COVID-19: Бир суткада вирустан сегиз киши кайтыш болду
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети сегиз кишинин өмүрүн алды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 9-августта билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда, дагы бири Ош облусунда катталды.
Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери өлкөдө андан кайтыш болгондор 1468ге жетти.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет жугузуп алгандар 39919га жетти. Анын 31 822си айыкты. (NT)