Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

«Сапаттын» окуучулары химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту

0
«Сапаттын» окуучулары химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучулары химия сабагы боюнча ICHO (International Chemistry Olympiad 2020) эл аралык онлайн олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти. 

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Камил Мамбетов коло, Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев атындагы лицейдин окуучулары Камил Кубанычбек күмүш жана Нурсултан Соодонбеков коло медалга татышты. 

Караколдогу лицейдин окуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Чортеков 5-августта «Азаттыкка» билдиргендей, олимпиаданын жеңүүчүсү болгон окуучулар буга чейин бир катар акыл таймаштарына катышып келишкен. 

«Бул балдар бизге 7-класстан келген, - деп түшүндүрдү ал. - Тесттен өтүп, 50% жана 75% жеңилдик менен төлөп окуу укугуна ээ болушкан. Облустук, республикалык олимпиадаларга, кийин Францияда жана Венгрияда өткөн эл аралык таймаштарга катышып келишкен. Жакында Санкт-Петербург шаары онлайн уюштурган Менделеев олимпиадасынан Нурсултан Соодонбеков күмүш медаль, ал эми Кубанычбек Камил коло медаль алган». 

Быйыл июль айынын соңунда 52-жолу уюштурулган ICHO олимпиадасында беш саат ичинде теориялык тогуз маселени чыгаруу тууралуу тапшырма берилген. Эл аралык калыстар тобунун курамына ар бир катышуучу өлкөдөн экиден мугалим кирди. 

«International Chemistry Olympiad» олимпиадасы химияны негизги сабак катары тандап алган окуучулар үчүн эң жогорку сынак болуп эсептелет жана анда байгелүү орунду ээлөө дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүүгө жол ачат. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






Терапевт Асанов перечислил полезный для здоровья фастфуд

Курсант из Владивостока растрогал любимую девушку во время праздничного шествия

Безответная любовь и 25 лет счастливого брака актёра Сергея Юшкевича

Племя Гунны: рэпер из США в меланхолии, наш Баста — в музлитературе