Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Өкмөт парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады

0
Өкмөт парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата даярдык толугу менен жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн өткөргөн жыйынга укук тартибин коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин,  Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери да катышып, шайлоого даярдык тууралуу маалымат беришти.

Шайлоо комиссияларын уюштуруу жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча республикалык штаб түзүлгөнү, аны вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектей турганы белгилүү болду.

Шайлоо күнү добуш берүүгө келген ар бир шайлоочунун дене табы өлчөнүп, аларга жеке коргонуу каражаттары таркатылары, шайлоо бекеттеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылып турары айтылды.

Боронов: «Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо бекеттеринде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, адамдарга вирустун жугушун алдын алуу зарыл. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», - деди.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтышкан. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айткан.

Соңку маалыматка караганда, жалпысынан 2464 шайлоо участогу бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. Шайлоочулардын баштапкы тизмесине (24-июлга карата) үч млн. 428 миң 873 адам кирди.  (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?






Знаменитости, которые служили и не служили в армии

15-летняя москвичка разбилась при падении с высоты 11 этажа во время фотосессии

«Разговоры о важном»: как пройдет урок русского языка 12 мая

«СССР распался? Ужас!». Как любит Россию страна, где о нас ничего не знают