Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Коронавирусту дарылоо протоколунун төртүнчү варианты даярдалууда

0
Коронавирусту дарылоо протоколунун төртүнчү варианты даярдалууда

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо клиникалык протоколдун негизинде жүргүзүлүп жатканын 6-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси, инфекционист Айнура Кутманова билдирди. 

Анын маалыматына караганда, ушу тапта протоколдун төртүнчү варианты даярдалып жатат. Протоколду эксперттер түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Ал Москва жана Уфадан келген дарыгерлер менен да талкууланган.

«Протоколго бир да эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын натыйжалуулугу далилденген жок. Негизинен протоколдун төртүнчү вариантында дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», - деди Кутманова.

Өлкөдө пандемия күч алган июль айында COVID-19 дарылоо боюнча расмий протоколго карата коомчулукта көп сын-пикир айтылды. Документ март айынан бери үч ирет өзгөрдү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти.  Вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү, айыккандардын жалпы саны 30 099 болду. 

Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






В выходные около музея на Поклонной горе работало более 70 интерактивных площадок

Звезды российской эстрады поздравили молодоженов на Выставке “Россия”

С 13 мая изменится режим работы «Звездной». Там будут ремонтировать эскалатор

Терапевт Асанов: салаты и роллы с курицей - полезный выбор в фастфуде