Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан кетти
Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин кызматтан кеткенин мекеменин басма сөз кызматы 8-августта ырастады.
Маалыматка караганда, Жылкыбаевдин кызматтан кетиши анын алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен байланыштуу.
Өкүлчүлүк Узарбек Жылкыбаевдин кайрылуусун да жарыялады. Анда ал мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көргөндүктөн, кызматтан кетүүнү чечкенин айткан.
Ушул эле күнү өкмөт премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен Жылкыбаев кызматынан бошотулганын маалымдады.
Узарбек Жылкыбаев 2016-жылдын октябрында КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон. 2017-жылдын мартында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы, 2018-жылдын июлунда Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. (NT)