Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 09.08.2020

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды

Azattyk.org 

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады. 10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. Бул маалыматты анын адвокаты Тимур Карабаев “Азаттыкка” бышыктады. “Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат” - деди адвокат. "Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө... Читать дальше...

Экзит-пол Лукашенко жеңгенин көрсөтүүдө

Azattyk.org 

Беларуста улуттук экзит-полдун жыйынтыгы учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңгенин көрсөтүүдө. Бул тууралуу 9-августтун кечинде мамлекеттик “Беларус 1” телеканалы кабарлады. Добушканадан чыккандарды сурамжылоо менен түзүлгөн жыйынтыкка ылайык, Лукашенко 79,7%, ал эми Светлана Тихановская 6,8% добуш алышкан. Ал эми калган үч талапкер биригип 4% көбүрөөк добуш жыйнашкан. Баарына каршы болгондор 9,2% түзгөн. Жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө карата добуш бергендер  79% болгон. Читать дальше...

Тоголото чаап, эсин оодарып... UFC Vegas 6 беттешиндеги сестенткен учурлардын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн таңда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун Vegas 6 мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештеги башкы кармаш оор салмактагы мушкерлер АКШлык Деррик Льюис менен россиялык Алексей Олейниктин беттеши болду.

Тихановская менен Лукашенконун добуш бериши

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Дене тарбия университетиндеги шайлоо бекетинде, ал эми Светлана Тихановская Чыгыш Минск кичи районундагы мектепте добуш берди. Беларустун Борбордук шайлоо комиссия азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

«Кылым шамы»: Ала качууга туш болгон кыз психологдун жардамына муктаж

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-августта кыз ала качуу фактысы байкалды. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдиргендей, кызды Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна ала качып барышкан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Түп жана Караколдун милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды бекитип жаткан жерден таап, баш калаага алып келишти.  Маалыматка караганда, кызды ала качкан жигит андан 16 жаш улуу, мурда үч жолу үйлөнгөн жана балдары бар экени белгилүү болду. Ал... Читать дальше...

Иранда өзгөчө абал 2021-жылга чейин сакталат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө абал бери дегенде 2021-жылдын февралына чейин алынбай турганын билдирди.   «Алты айдан бери ушундай абалда турабыз. Биз жок дегенде дагы алты айга даяр турушубуз керек», - деди президент 9-августтагы билдирүүсүндө. Иранда коронавируска байланыштуу чектөөлөөр акыркы эки айда кыйла жумшартылган. Натыйжада сактануу чараларына көп көңүл бурулбай, илдетке чалдыккандар көбөйүп, күнүнө 200 чамалуу адам көз жумууда. ... Читать дальше...



Беларус БШКсы шайлоону өттү деп эсептеди

Azattyk.org 

9-августта түштөн кийин Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Лидия Ермошина добушканага шайлоочулардын 54% келгенин жарыялады. Бул шайлоо өттү дегенди билдирет. Анын айтымында, Минскиден башка бардык аймактарда катышуу көрсөткүчү 50% жогору. БШК төрайымы бул эсепти күн мурунтан башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кошууда. Ермошина Минскидеги шайлоо тилкелеринде кезек көбөйгөнүн, өз алдынча байкоочулардан арыздар түшүп жатканын белгиледи.  Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып... Читать дальше...

Хабаровск: Фургалдын тарапкерлеринин акциясы уланууда

Azattyk.org 

Орусиянын  Хабаровск аймагынын камакка алынган мурдагы губернатору Сергей Фургалдын тарапкерлери 8-августта да көчөгө чыгышты. Беш аптадан бери уланып жаткан акцияга бул ирет миңдеген киши катышып, «Бизге Фургалды көрсөткүлө!» деп кыйкырып турушту. Демонстранттар Хабаровск шаарынын борбордук аянтына чогулуп, андан кийин башкы көчөлөр аркылуу жөө жүрүш өткөрүп, жол тосушту. Айдоочулар да аларды колдогону айтылды. Бийлик өкүлдөрүнөн демонстранттар менен эч ким жолуккан жок. Аймактын жетекчилигинин билдирүүсүндө... Читать дальше...

Ливанда өкмөттүк имараттар демонстранттардан бошотулду

Azattyk.org 

Бейруттун полициясы жекшембиге оогон түнү демонстранттарды өкмөттүк имараттардан сүрүп чыгарды. Тышкы иштер, Экономика, Энергетика министрликтеринин имараттарын, Ливан банктар биримдигинин штаб-квартирасын жаалданган топтор андан бир нече саат мурда басып алган эле. Полиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жабыркап, ондогон киши ооруканага түштү. Бир полиция кызматкери өлгөнү да кабарланууда. Күч органдары жаш агызчу газ жана желим окторду колдонгон. 4-августтагы жарылуунун курмандыктарын эскериш... Читать дальше...

Филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиев дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар бирикмесинин жана Журналисттер бирикмесинин мүчөсү Үсөнбек Асаналиев 88 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул туралуу «Азаттыкка» акын Мусакун Сатыбалдиев билдирди. Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал бир катар илимий эмгектердин, китептердин автору. Читать дальше...

Лукашенко: Эч ким репрессияга учураган жок

Azattyk.org 

Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттер менен маектешти. «Мыйзамды бузуп эч ким эч кандай репрессия кылган жок жана кылбайт. Мыйзамды сактагыла. Мыйзам, бир гана мыйзам!» деп айтканын БелТА агенттиги жазды. Ал ошондой эле эл аралык байкоочулар азыр деле жакшы баа бербей турганын белгиледи. «Бизди алар "Азаматсыңар, беларустар!" деп айтат деп күтпөш керек. Саясат – бул күрөш» деген Лукашенко өз элинин кызыкчылыгына карап иш кылып атканы белгиледи. Читать дальше...

Варшавда ЛГБТ өкүлдөрү полиция менен кагылышып, 48 активист кармалды

Azattyk.org 

Варшавада жума күнү кечинде ЛГБТ активисттеринин нааразылык акциясы полиция менен кагылышууга чейин жетти. Окуяда 48 активист кармалганын «Газета Выборча» басылмасы Варшава полициясынын басма сөз катчысы Сильвестр Марчакка таянып билдирди. Ушул күнү эртең менен Польшанын баш калаасында солчул транс активист Малгожата (Михаил) Шутовицтин соттолушуна каршы акция уюштурулган. Шутовиц «Жашоого укук» консервативдүү фондунун мүчөсүнө «зыян келтирген, автоунаасын бузган» деген айыптын негизинде эки айга камалган. Читать дальше...

Беларуста президенттик шайлоо күнү Интернет чектелүүдө

Azattyk.org 

Беларуста президенттик шайлоо күнү Интернет начар иштеп жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары кабарлап жатышат. «Настоящее время» телеканалынын Минскидеги кабарчысы мобилдик Интернет иштебей жаткандыктан редакция менен телефон аркылуу байланышкан. Телеканал Беларустагы бир нече эксперттер менен байланыша алган жок. «Onliner» басылмасы көптөгөн VPN-сервистер иштебей калганын, айрым дүкөндөр «терминалдарда техникалык маселе жаралышы ыктымал» деген эскертүү таратканын билдирди. Беларустагы «Медиазона» сайты «ByFly»... Читать дальше...

Новости России
Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Милициянын полковниги Жаныш Азизов пневмониядан кайтыш болду

Azattyk.org 

Милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизов 8-августта эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жаныш Азизов өз өмүрүн милиция кызматына арнаган татыктуу офицер экени, кызматын абийирдүү аткарып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркы жогору болгону, милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого чоң салым кошкону айтылат. Жаныш Азизов 1954-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Читать дальше...

Штаб: Сырттан келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб 9-августта Кыргызстандын аэропортторуна башка мамлекеттерден кайткан жарандар үчүн өзгөртүлгөн алгоритм тууралуу маалымат берди. Штабдын билдирүүсүндө, вирус өлкө ичинде көбөйүп, сырттан келген жарандардан аныкталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн. Жарандар келгенден кийин алардан ПЧР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Аларга анкета толтурулат, телефондоруна атайын мобилдик тиркеме көчүрүү сунушталып, үйүнө жиберилет. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар 40 миңге чукулдады

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 332 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди. Маалыматка караганда, бир күн ичинде вирус жаңы аныкталгандардын 108и Бишкекте катталды.  Ош облусунда - 47, Баткен облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда – 33, Чүй облусунда – 31, Ош шаарында – 27, Ысык-Көл облусу – 25, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда тогуз учур орун алды. Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март... Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада вирустан сегиз киши кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети сегиз кишинин өмүрүн алды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 9-августта билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда, дагы бири Ош облусунда катталды. Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери өлкөдө андан кайтыш болгондор 1468ге жетти. Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет жугузуп алгандар 39919га жетти. Анын 31 822си айыкты. (NT)

Ливанда миңдеген киши порттогу жарылууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды

Azattyk.org 

Ливандын борбору Бейрутта миңдеген киши катышкан демонстрация 8-августта көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен таратылды.  Демонстранттар Бейруттун портундагы катуу жарылууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты. Аларды кууп-таратуу учурунда 100гө жакын киши жаракат алып, дагы 22 киши ооруканага түштү.    Шаар кырсык зонасы деп жарыяланды, ооруканалар толуп калганы кабарланды. Ливан бийлигинин маалыматына караганда, калыбына келтирүү иштерине миллиарддаган доллар керектелет.  4-августтун... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде






Названа продукция столичного производства для активного отдыха в праздники

Жизнь по средствам: почему пора перестать на всем экономить

Стало известно, что маму Иды Галич экстренно госпитализировали

«Родиной не торгуем»: МИД России исключил обмен новых регионов на замороженные российские активы