Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 16.08.2020

БАЭ менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады

Azattyk.org 

16-августта Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады. "Associated Press" агенттиги муну эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака башталганын күбөлөгөн жаңылык катары мүнөздөдү.  Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинен Израилге телефон чалуу мүмкүн эмес эле. "Байланыш жок" деген автожооп гана араб жана англис тилдеринде жаңырып турчу. Жарандар интернет аркылуу байланышууга аракет кылса да, бийлик көп учурда мындай жолдорго бөгөт коюп келген.  13-августта... Читать дальше...

Путин Лукашенкого жардам көрсөтө аларын айтты

Azattyk.org 

Эгер зарылчылык болсо, Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Беларуска жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин беларус президенти Александр Лукашенко менен 16-августтагы телефондун сүйлөшүүсүндө айтканын Кремлдин расмий сайтты кабарлады. Расмий пресс-релизде Беларуска сырттан басым көрсөтүлүп жатканы белгиленгени менен алар кимдер экени так айтылган эмес.  Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар башталгандан бери эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөр жандана түштү. Читать дальше...

Дүйнөдө бир күндө 294 миң кишиден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Ишемби күнү дүйнө жүзүндө 294 237 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку сан экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.  16-августта коронавирустун тастыкталган учурларынын саны 21,5 миллионго чукулдады. COVID-19 илдетинен кайтыш болгондордун саны 771 миңден ашты. Илдеттен каза болгондордун жарымына чукулу АКШга, Бразилияга, Мексикага жана Индияга туура келет.  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүнүн расмий органдары берген маалыматты гана эсепке алат. Читать дальше...

Казак медиа каражаттары Айсултан Назарбаев каза болгонун жазышууда

Azattyk.org 

Казакстандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев кайтыш болгонун жазып жатышат. Айсултандын жүрөгү токтоп каза болгонун Zakon.kz сайтыкабарлады. Аталган сайттын жаңылыгын бир катар жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары (ЖМК) басып чыгышты. "КазТАГ" агенттиги өз булактарына таянып, маркум 17-августта жерге берилерин маалымдады. Айсултан Назарбаевдин каза болгону тууралуу маалымат социалдык тармактарга желдей тарап, түрдүү талкууларды жаратууда. Читать дальше...

Беларуста “Эркиндик үчүн!” маршы өтүп жатат

Azattyk.org 

Беларустун бир катар шаарларында президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы “Эркиндик үчүн!” маршы өтүп жатат. Баш калаа Минскиде миңдеген демонстранттар Эгемендик проспектисинде жүрүшкө чыгышты. Алар “Жаша, Беларус!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.  “Азаттыктын” беларус кызматынын маалыматы боюнча, өлкө батышындагы Гродно шаарында маршка 10 миңдей катышууда. Ушундай эле акциялар Брест сыяктуу бир нече шаарда өтүп жатат.  Жекшемби күнү Эгемендик аянтында президент Александр Лукашенкону колдогон акция да уюштурулду. Читать дальше...

Орусиядан дагы 400дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди

Azattyk.org 

16-августта «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик учагы Москва – Бишкек каттамы менен 406 кыргызстандыкты, анын ичинде 26 баланы Бишкекке алып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Соңку үч күндүн ичинде «Урал авиалиниялары» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург жана башка шаарларынан миңден ашык жаранды Бишкекке жана Ошко алып келишкен. ТИМдин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка... Читать дальше...

Шайлоо-2020: «Чоң Казат» партиясы курултайда лидерин алмаштырды

Azattyk.org 

Парламенттик жарышка аттанып жаткан «Чоң Казат» партиясы 16-августта Бишкекте курултай өткөрүп, төрагасын алмаштырды. Расмий түрдө лидер катары катталган Турат Акимов жыйында жаңы лидер катары Максат Мамыткановду сунуш кылды. Делегаттар аны бир добуштан колдоду. Бул маалыматты «Азаттыкка» партиянын мүчөсү Асхат Осмонов ырастады. Партия жыйынын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу да түз көрсөттү. Курултайга ар кайсы аймактардан чогулган партиянын элүүдөн ашык делегаты катышты. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери көз салды. Читать дальше...

«Сокулук» коркунучтуу вирустардын тизмесинде

Azattyk.org 

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев биомедицинанын артыкчылыгы, 40 жыл мурун Кыргызстанда табылган «Сокулук» вирусу тууралуу айтып берди.



Президент коргоого муктаж эместигин айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта «Биринчи радиодогу» кезектеги маегинде Кыргызстанда мамлекет башчыга сын айткандан кийин суракка чакырылган блогерлер жана жарандык активисттер тууралуу оюн айтты.

Министрлик: COVID-19 вирусунун экинчи толкуну Кыргызстанда ноябрга туш келиши мүмкүн

Azattyk.org 

16-августта өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан июль айында COVID-19 вирусунун жапырт жайылышын кыйынчылык менен тосконун белгилеп, кийинки толкун күздүн соңку айларына туш келиши мүмкүн экенин билдирди. “Июль айында эң чоң көрсөткүч болду. Бардыгыбыз кыйналдык. Биринчиден, анда эң оор абалда келгендер көбөйдү. Экинчиден, мындай толкунга биз даяр эмес элек. Карантин убагында бардыгы санитардык-эпидемиологиялык режимдерди сактап турган эле. Читать дальше...

АКШ президентинин иниси Роберт Трамп каза болду

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп иниси Роберт каза болгонун кабарлады. Ал 71 жашка чыккан эле. Мурдараак Роберт Трамп оор абалда Нью-Йорктогу бейтапканага жаткырылганы маалымдалган. 14-августта президент андан кабар алып, абалын сурап чыккан. Анын өлүмүнүн себеби айтылган жок. “Менин сонун иним Роберт бүгүн дүйнөдөн кайтканын жүрөгүм өйүп кабарлап жатам. Ал менин бир тууганым эле эмес, ал мыкты досум да болчу. Анын жоктугу мага дайым сезилип турат, бирок биз дагы жолугушабыз”,-деп айтылат Ак үйдүн... Читать дальше...

17-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 18-19-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн. 17-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош... Читать дальше...

Орусиялык дарыгерлер үч аптада төрт миңдей кыргызстандыкты кароого жетишти

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга жардамга келген орусиялык дарыгерлер үч апталык иш мөөнөтүндө жети облустагы 31 медициналык мекемеде иштөөгө жетишти. Бул тууралуу 16-августта Кыргызстандын өкмөт үйүндө өткөн брифингде орусиялык медициналык топтун биринин жетекчиси, Орусия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди. “Биздин дарыгерлер кыргыз медиктери менен чогуу кызыл зоналарда болушту. Алар бейтаптарды дарылоо менен алектеништи. Читать дальше...

Бир суткада 500дөн ашык кыргызстандык Орусиядан мекенине кайтты

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги 15-16-августтагы чартердик жаңы үч каттам менен Кыргызстандын дагы 559 жараны Орусиядан мекенине кайтканын билдирди. Анда айтылгандай, «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясы 163 кыргызстандыкты Санкт-Петербургдан, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы 163 кыргызстандыкты Екатеринбургдан Ошко жеткиришти. «Урал авиалиниялары» 233 жүргүнчүнү Бишкекке алып келди. Ушул эле эки компаниянын учактары 14-15-августтарда да башка каттамдар Бишкекке жана Ошко конгон. Аларда жалпысы 600дөн ашык мигрант келген болчу. Читать дальше...

Министрлик: Орусияда өндүрүлгөн коронавируска каршы вакцинаны сатып алуу планы бар

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусияда чыгарыла баштаган COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу 16-августта өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Ал вакцинанын пайдасы ырасталары менен министрлик расмий каналдар аркылуу Орусиядагы кесиптештери менен байланышка чыкмакчы. Орусия коронавируска каршы каршы вакцина өндүрүшүн баштаганын 15-августта «РИА Новости» агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жазган. Читать дальше...

АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстанды журналист Абдуллаевди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевди камактан бошотууга чакырды. Мамдепартаменттин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросу өз билдирмесинде, расмий Бишкек менен Ташкентке, сөз эркиндиги жана каттоо эркиндиги адам эркиндиктеринин пайдубалы экенин эске салат. “Биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкмөттөрүн өзүнүн милдеттерин аткарууга жана мурдараак Бишкекте кармалган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин... Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада вирусту 211 адам жугузду, эки адам каза болду

Azattyk.org 

COVID-19 вирусунун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 211 адам жугузганы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб кабарлады. Анда айтылгандай, жаңы жугузгандардын 47си Ысык-Көл облусунда, 46сы Бишкек шаарында, 27си Жалал-Абад облусунда, 26сы Ош облусунда катталды. Баткенде 22, Чүйдө 19, Ош шаарында 14, Таласта 7, Нарында 3. COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду. Бирөө Бишкекте, экинчиси Нарында. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Жарандык коргонуу комиссиясы партиялардын курултайларына 100 адамдык чек койду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссия борбор калаада партиялардын курултайларын өткөрүүгө уруксат берилгенин дагы бир жолу ырастап, бир нече санитардык эрежелерди сактоо талабын койду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Анда айтылгандай, партиялар курултайларына 100дөн ашык адам чакырбашы керек. Иш-чара өткөн имаратта санитардык-эпидемиологиялык шарттар түзүлүшү керек. Анын ичинде кире бериште, адамдын температурасын текшере турган фильтр, колду жууй турган антисептиктер коюлушу кажет. Читать дальше...

AP агенттиги Беларуста каза болгон демонстрантка ок тийген учурдагы кадрларды жарыялады

Azattyk.org 

"Associated Press" (AP) агенттиги Минск шаарында 10-август күнкү каршылык акциясынын катышуучусу каза болгон учурда тартылган видеону жарыялады. Бул трагедиянын айрым кадрлары мурдараак интернетке чыккан эле. Ишембиде жакын аралыктан тартылган жаңы сүрөт коюлган. Аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “күндүн сүрөтү” деп аташкан. Сүрөттө фотограф Александр Тарайковскийди алды жагынан тартканы көрүнөт. Алардын ортосунда атайын кызматтын бир нече аскерлери турганын көрүүгө болот.  Мындан сырткары... Читать дальше...

БШК партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылык колдоого байланыштуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясый партиялардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча мыйзамдардагы ченемдердин талаптары жөнүндө өз сайтында (shailoo.gov.kg) түшүндүрмө жарыялады. Мекеме “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которуларын белгилейт. Читать дальше...

Ошто киши өлтүрүүгө шек саналган адам кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында Ош облусунун Кара-Суу районунун 26 жаштагы (Б. уулу А.) тургуну бычак менен киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, 11-августка караган түнү милицияга көп кабаттуу үйдүн тургунунан белгисиз адамдар бычак сайып кеткени тууралуу телефон аркылуу кабар түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 40 жаштагы Кыялбек Жалилов аттуу тургун денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугун аныктаган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде






Блогер Тамаев попал в аварию в Москве

Синоптики спрогнозировали облачную погоду в Москве 28 апреля

Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП около Москва-Сити

Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП в районе "Москва-Сити"