Ливанда миңдеген киши порттогу жарылууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды
Ливандын борбору Бейрутта миңдеген киши катышкан демонстрация 8-августта көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен таратылды.
Демонстранттар Бейруттун портундагы катуу жарылууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты. Аларды кууп-таратуу учурунда 100гө жакын киши жаракат алып, дагы 22 киши ооруканага түштү.
Шаар кырсык зонасы деп жарыяланды, ооруканалар толуп калганы кабарланды. Ливан бийлигинин маалыматына караганда, калыбына келтирүү иштерине миллиарддаган доллар керектелет.
4-августтун кечинде Бейруттун портунда кош жарылуу болгон. Алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден конфискациялап алган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени ачыкка чыккан. Ливандын тергөө кызматы жарылууга шалаакылык себеп болгонун билдирүүдө. Ошол күнү жүккө жакын жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Жарылуунун эпкини порттун бир бөлүгүн жана шаардагы турак жайларды талкалап кетти.
Негизи Ливанда бир жылдай убакыттан бери экономиканын начарлашына, валютанын кунсуз болуп кетишине, саясий кризиске карата нааразылык акциялары уланып келет. Коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чаралары өлкөнүн экономикасына ого бетер сокку уруп, Ливан дефолт босогосуна кептелди.