 20 миңге чейин азайган. Учурда 75 миң патент берилди. Читать дальше...

Новости России
Москва

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»


29-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

29-августта күндүз Баткен облусунун тоо этектеринде, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...

Кыргызстанда беш оорукана салынып, тогузу оңдолууда

Azattyk.org 

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 28-августтагы брифингде  COVID-19 пандемиясынын мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдык тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ушу тапта республика боюнча 14 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын бешөө жаңыдан салынат, тогузу капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Сентябрдын башында алардын тогузунда оңдоо иштери аяктайт. Көкөчаров бул иштер республикалык... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки протоколго кол коюлду

Azattyk.org 

28-августта Ташкент шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын деңгээлиндеги, чек ара маселеси боюнча атайын өкүл Назирбек Борубаевдин айтымында, эки тарап өзбек-кыргыз чек арасындагы 94,5 чакырым боюнча чекти сүрөткө түшүрүү долбоорун макулдашып, бекитишти. Читать дальше...

31-августта майрам онлайн форматта уюштурулат

Azattyk.org 

31- август - Кыргызcтандын Эгемендик күнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөрүлөт.    Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта саат 10дон 11ге чейин болот. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, майрамдык иш-чара өкмөттүк каналдар аркылуу түз көрсөтүлөт. Пандемияга байланыштуу быйыл жапырт жана майрамдык салтанаттар өткөрүлбөйт.  Саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат. Быйыл Кыргызстан эгемендиктин 29 жылдыгын белгилейт. Читать дальше...

Шайлдабекова: «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылабыз

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес. Ал жакын арада БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдады. «Мурда кабыл алган чечимибизди колдоп, мыйзамдуу болгон деп эсептейбиз. Демек, административдик соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз», - деди төрайым. Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. Читать дальше...

Элитасы жок эгемендик (аудио)

Azattyk.org 

Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде






Подмосковные пожарные приняли участие в акции «День добрых дел»

Фантастический успех бухгалтера из Красногорска – она дважды выиграла по миллиону рублей в «Мечталлион»

В Музее Победы представят проекты празднования 80-летия Победы

В РПЦ объяснили свой отказ от попыток к пасхальному перемирию с Киевом