Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты жанданат

0
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты жанданат

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат. Бул тууралуу Кыргыз премьер-лигасынын басма сөз катчысы Нурсултан Нурболот уулу «Азаттыкка» билдирди: 

«4-августа, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган болуп Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди. Кыргыз футболдук бирикмесинин чечимине ылайык мелдеш эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтөт». 

7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында «Алай» менен «Абдыш-Ата», «Илбирс» менен «Кара-Балта» командалары беттешет.

Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Турнирди «Кыргыз Спорт ТВ» каналы түз алып көрсөтөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты.

Кыргыз премьер-лигасынын 1-турдан кийинки турнирдик таблицасы. 16-март, 2020-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасында сегиз клуб ойнойт. Алар - «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары.

Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу 20-июнда Кыргыз премьер-лигасынан чыкканын жарыялаган. (GT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме






Московские спасатели помогли коту выбраться из щели под лавочкой

"Спартак" обыграл "Краснодар" в матче РПЛ

Из дома страшно выйти. Соцсети про пожар на складе в Наро-Фоминске

История становления триколора флагом России