Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Жээнбеков тааныш-билиш менен кызматка орношууну жое турганын айтты

0
Жээнбеков тааныш-билиш менен кызматка орношууну жое турганын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтан баштап кадр тандоо боюнча жаңы система ишке кирерин билдирди. Жээнбеков "Биринчи радиого” курган маегинде мамлекеттик кызматка кадр тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга аракет башталганын белгиледи.

“1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти”, - деди президент.

2019-жылдын башында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кадрларды каттоого алуунун автоматташтырылган e-kyzmat маалыматтык системасы түзүлгөнүн жарыя кылган. Мамлекеттик кадр кызматы бул системаны "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен чогуу иштеп чыккан.

e-kyzmat электрондук системасы учурда 43 мамлекеттик органга жана Бишкек шаарынын мэриясына орнотулган. Ага ошол кезде 12 миң кызматкер катталганы айтылган.

Бул электрондук система персоналды башкарууга, сынак жарыялоого, кызматкерлердин ишине баа берүүгө жана аларды квалификациясын жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик кызматкерлер эми онлайн режимде бош кызмат орундарына талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк алат.

Адистер көп учурда парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар өкмөттөгү “майлуу-сүттүү” орундарга партиялаштарын орноштурарын айтып келишет. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы






Сойдет ли на Латвию Благодатный огонь?

Сотрудники МЧС ликвидировали пожар на складе и в автосервисе в Москве

В Москве обвиняемого в попытке дать взятку сотруднику ДПС отправили под арест

Тульский "Арсенал" в Москве сыграется с "Родиной" 4 мая