Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 29.08.2020

Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл болду

Azattyk.org 

Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду. 31-августта Эгемендик майрамы белгиленет. Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган. Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Читать дальше...

Тумоонун кесепетин иликтөө талабы жаңырды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы 29-августта коронавирустан каза болгондорду эскерди. Мунун алдында илдеттен каза болгондордун жакындары пандемияда көз жумган миңден ашуун адамдын өлүмүн иликтөөнү бийликтен талап кылышкан.

COVID-19дан каза болгондор үчүн «Эскерүү шамы» жагылат

Azattyk.org 

29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясы болот. Коронавирус инфекциясынан каза болгондорду шам жагып, эскерүү демилгесин Бишкек мэриясы көтөргөн. Демилгечилер кечки саат 21:30да электр жарыгын өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерүүнү сунушташууда. Былтыр декабрда Кытайдын Ухань калаасынан чыккан COVID-19 вирусу 2020-жылдын алгачкы айларынан тарта дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда... Читать дальше...

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери кычкылтек концентраторун тартуулашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана башкы консулдуктары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты. Бул жабдуулар мекемелердин жеке каражатына алынган. 49 кычкылтек концентраторунун 15и президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына тапшырылды. Калгандары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Министрлик аны муктаждыгына ылайык өлкөдөгү бейтапканаларга бөлүштүрүп берет. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы июнь-июль айларында күч алып... Читать дальше...

Берлинде бийликтин илдетке каршы күрөшүнө нааразылар митингге чыкты

Azattyk.org 

Берлинде коронавирус пандемиясына каршы бийликтин саясатына жана чектөөлөргө нааразылардын митинги өтүп жатат. "Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, 29-августта Берлиндин жашоочулары көптөгөн борбордук көчөлөргө чогулду. Митингге чыккандардын көпчүлүгү беткапсыз. Метролордун кире бериштеринде Берлин транспортунун коопсуздук кызматкерлери элди беткап кийүүгө үндөп турушат. Адамдар чогулган жерлерде полиция да жүрөт, бирок алар чогулгандарга эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Эл чогулуп жаткан аймактын... Читать дальше...

Адамды башкарган ишеним

Azattyk.org 

"Биз жана дин" түрмөгүндө "Дин түшүнүгү" деген темага кайрылып, аны адис менен бирге талдап бергенге аракет кылабыз. Дин түшүнүгүнүн калыптанышы, адамдын акылын башкарган ишеним, анын оош-кыйышына кайрылабыз.

Аба ырайы: Жаан жаайт

Azattyk.org 

Эртең, 30-августта Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда жаан жаайт. Кээ бир аймактарда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33; Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30. Борбор калаа Бишкек шаарында түнкүсүн 14...16... Читать дальше...

Навальныйдын дарыгерлери химиялык заттар боюнча эксперттерден жардам сурашууда

Azattyk.org 

Берлиндеги “Шарите” клиникасы уу жана химиялык заттар боюнча эксперттерден жардам сурашты. Бул тууралуу "Der Spiegel" журналы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, дарыгерлер Мүнхендеги уу жана химиялык заттарды изилдеген аскердик жабык лабораторияга кайрылышкан. Мындан тышкары оорукана Британиядагы «Портон-Даун» аскер лабораториясына да кайрылганы кабарланды. Бул лаборатория орусиялык полковник Сергей Скрипал менен анын кызынын диагностикасын иликтеген. Орусиялык оппозиционер... Читать дальше...



Куурчак театры күзгү сезонго даярданууда

Azattyk.org 

Кыргыз мамлекеттик М. Жангазиев атындагы куурчак театры 82-театралдык сезонун ачууну пландап жатат. Театрдын артисттери "Күнөстүү коён", " Үйдө ким кожоюн? " аттуу спектаклдерин карантиндик чектөөлөр токтогондо бөбөктөргө тартуулашат.

Жээнбеков: Саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши керек

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 29-августта "Биринчи радиого" маек куруп, кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Президент Кыргызстан буга чейин башынан апрель, июнь окуяларын эскерип, бул окуялар тынчтыктын, биримдиктин, Эгемендиктин баасын сездирип, мамлекеттүүлүк деген эмне экенин эске салганын айта кетти. “Бул окуялар - эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду. Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык, бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар... Читать дальше...

Баткенде 5 миң адам катышкан ишембилик болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эгемендик майрамын утурлай бүгүн, 29-августта Баткен шаарында 5 миң адам катышкан ишембилик болуп өттү. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ишембиликке облустагы мекеме, уюмдардын беш миңден ашуун кызматкери катышты. Ишембиликте көчө, парк, базарлар тазаланды. Мындан тышкары мекеме-уюмдардын айланасы иреттелип, көчө боюндагы дарактар акталды. Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. Читать дальше...

COVID-19: АКШ менен Кыргызстандагы айрым окшоштуктар

Azattyk.org 

Жакшылык Мурат 2008-жылдан бери Америкада жашайт. Азыр Чикаго шаарындагы Kyrgyz Community Center уюмунун ишмердигин уюштурган диаспоранын активисттеринин бири. Ал шаардагы жагдай, АКШ менен Кыргызстандагы окшоштуктар тууралуу айтып берди.

Ливиянын ички иштер министри кызматтан алынды

Azattyk.org 

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сараж ички иштер министри Фатхи Али Башагуну Триполидеги нааразылык акцияларынан кийин кызматтан бошотту. "Reuters" маалымдагандай, буга демонстранттарга каршы ок атылганы себеп болду. Фаиз Сараж ок атууну иликтөөгө убада берген. Ливиядагы демонстрациялардын катышуучулары өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Алар өкмөттү инфляцияга, коррупцияга, жумушсуздукка жана коронавирус пандемиясына айыпташууда. Триполидеги нааразылык акцияларында эки ирет полиция менен кагылышуу болгон. Читать дальше...

Даниел Ажиев дарыланууга жиберилгени кабарланды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Даниел Ажиев Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерге дарыланууга жиберилди. Бул маалыматты Ажиевдин жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Алардын айтымында, тергөө алкагында милиция Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Экспертиза "Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж" деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген. Читать дальше...

Кыз ала качуу боюнча козголгон иш сотко өтө элек

Azattyk.org 

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча 7-августта Түп районуна кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши бүгүн, 29-августта сотко өтүшү керек болчу. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты жокко чыгарды. Соттун канцеляриясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, бул факт боюнча иш сотко өтө элек. 7-августта Түп районуна 23 жаштагы кызды ала качууга шек саналып, үч киши кармалган. Алар убактылуу камоочу жайга киргизилген. Читать дальше...

Өзбекстан Орусиядан жарандарын алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурат

Azattyk.org 

Өзбекстандын коронавируска каршы штабы 31-августтан 30-сентбярга чейинки аралыкта чет өлкөлөрдөн жарандарын алып келүү тартибин жарыялады. Ага ылайык, сентябрь ичи чет мамлекеттерден келе албай калган өзбекстандыктарды алып келүү максатында жалпы 100 чартердик каттам уюштурулат. Анын ичинде Орусиядан келе албай жаткан өзбекстандыктарды алып кетүү үчүн 35 чартердик каттам бар. Орусиянын шаарларынан тышкары Дубай, Минск, Нью-Йорк, Сеул, Стамбул жана Франкфурттагы өзбекстандыктар да үйүнө жеткирилет. Читать дальше...

Шайлоодогу «шайтан ыкмалар»

Azattyk.org 

Шайлоочулардын добуш берүү жыйынтыктарын бурмалоонун кеңири жайылган, өтө эле олдоксон жана амалкөй түрлөрү шайлоонун жыйынтыгын аныктаган учурлар шайлоо жараяндарынын ажырагыс бир бөлүгү катары кала берүүдө.

БШК Жогорку сотко арыз менен кайрылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эместигин билдирип, кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 28-августта кечке жуук берилди. Бишкектин административдик соту 27-августта «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган. Мындан кийин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектин административдик... Читать дальше...

Венгрия коронавирустан улам чек араларын жаба баштады

Azattyk.org 

Венгрия өкмөтү 1-сентябрдан тарта чет өлкөлүктөрдү киргизбей турган болду. Өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу Венгрия Евробиримдиктеги чек арасын биринчи болуп жапты. Акыркы жумаларда Евробиримдиктеги көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус илдети кайра күч алганы байкалууда. Италия, Испания, Британияда ооруга чалдыккандардын саны суткасына миңден ашууда. Францияда 28-августка караган күнү жети миң адам ооруга чалдыкканы аныкталган. Мындай көрсөткүч Францияда 31-мартта катталган. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандар катталган жок

Azattyk.org 

29-августка карата Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Ал эми акыркы суткада коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 125 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Бишкек - 30 Ош – 2 Чүй облусу – 8 Ош облусу - 12 Талас облусу - 6 Нарын облусу – 1 Ысык-Көл облусу – 13 Жалал-Абад облусу – 31 Баткен облусу - 22. Жалпысынан пандемия башталгандан... Читать дальше...

Макрон: Орусиянын Беларустун ички ишине кийлигишкени эң начар вариант

Azattyk.org 

Орусиянын Беларустун ички ишине кийлигишкени - эң начар вариант экенин Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-августта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларустагы кырдаалдын курчушуна жараша "аскер кызматкерлеринин ичинен "резерв" даярдоо" тууралуу сөзүнөн кийин айтты. Макрон Украинадагы 2014-жылдагы окуялардын кайталанышынын өзү да, немис канцлери Ангела Меркел да каалабасын эскертти. Француз лидери Путин тескерисинче Беларустун лидерин ЕККУнун арачылык кылышына макул болууга үндөшү керек деп эсептейт. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






В Трубчевском РДК прошел праздничный концерт «С песней – в кругу друзей»

«Ак Барс» стал победителем хоккейного Кубка Владислава Третьяка в Екатеринбурге

Реальные доходы россиян выросли на 5,8% за первый квартал

Погранслужба Казахстана возобновила работу КПП «Желкуар» на границе с РФ