Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 20.08.2020

Навальный ууланып, комага түштү

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путинди сындап жүргөн саясатчы Алексей Навальный 20-августта ооруканага шашылыш жаткырылды. Анын тарапкерлери саясатчы комада жатканын, ууландырылган болушу мүмкүн экенин айтышууда. Кремль лабораториялык анализдердин жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Акчасы бар, добушу жок мигрант

Azattyk.org 

Чет өлкөгө жумуш издеп агылган кыргызстандыктар - шайлоодо добушу угулбаган, тандоосу эсепке алынбаган аялуу катмар. Миллиондогон мигранттардын ичинен шайлоого туруктуу катышып жүргөндөрдүн саны 0,01 пайызга да жетпейт. Бул ирет Орусиядагы кыргызстандыктар бийликтен онлайн добуш берүүгө шарт түзүүнү талап кылып жатышат. Шайлоону жана шайланууну каалаган чет жактагы мигранттар тууралуу "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүндө кеп кылабыз.

Шаардык сот Аскаровдун ишин караган жок

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

Акын Дүйшөн Жапаров каза болду

Azattyk.org 

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын этегинде топ жарып чыккан таланттуу акындардын бири Дүйшөн Жапаров узакка созулган оорудан улам 61 жаш курагында 20-августта каза болду. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» билдиришти. Ал сексенинчи жылдардын этегинде «Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат», «Калыңым жок, каадам бар, кааданы билбес наадан бар» деген өңдүү кош саптары менен элдин сүймөнчүктүү акынына айланган. Дүйшөн Жапаровду айрым адабият таануучулар сексенинчи-токсонунчу... Читать дальше...

Ошто азиздер үй жана иш сурашты

Azattyk.org 

20-августта Ош шаарында көзү азиздер журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, алардын көйгөйүнө жана укуктарына көңүл бурулбай жатканын айтып чыгышты. Оштогу маалымат жыйынга чогулгандардын бири — 60 жаштагы Тыныбек Шакировдун 12 жыл мурда көзү көрбөй калган. Ал турак жайдан кыйналган майыптар көп экенин айтып, «Өкмөт жеке менчик курулуш компанияларга жер берип, аларды ар бир көп кабаттуу үйдөн бир-эки батирди майыптарга бөлүп берүүгө милдеттендирсе», - деген сунуш киргизди.  «Өзүбүздүн ичибизде жана коомдо көйгөйлөр аябай көп. Читать дальше...

Трамптын мурдагы кеңешчисине шылуундук боюнча айып тагылды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Стив Бэннонго АКШ-Мексика чек арасына дубал куруу үчүн акча чогултууда шылуундукка барган деген айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги бейшембиде билдирди. Манхэттендин федералдык прокурорлору Бэннон баштаган бир нече адамды акча чогултуу өнөктүгү учурунда жүз миңдеген долларды алдап алган деп айыптоодо. Донорлор берген каражат чек арада дубал курууга сарпталат деп ойлошконун, бирок айыпталуучулардын бири Брайан Колфаге аны жеке кызыкчылыгы үчүн короткону айтылат. Читать дальше...

Кремль Навальныйдын ууланышы боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный “ууландырылган” деген божомолдор боюнча комментарий берди. “Уулануу болгон-болбогону лабораторияда ырасталышы керек. Анализдин жыйынтыгын күтүү керек” , - деди Песков журналисттер менен телефон брифинги учурунда. Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Саясатчынын маалымат... Читать дальше...

Шайлоо 2020: 22 саясий партия талапкерлеринин тизмесин бекитти

Azattyk.org 

19-августта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү мөөнөтү бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 22 саясий партия курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти. Шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 11 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми 8 партия жазуу түрүндө маалымдаган.  «Кыргызстан патриоттору» жана «Билим Илим ордосу» партиялары эч кандай маалымат берген эмес. Читать дальше...



Суваналиевдин суроо жараткан билдирүүсү

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бийлик криминалга каршы күрөштө жеңилип калганын айтты. Ал бир катар партиялар Камчы Көлбаевдин калкалоосу менен саясий жарышка чыкканын жарыя кылды.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму Азимжан Аскаров боюнча Жогорку сотко кайрылат

Azattyk.org 

Бир ай мурда түрмөдө жатып пневмониядан каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму укук коргоочуга карата Бишкек шаардык соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди: «Мыйзамга ылайык Азимжан Аскаровдун укугун коргоону улантып, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин аткарылышына жергиликтүү жана эл аралык соттордо жетишүүгө аракет кылабыз. Эл аралык деңгээлде кыргыз өкмөтү 2016-жылдан бери эч бир кадам жасаган жок... Читать дальше...

Аскаровдун иши: сот мурдагы чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Административдик сот «бул иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирип, ишти кароону токтотуп койгон. Бул талаш Бишкек шаардык сотунда каралганга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда пневмониядан көз жумган.

ИИМ Суваналиевдин билдирүүсүнө жооп берди

Azattyk.org 

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө парламенттик шайлоо алдында уюшкан кылмыштуулуктун бийликке, коомго тийгизген таасири тууралуу маселе кайрадан көтөрүлө баштаганы айтылган. Министрлик учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, бул маселени көтөрүп жаткан айрым адамдар өздөрү түрдүү кызматтарда иштеп турган убакта уюшкан кылмыштуулуктун таасирине чара көрүп, чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын белгилеп, бул маселени ошол кезде көтөрүп чыкса болмок деп эсептейт. ИИМдин басма... Читать дальше...

Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Жогорку сотко кайрылышат

Azattyk.org 

Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотунун 20-августтагы чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Исаковдун адвокаттарынын бири Бакытбек Автандил уулу билдирди:  «Биз бул чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Читать дальше...

Өзбек акимине таш ыргытты деп шек саналган жигит кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Фергана облусунун акимине таш ыргытты деген шек менен Сох анклавынын тургуну кармалды. 23 жаштагы Давлатжон Маллаев «жапырт башаламандыкка жигердүү катышкан», «бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөн» деп айыпталып жатканын «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Редакцияга анын апасы Насимахон Маллаева кайрылып, уулун 10-августта кармашканын айткан. «Уулум машинесин сатканы Ферганага кеткен эле. Ал жактан кармап, отургузуп коюшуптур. Бул тууралуу мага райондук администрация билдирди» дейт ал. Читать дальше...

Шайлоо-2020: «Чоң Казат» партиясы талапкерлердин тизмесин тактады

Azattyk.org 

«Чоң Казат» саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Ал саясий уюмдун 16-августтагы жыйынында кабыл алынганын партиянын төрагасы Максат Мамытканов «Азаттыкка» билдирди. Партиянын чечимге ылайык, алдыңкы он орунда төмөнкү талапкерлер бар:  1. Максат Мамытканов 2. Алмакан Бекова 3. Улан Эсенкожоев 4. Шамырбек Эрмекбаев 5. Сыймык Жапыкеев 6. Анаркүл Султангазиева 7. Өмүрбек Шаршеналиев 8. Турат Акимов 9. Жаркынбек Касымбеков 10. Марьяна Володина. Читать дальше...

Новости России
Москва

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции


Чет элдиктердин Кыргызстанга кирүү тартиби жеңилдеди

Azattyk.org 

Кыргызстанга чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жоктордун кирүү шарттары жеңилдетилди.  Өкмөттүн басма сөз кызматы 20-августта билдиргендей, эми Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдиктер (ЖОЖдон берилген маалым кат аркылуу), өлкөдө туруктуу жашап турууга уруксаты барлар, өлкө аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келгендер (документ менен ырасталган шартта), жакын туугандарынын аза күтүү зыйнатына келгендер (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу документ менен) киргизилет. Читать дальше...

Бишкекте коронавирустан улам киргизилген айрым чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы коронавирус илдетинен улам киргизген бир катар чектөөлөрдү алып салды.  Троллейбус, автобус жана кичи автобустар дем алыш күндөрү да жүрө баштайт. Коомдук транспорттун иш убактысы эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин саат 14:00дөн 23:00гө чейин болот. Түшкү үч сааттык тыныгууда автоунааларга дезинфекция жасалат.  Кафе-ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайлар эртең менен саат 7:00дөн түнкү саат он экиге чейин ачык болот. Тамакты ташып жеткирүү кызматы күнү-түнү иштей берет. Читать дальше...

21-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30... Читать дальше...

Беларус оппозициясы жекшембиге чоң жүрүш пландады

Azattyk.org 

Беларус оппозициясы 23-августта жалпы элдик каршылык акциясын өткөрүүнү пландоодо. «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган акцияга президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына ишенбегендердин баарын Минск баштаган шаарларда көчөгө чыгууга чакырып жатышат.  Акцияда президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн Координациялык кеңеш маанилүү программалык билдирүү жасашы күтүлүүдө.   19-августта ишин баштаган Координациялык кеңеш тез арада бийликти өткөрүп бериш үчүн сүйлөшүүнү баштоону Беларус жетекчилигинен талап кылууда.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Виктория Азаренко

Азаренко не смогла пробиться в 1/8 финала турнира в Мадриде, уступив Соррибес-Тормо






В МИД объяснили задержки на пунктах пропуска через границу

Порядка 50 активистов вышли на борьбу с мусором во Фрязине

Выяснились настораживающие подробности о клинике Хайдарова: Приговор вынес Арбитражный суд

Мария Нагорная приняла участие в акции «Доброе дело» в Лыткарине