Салык кызматынын өкүлү Майрамбек Молдобеков пневмониядан каза болду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Майрамбек Молдобеков 7-августта өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
52 жаштагы Молдобеков 2019-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгын жетектеп келе жаткан. Ал 1968-жылы Талас облусунда туулган.
Мамлекеттик салык кызматы коронавирустун кесепетинен июнь-июль айларында жети кызматкеринен айрылганын 30-июлда маалымдаган. Майрамбек Молдобековду кошкондо алардын саны сегиз болду.
Журналисттердин эсебинде, мурда Мамлекеттик салык кызматында иштеген алты кызматкер да коронавирустан каза тапкан. (NT)