Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Арслан Капай уулунун Үркүн тууралуу "Мисмилдирик" романы түркчө басылып чыкты

0
Арслан Капай уулунун Үркүн тууралуу

Кыргыз тарыхчысы, жазуучу Арслан Капай уулунун "Мисмилдирик" (“Беделдеги каргыш”) романынын түрк тилине котормосу өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Чыгарманы түркиялык окумуштуу жана котормочу Огуз Алпарслан Чатал "Bedel Geçidindeki Lanet" деген аталыш менен которуп чыкканы быйыл январь айында маалымдалган.

Чыгарманын автору, журналист жана публицист Арслан Капай уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, китеп Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгү" басмаканасында басылып чыкты:

“Китепти алгандар арбыган сайын улам артынан чыгарыла берерин айтышты. Үркүн биздин улут катары калыптанышыбызга да, улут мүчөлөрүнүн адам катары калыптанышына да таасир эткен үлкөн тема. 1916-жылкы трагедия бир чакан уруунун мисалында көрсөтүлөт. Бир уруу журттан жалгыз аман калган Мукай Камбаров кийин репрессияга кабылып, атууга кетер алдында башынан өткөн Үркүн окуяларын, ошол кезеңге оро-пара өткөн башка окуяларын эстейт".

“Мисмилдирик" чыгармасында кыргыздардын Үркүн убагындагы маданияты, тили, колдонгон буюм-теримдери, салт-санаалары, көргөн кордугу, эзүүгө каршы чыкканда кабылган зомбулук тууралуу жазылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур тектүү далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин токтому менен август айынын биринчи жума күнү Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

2017-жылы "Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (MSd)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






Всероссийский фестиваль прогремит в Петрозаводске

В кабину самолета над Самарой светили лазерным лучом

Слушания по изменениям в устав муниципалитета прошли в Балашихе

Три автомобиля столкнулись в центре Белгорода, пострадали восемь человек