Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 25.08.2020

АКШда атаандаштар расмий анык болду

Azattyk.org 

АКШда Республикалык партиянын төрт күндүк жыйыны уланууда. 24-августта учурдагы өлкө башчы Дональд Трамптын талапкерлиги расмий көрсөтүлдү. Анын шайлоодогу башкы атаандашы - демократтардын өкүлү, мурдагы вице-президент Жо Байден.

Турникте тулкусун ойноткон чеберлер

Azattyk.org 

Бишкекте «Workout Open Fest - 2020» деген аталышта көчө гимнастикасы боюнча мелдеш өттү. Бул баш калаада карантин чаралары жумшартылгандан кийинки ачык асман алдында өткөн алгачкы мелдештердин бири.

БШК менен "Кыргызстан" партиясынын талашынын себеби

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Муну менен БШК жумушчу топтун 25-августта берген чечимин колдоп, саясий жарышка катышуудан четтетти. "Кыргызстан" партиясы бул чечимди негизсиз деп атап, сотко кайрылганы жатат. Бул окуя саясий кампаниянын жүрүшүнө кандай таасирин тийгизет? Бул суроо "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууланды. Көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев... Читать дальше...

Вирустан айыгуу узакка созулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Коронавирус жугуп, ооруп айыккандардын арасында өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, көп убакытка чейин айыга албай жаткандар катталууда.

Бир айда беш чий соккон Калила апа

Azattyk.org 

Чий согуп, кийиз жасаган 91 жаштагы Калила апа Нарындын Өрнөк айылынан. Бала кезинен кол өнөрчүлүккө жакын апа ушул жашка чейин далай боз үйдүн жасалгасын шөкөттөп берген. Токсондон ашкан байбиче кийинки муун өкүлдөрүн узчулукка кызыктырууга аракет жасаганы менен жаштар арасында бул өнөрдү мындан ары улантып кетүүнү каалагандар аз экенине капа.

Ыраакы аралдагы кыргыз "Мурасы"

Azattyk.org 

Сахалиндик кыргыздардын универсалдуу борбору. Шарты оор Чүйдөгү "Тез жардамы". Жабык чек арада кыйналган нарындык балчылар. Ички туризмге багыт алган баткендик элеттиктер.



Эки доордун эр жүрөк каарманы

Azattyk.org 

Кыргыздын ичинен чыккан таланттуу колбашчы Сулайман Күчүковдун Биринчи дүйнөлүк согуш жана жарандык согуш маалындагы эрдиктери жана айырмалуу тагдыры тууралуу тарыхчы, доцент Таалайбек Жаркынбаевдин блогу.

Исаев: "Кыргызстан" документти өз убагында берген

Azattyk.org 

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документ тапшырууга байланышкан чыр тууралуу маалымат берди.

«Бала тынч үйдө окушу керек»

Azattyk.org 

Жаңы окуу жылында 1-класстан башка окуучулар аралыктан билим алууну улантат. Адистер аралыктан билим алуу ата-энени жана баланы стресс кыларын айтып келишет. Канткенде бала менен тил табышып, анын окуусун жакшыртса болот? Кандайдыр бир психологиялык көндүмдөр, ыкмалар барбы? Ушул жана башка суроолорго USAID жана "Агахан" фонду каржылаган "Жергиликтүү өзгөрүү" долбоорунун психологу Нуриза Батырбекова жооп берет.

Пандемияда адам укуктары одоно бузулду

Azattyk.org 

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы пандемия убагында өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Уюм коронавирустан кийинки кризисти чечүүнүн жолдорун бийликке сунуш кылды.

БШК «Кыргызстандын» документтерин артка кайтарды

Azattyk.org 

Мындай чечим 25-августта жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунушу каралгандан кийин кабыл алынды. Жыйында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) тастыктама берилбегени айтылды. Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев чечимге макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди. 24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Читать дальше...

«Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты

Azattyk.org 

25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты. Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү. Камерадан алынган видеодогу убакытка... Читать дальше...

“Кыргызстан” партиясынын тагдыры талашта

Azattyk.org 

25-августка оогон түнү Борбордук шайлоо комиссиясында чуу чыкты. “Кыргызстан” партиясы талапкерлеринин тизмесин жана документтерин убагында тапшырдыбы деген маселе талаш жаратты. Азырынча бул маселеге чекит коюла элек.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде






Житель Мытищ получил 9 лет и 10 месяцев колонии за убийство родной сестры

Собственники аварийных помещений в Подмосковье подали свыше 1,8 тысячи заявок на сертификаты

Как в Туле будет организовано движение на Пасху

Ещё один гражданин Таджикистана. Суд арестовал 12-го фигуранта дела о теракте в «Крокусе»